Акыркы жылдарда алтыгана маселеси Айыл чарба министрлигинин башын ооруткан маселеге айланды. Неге дегенде, аталган бадал өсүмдүгү Суусамырга окшогон керемет жайлоолорубузду рактын клеткасына окшоп каптап, жыл өткөн сайын аянты көбөйүп баратат. Былтыр Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Суусамыр жайлоосунун көп бөлүгүн алтыгана басып калганы айтылган. Быйыл бул маселе өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүп, алтыгана басып кеткен жерлерде табигый тоют чөптөрү өспөй, жоголуп баратканы, алтыгана бадалына каршы план ченемдүү чараларды көрүү керектиги туурасында сөз болду.
А окумуштуулардын пикири бир аз башкача. Алар алтыгананы жок кылуу боюнча Айыл чарба министрлиги сунуш кылган ыкмага каршы. Алтыгананын тамыры жер кыртышын кармап тургандыктан, аны таптакыр эле жок кылып салуу экологиялык көйгөй жарата турганын айтышат. Бир эсе алардын айткандары да туура. Алтыгана тамыры бир метр тереңге кеткен бадал өсүмдүгү. Аска-зоолордогу жер кыртышынын, таштардын көчүп кетпөөсүнөн сактайт.
Бул маселенин бир жагы гана. Алтыгана арасында Кызыл китепке кирген Литвинов чегендеси жана төрт жалбырактуу мандалак, жунгар уу коргошуну, Карелин шилбиси, жука жалбырактуу жер буурчак, каз таман, өлөң, илий бүтөөсү, сасык куурай өсөт. Мындан башка да толгон-токой өсүмдүктөр бар. Канаттуулардын түр-түрлөрү уялап, коен, кашкулак сыяктуу жан-жаныбарлар, жылан, кескелдирик баштаган сойлоп жүрүүчүлөр, курт-кумурскалар кездешет.
Демек, алтыгана Суусамыр, Сырт, Соң-Көлгө окшогон жердин бермети болгон жайлоолорубуздун көркүн бузуп, жайытын тарыткан бадал өсүмдүк экени талашсыз болсо да, аны жок кылууда комплекстүү түрдө карай турган маселелер көп. Бул өңүттөн алганда, окумуштуулардын позициясын түшүнсө болот.
Суусамырда 472 миң гектар жайыт аянты болсо, анын тегиз жерлеринин баарын алтыгана каптап, жылдан жылга аянты көбөйүп баратса, буга каршы кескин чаралар көрүлүшү керектиги, албетте мында алтыгананы жоготуудан келип чыгуучу экологиялык маселе да көңүл борборунда турушу керектиги мыйзам ченемдүү маселе.
Өткөнгө кайрылсак, Суусамыр жайлоосундагы алтыгана маселеси союз мезгилинде деле боло келген. Ал убакта алтыгананы жок кылуу боюнча пландуу иш-чаралар кабыл алынып, алтыганаларга карата химиялык дары-дармектер колдонулчу. Ошону менен бирге тракторго чиркелген чөп чапкычтар менен чабылчу.
Кыргызстан эгемендик алгандан кийин алтыгана маселесине көңүл бурган мамлекеттик мекеме жок болуп, мунун натыйжасында алтыгана баскан аянттар көбөйүп кеткени ошондон. Эгер учурунда союз убагындагыдай, алтыгана бадалынын жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана жок кылуу боюнча пландуу иш-чаралар алып барылганда эле анын аянты азыркыдай көбөймөк эмес.
Жайыттар ассоциациясынын өкүлдөрү “Жаратылышта кереги жок өсүмдүк же жаныбар болбосо керек. Арийне, алтыганалардын жайылып өсүшү менен жайыттарыбыз тарып баратканы өтө өкүнүчтүү. Бул малчыларга маселе жаратып жатат. Бул бир. Экинчиден, өзүңүздөр билгендей, кийинки жылдарда Суусамыр, Соң-Көл, Сырт жайлоолоруна туристтер эң көп келип, эс алып, Кыргызстанга суктанып бүтпөй жатышат. Демек, биз Суусамыр, Соң-Көл, Сыртты жайыт катары сактап калгандан тышкары, жайлоолорубуздагы керемет сулуулукту сактап калгыбыз келсе, анда алтыгана каптаган аянттарды азайтуунун план ченемдүү иш чараларын кабыл алышыбыз керек” дешет.
Ошентип, Кыргызстандын керемет жайлоолорун, алтыганадан арылтуу маселеси күн тартибинде турат. Окумуштууларыбыз алтыгананы жок кылуу экологиялык көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал деп чочулаган менен, алтыгана отоо чөптөй эле жайлоолор үчүн анчейин зарыл эмес өсүмдүк экенин да айтып коюуга тийишпиз. Анүстүнө алтыгана бадалдары жайлоолордогу тегиз жерлерди каптап кеткен.
Андыктан, Айыл чарба министрлиги бул ишти Улуттук Илимдер Академиясы менен бирдикте иш алпарып, чогуу-чаран тез арада чара көрбөсө, жайлоонун көркүн ачкан бетеге баштаган көп жылдык өсүмдүктөрдөн айрылып калышыбыз ыктымал.
Дегеле, алтыгана маселеси Суусамыр, Сырт, Соң-Көл сыяктуу жайлоолорго тиешелүү маселе эмес. Бишкектин жака белиндеги тоолорду эле караңызчы. Тикендүү бадалдар тоонун боорун басып кеткендиктен, тоого чыга албайсың, алыстан эле тоого суктанып карабасаң, жакын жанына барганда, тоону тикен басып кеткенин көрүп, тоону да, ошол тегеректе жашаган элди да, алтынчы, базар күндөрү тоого чыгып келели деп барган элди да аяйсың.
Кыргызстан – тоолордун өлкөсү. Арийне, ошол тоолорубузду алтыганага бастырбай, көздүн карегиндей сактасак кандай жакшы болоор эле.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”