Четверг, 26 декабря, 2024
-11.9 C
Бишкек

Чөп арзан, мал кымбат: А түйшүктүн баасы канча?

Айыл чарбасына, анын ичинде мал чарбачылыгына: дан эгиндеринин, жашылча-жемиштин, тоюттун мол же аз болушуна, азык-түлүк продуктыларынын арзан-кымбаттыгына а-бу деп божомол айтуу кыйын. Бул көп факторлордон көз каранды. Ага аба ырайынан агын сууга, күйүүчү майдын  баасынан, эмгек күчүнө чейин кирет.

Быйыл жазда жаан-чачын көп болгондугуна байланыштуу былтыркыга салыштырмалуу чөптүн түшүмү мол болду. Айрыкча Чүй облусунда. Кеминде биринчи чабыкта бир гектардан 400-500 түк беде жыйнашкан. Мындайда ташка да чөп чыкты деп коюшат. Тоюттун эки эсе көптүгү чөпкө болгон баалардын төмөндөшүнө алып келген. Бир түк таза беде талаадан 180-200 сомдон сатылса, аралаш чөп 160-170 сомго бааланган. Албетте, базардагы баа башка – 250-300 сом. Айрым дыйкандар биринчи чабыкта гектарына 550 түк алышканын айтышат. Бул 2023-жылга салыштырмалуу эки эсе көп дегендик.

Былтыр жыл кургакчыл болуп, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют чөбү жакшы жетилбей калган. Натыйжада, тоют чөптүн биринчи чабыгынан эле чөп кымбат болуп, мал көп кармагандар жандыгынын санын азайтып, арзан сатууга аргасыз болушкан.

Жаан болбосо, чөп көтөрүлбөйт. Жаан болбой, сугат менен чөптү ойдогудай өстүрүп, тоют камдоо абдан эле түйшүктүү. Бул өз кезегинде чыгашага апкелет.

Кыргызстан тоолуу, аба ырайы кескин континенталдуу өлкө болгондуктан, кыш республиканын айрым аймактарында, айталы, Кара-Кужур, Алайкуу, Алайда 6 айга созулса, Ат-Башы, Арпа, Сыртта 7-8 айга чейин созулуп кетет. Таластын кышы жазында деп, өрөөндүн башкы зонасында май айында деле кар жаап коё берет.

Бул тоютту кенен камдап, андан тышкары жем даярдоону талап кылат, ал эми буга көп чыгым керек. Мындай чыгымды баары эле көтөрө албайт. Мейли көтөргөн күндө да тоют камдоого мал кармаган адамдын жандыгынын бир жылдык төлү кетип калышы мүмкүн.

Кышында кышкы жайыттар менен чыгып кетүү кыйын.

Чөптүн баасы өз кезегинде малдын жана мал этинин кымбат же арзандыгын аныктайт. Быйыл жазда чөп арзан болгону менен эттин баасы тескерисинче кымбаттаган. Мал чарбачылыгы боюнча адистер чөп арзан болсо, жем арзан болсо, эттин баасы да ылдыйлайт деген пикирди айтып жүрүшөт.

Малчылыкты кесип кылгандардын пикири башка. Тоют чөптүн түшүмү канчалык көп болбосун, мындан үй мал-жандыгынын баасы арзандабайт деле. Алар “Азыр тоют чөп арзандаганы менен, кайра эле эртеби-кечпи кымбаттап, былтыркы баасына чыгат. Колунда ашыкча акчасы барлар чөп арзан болгондуктан арбын сатып алып, жыйнап жатышат. Кийин кымбаттаганда кайра эле базарга алып чыгып кымбат сатышат. Былтыр ушул маалда бир түк чөп 400 сом болгон. Быйыл күзгө таяп чөп 400 сомго чыкпаса да, кышында кымбаттап кетери бышык. Негизи малды жалаң эле чөп менен бакпайсың. Жем, силос алыш керек, мунун баары эле акча. Мындан тышкары, жардамчынын акысын бересиң. Ветеринарга төлөйсүң. Дарылар да кымбат. Ушунун баарын эсептей келгенде, малдын кирешесине караганда чыгашасы көп болуп да калат” дешет.

Биерде эки маселе бар. Бири – Кыргызстанда тегиз жерлер, сугат баскан түздүктөр чектелүү болгондуктан, тоют маселеси өтө көйгөйлүү. Экинчиден, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кымбат. Айыл чарба техникасы аз. Бул да тоюттун баасына түз жана кыйыр таасирин тийгизет. Бизге салыштырмалуу кошуна өлкөлөрдө тоют эки эсе арзан. Өзбекстан, Россияда түздүктөр көп, мүмкүнчүлүктөрү да жогору. Ал жакта тоют арзан, тоют арзан болгон соң, сүт да арзан, эттин баасы да арзан.

Анын үстүнө бизде асыл тукум мал кармагандар аз. Көп учурда малдын сапатына эмес, санына көп көңүл бурабыз. Айыл жергесинде күнүнө 4-5 литр-ден көп эмес сүт берген уйларды кармап жүргөндөрдү көрүп жүрөбүз. Ал эми суткасына 30-35 литр берген сүт багытындагы уйларды кармагандар аз. Эми өзүңүз деле эсептеп көрсөңүз болот. Күнүнө 4-5 литр берген уйдун 7-8и биригип, асыл тукум бир уй берген сүттү берет. А бакканга келгенде 7-8 уй баккан алда канча түйшүктүү жана бир асыл тукум бакканга караганда 4-5 эсе чыгашалуу болуп жатпайбы.

Эт багытындагы мал-жандыктар тууралуу деле ушуну айтсак болот. Айыл жерлериндеги 4-5 уй биригип, эт багытындагы бир уй берген этти бербейт.

Кийинки жылдарда атайын мал чарбачылыгына адистешкен чарбалар көбөйүп, ал чарбалардын ээлери чет өлкөлөрдөн барып окуп келип, асыл тукум мал чарбаларын түптөп, алгачкы карлыгачтардан болуп жатат десек да болот.

Мал чарбачылыгы түйшүктүү иш. Анын түйшүгүнө чыдаган чыдайт. Мал чарбачылыгынан киреше тапкың келсе, анда ага ошончо көп каражат жумшоо кажет. Асыл тукум мал багып, анын да башы көп болбосо, бир-эки уйду нары-бери айдап, андан киреше таап, жан багам деген болбогон нерсе. Сүтүн ичкенге 2-3 уй кармап, эртели-кеч эрмек кылганга 20-30 майда жандык кармаса болот. Союз тушунда, пландуу экономикада деле ошондой болчу.

Эске салсак, Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдагы маалыматтары боюнча Кыргызстанда 1 млн. 800 миңге чукул бодо мал бар. Кой-эчкинин саны 6 миллиондон, ал эми жылкынын саны жарым миллиондон ашык.

Жыл сайын 346 миң гектар жерден көп жылдык тоют орулуп-жыйналат.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар