Четверг, 26 декабря, 2024
2.1 C
Бишкек

Алкоого алынган ишкана

Жетекчи тууралуу

Макамбаев Орозбек Мураталиевич – 1967-жылы 20-январда Ноокен районундагы Масы айыл өкмөтүнө караштуу Богот айылында туулган. 1983-жылы орто мектепти бүтүп, Шамалды-Сайдагы кесиптик окуу жайынын айдоочу, механик курсуна окууга кирген. 1986-жылы окуу жайды аяктап, Ноокен районундагы Москва колхозунда механизатор болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган.

1999-жылы ошол эле Москва колхозунун гаражында механик болуп иштеген. Андан кийинки жылдарда айыл чарба кооперативинде башкы инженер болуп иштеди. 2016-жылдан бери Масы айыл өкмөтүнө караштуу “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору кызматын аркалап келе жатат.

Кайсы аймакта болбосун тазалык ишканасында иштегендердин эмгектери алкоого аларлык. Кыйма-чийме тынымсыз авто жүрүп турган жолдун жээгин таң атпай шыпырып, таштандылардан тазалап жатканын көрүп, аныгында ири шаар болобу, айылдын борбору болобу, жолдун, көчөлөрдүн жаркырап таза болуп турганы дал ушул тазалык ишканасында эмгектенгендердин эмгеги экендигине ынанасың. Биз жашап жаткан шаардын, же айылдардын, деги эле жергебиздин тазалыгы ар бирибизден көз каранды экендигин унутпасак… 

Райондун борбору Масы айылында жайгашкан “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасы Масы айылында жана Д.Садырбаев айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жашаган калкты тейлейт. Ал 2017-жылы түзүлгөн, жаңыдан ачылган кезде болгону төрт кадр эмгектенген. Бүгүнкү күндө ишканада 42 адам эмгектенүүдө. Ишкананын негизги милдети – айылдардагы тазалыкты сактоо, айыл тургундарынын турмуш-тиричилик таштандыларын таштанды таштоочу жайга ташып чыгуу. Ишкана бир нече жылдан бери калкка кызмат көрсөтүп, айылдардын экологиясынын бузулушуна жол бербөө максатында ишмердигин үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат.

Муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасы учурдун талаптарына жооп берет. Бүгүнкү күндө ишкана 11 техника менен калкты тейлейт. Алар: КамАЗ, самосвал, экскаватор, таштанды чыгарган авто (мусоровоз), суу ташыган авто (водовоз) жана башка техникалар. Техникалардын айрымдары долбоорлор аркылуу лизингге алынган.

“Масы Тазалык” муниципалдык ишканасы 2018-жылдан бери Швейцария өлкөсүнүн өкмөтү тарабынан каржыланган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу” долбоорунун алкагында бул өлкө менен кызматташып келет. Кызматташуу-нун натыйжасында ишканада иштеген кызматкерлердин билими, иш тажрыйбасы жогорулаган. Иш кагаздары электрондук форматка өткөрүлүп, тарифтер жана өндүрүш-түк программалар иштелип чыккан.

Долбоор аркылуу 2023-жылы ишканага “Оймо Биллин” сис-темасын киргизүүгө көмөк көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө муниципалдык ишкана тейлеген абоненттердин электрондук базасы түзүлгөн. Базада 3862 кожолук, 13070 киши катталып, жарандарга ар ай сайын төлөмдөр тууралуу маалыматтар контролерлор тарабынан өз убагында таркатылып турат.

Жарандар төлөмдөрүн накталай же онлайн түрүндө төлөй алышат. Ошондой эле кеңседен электрондук базадагы “Оймо Биллин” системасы аркылуу эле төлөмдөр жана карыздар тууралуу маалымат алууга болот. “Оймо Биллин” системасы аркылуу иш жүргүзгөндөн тартып, ишкананын ишмердиги кыйла жогорулаган. Ал эми төлөмдөрдү онлайн түрүндө төгүү жарандар үчүн жеңилдиктерди жаратууда.

2023-жылы “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасынын бюджети 10316000 сомго аткарылып, 2024-жылга 13769600 сомго бекитилип, былтыркыга салыштырмалуу 3453600 сомго жогорулады.

2023-жылы “Масы Тазалык” муниципалдык ишканасы Масы айыл өкмөтү менен биргеликте көрктөндүрүү иштерин жогорку деңгээлде уюштуруп, райондун эс алуу жайларына, айылдарга жана көчөлөргө көчөттөрдү отургузган. Аны менен катар табигый кырсыктарга каршы өзгөчө кырдаалдын кызматкерлерине жардам көрсөтүшүп, каналдарды тазалап, суу жеп кеткен арыктын жээктерин тосууга көмөктөшүп келүүдө.

Мындан сырткары республиканын аймактарынан ишкананын ишмердиги менен таанышуу, тажрыйба алмашуу максатында адистер келишип, алардын катышуусунда семинарлар өткөрүлүп турат. Ишкананын кызматкерлери график боюнча эрте мененки саат 6.00 – 11.00гө чейин жана саат 16.00 – 20.00гө чейин көчөдөгү таштандыларды, көчөлөрдү, арыктарды тазалашат.

Ишкананын эмгек жамааты бир үй-бүлөдөй “бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгарышып, ынтымак-ырашкерликте иштегендиктен жергиликтүү элдин алкоосуна арзууда. Алардын эмгекчилдигинин натыйжасында райондун борборундагы аянт жана көчөлөр ар дайым таза, көрктүү. Мындай жетишкендиктердин аркасында, албетте ишкананын жетекчисинин иш билги уюштуруучулук аракеттери турганын айта кетүү абзел.

Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар