“Эркин Тоо” гезити – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө, мамлекет катары ар тараптан чыңдалышына, анын ичинде маданиятынын, элге билим берүүсүнүн, эл чарбасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Башкача айтканда, “Эркин Тоо” жазгандай “он экиден бири жок, уй байлаарга жиби жок”, жаңыдан кас-кас туруп келаткан мамлекетибиздин жол көрсөткөн шамы ушул гезит болгон.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин мамлекеттин алдында эң биринчи – эл чарбасын жөнгө салуу, бул үчүн жер-жерлердеги кошчу уюмдарына, кооперативдерге таянып иш алып баруу маселеси турган. Бул маселени элге жеткирүү милдети “Эркин Тоого” жүктөлгөн. Гезиттин №1 санына (1924-жыл 7-ноябрь) “Кыргыз калкынын кедей-кембагал, батрак кызматчы азаматтарына” аталган баш макалада «Эркин Тоо» гезити өкмөттүн кедей-кембагалдардын турмуш тиричилигин, чарбасын жөндөө жолундагы чыгарган мыйзамдарын Ала Тоонун арасында жаткан айыл-кыштактарга жеткизип туруучу чабарманы. Аларга чарбачылык, кооператив иштери сыяктуу кедейлер үчүн керектүү маселелерди жазып, жол-жобосун үйрөтүп, көргөзүп турууну мойнуна алат” деп жазылат.
“Эркин Тоонун” ушул №1 санына жарыяланган “Эл сарамжалы” аталган макаладан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун калкынын саны, жүргүзгөн чарбачылыгы тууралуу мындай маалыматтарды табасыў:
“Бүткүл облустун жери 195800 чарчы чакырымга туура келип, бир чарчы чакырымда 4 жан турат.
Бардык калкы: 790122 миң киши, мунун 504858и кыргыз, 118170 өзбек, 133123 орус, 1986 тажик, 65 түркмөн, калганы ар түрдүү калктар, (түрк, уйгур, татар, дунган, сарт калмак, кыпчак, казак жана башкалар).
Малдары: (20-жылдагы эсеп боюнча) жылкы –205 миң, кара мал – 316 миң, төө – 20 миң, кой – 921 миң, эчки – 182 миң, доңуз – 36 миң (европалыктар кожолуктарында), эшек – 6 миң.
Аштыктар: сугарылган жерлерде буудай, арпа, сулу болуп 102 миң теше күрүч, апийим 6 миң, жүгөрү, конок 19 миң, пахта 10 миң, беде 19 миң теше. Сугарылган жерлердеги эгиндер – 49 миң теше, сугарылбаган эгиндиктер – 250 миң теше болуп эсептелет.
(Эскертүү: бул сандардын баарысы чамалап (болжолдоп) алынган) делет.
Бул жерлердин байлыгы тоонун эчен түрдүү кендери: алтын, күмүш, темир, жез, асыл таштар, күкүрт жана таш көмүр, керосин майлары. Мунун баарысы биздин келечектеги эң чоң байлыктарыбызды көрсөтөт. Ош үйөзүндө табыла турган радио (???) деген бар. Мунун кымбаттыгында баа жок. Кыргыз тоолорунда эчен түрдүү жемиш жыгачтары, маселен: жаңгак, бул чет элдиктерде өтө баалуу болот. Тоолордон боёк кыла турган, дары жасай турган чоор (???) табылат. Булардын баарысын пайдалана билүүгө киришүүгө убакыт жетти”.
Маалыматтагы “Эскертүүдө” айтылгандай, бул сандар болжолдуу алыныптыр. Ошентсе да, 1924-жылдагы жалпы кыргыз элинин саны, күткөн малынын эсеби, жер байлыктары тууралуу маалымат ала алабыз. Белгилеп кетүүчү жагдай, биз бүгүнкү күндө “ири мүйүздүү мал” деп жазып жүрсөк, “Эркин Тоо” ошондо эле “кара мал” деп туура жазган экен.
“Токтоосуз сарамжалга киришүү керек”
“Эркин Тоонун” №2 (1924, 25-ноябрь) санына жарыяланган “Кыргыз өкүмөтү, жалпы калкы токтоосуз сарамжалга киришүү керек” деп аталган, автору “Катаган” деп лакап атын койгон макалада “эриктүү кыргыз автоном облусу болдук, эми элибиз кандай чарба жүргүзүп, кантип оокат кылышы керек” деген ой айтылган. (Макаланы иштеп чыккан мен – Т.А.).
“Кыргыз калкы өз алдынча бир мамлекет болгонун көрүп олтурабыз. Андай болгондо кыргыз калкынын тарыхынын жаңы бир барагы ачылды. Бул үчүн баарын таштап, бир ынтымакта, белди бекем байлап ишке киришүү керек.
Кыргыз өкмөтү, караламан калк эмне кылабыз? Эң мурун жасай турган жумушубуз кайсы? Кыргыз журтун, өкмөтүн коргоп, эл катарына кошулуу үчүн эң мурун эмне керек? Алды менен ушунун көзүн таап, киришүүбүзгө туура келет.
Журттун журт болуусу үчүн эң биринчи шарт: бул тиричилик, сарамжал. Сарамжалсыз үй, үй болбойт, сарамжалсыз журт, журт болбойт. Ушул себептүү кыргыз журтунун, жалпы кыргыз өкмөтүнүн эң мурун шыр кирише турган маселеси, карала турган калк сарамжалы көп.
Бирок мен бул жерде «тубаса» кыргыздын энчилүү сарамжалын (чарбачылыгын) айтып кетем. Буга азыртан киришүү керек. Ошондо 25-жыл үчүн кыргыз дыйкан эмгекчилери канчалык жер жыртуулары (айдоолору) керек?
Айрыкча Фергана кыргыздары канчалык кебез (пахта) айдашы керек. Бул үчүн азыртан жердин арыгын даярдатып, аны жазгы кара өзөк убакытка калтырбай каздыруу керек.
Эгинди, айрыкча кебезди (пахтаны) жылдагыдан бир нече эсе арттырып айдоого долбоор жасап, үрөн (тукум), соко, унаа аспаптарын камдоо зарыл.
Бул үчүн өкмөт кедейлерди баштагыдай бет алды койбой уюштуруп, артел уюмдары чыгып, өкмөт ушул артел уюмдарына банктар аркылуу кампалардан ар түрдүү дыйканчылык аспаптарын алып берип, ушу баштан камдатуу керек.
Алган акчага ушундай мал арзан кезинде ат, өгүз алып, кыштай байлап, мезгили менен убакыт өткөзбөй кошко кирүү керек.
Дагы төрт түлүк малдын санын арттырып, алардын насилдерин (тукумун) жакшыртуу, алардан алынган жүндү, терини, эт, майды маданияттуу журттар сыяктуу пайдалануу зарыл. Ал эми сүттөн май, сыр быштак) жасап башка журттар сыяктуу пайдалануу буга чейин биздин кыргызда болбогон.
Мына эми ушунун жол-жобосун карап, азыртан пуланын (планын) түзүп, мал алганга акчаны тезинен бөлүп, сарамжал мекемелеринен (банктар) карызга кредит ачып, чарбачыларды уюмдаштырып, жылдын төрт бөлүмүнө (төрт мезгилге) ылайыктуу үрөн олокойлоп (даярдап), өкмөт дагы, калк дагы мыктап кам кылууга тийиш. Буттап берип (центнерлеп), ушу баага кадагын (килин) кайта сатып алууну эстен чыгарбашка керек. (Бул жерде сөз берилген үрөндү өз баасында жана канча берсе ошончо өлчөмдө кайтарып алуу, ал эми пайдасын дыйкандар көрсүн деген мааниде – Т.А.)
“Катагандын” ушул эле макаласында кыргыздын ата кесиби мергенчилик тууралуу да сөз болот.
“Кыргыз жеринде түлкү, суусар, аюу, карышкыр, илбирс жана башка түрдүү жапайы айбандардын көптүгүн эске алып, мергенчи капканчылар уюмун ачуу керек”, – дейт автор.
(Көңүл бура турган жагдай ошол кезде түзүлгөн аңчылык уюмдары биз эс тартып калган 1965-1970-жылдарга чейин уланганын, айылдагы мергенчилердин уюмдарынан улам жакшы билип калдык. Аларга аркар-кулжа, эчки-текенин эттерин, аң терилерин тапшырууга кадимкидей эле план салынчу. Кийин соңу элде мылтык көбөйүп, баары эле мергенчи болуп кеткенде, кайберенди, ошол эле аюу, илбирс жана башка жаныбарларды таптакыр тукум курут кылып жибере жаздап, анан эсибизге келдик окшойт. Кошумчалай кетсем, ошол мергенчилер кайберен семирген кеч күздө гана атыша турган. Азыркыдай жылдын кайсы мезгили болбосун мылтык көтөрө чуркаган жок эле. Ачарчылык, кыйынчылык мезгилде бир айылды баккан мергенчилер болгонун да унутпайлы).
Сөзүбүздү улантсак макалада жыгач иштетүү, жер-жемиштер тууралуу сөз болот. “Жыгачы көп жерлерде жыгаччылар уюмун, артелдерин ачуу. Айрыкча Ферганадагы жаңгак уюлу менен писте (мисте), бадам, төтөнчө тараан (жүгөрү) өстүрүү. Ал эми Таш Көмүрдө жер май (мунай), радыйуу (радиациялуу) кендерди иштетүүчү артел союздарын жакшылап уюштуруу, ал үчүн куралдарын даярлап, зооттордун (заводдордун) жогун салдыруу, буга өкмөт дагы, калк дагы азыртадан киришүү керек”.
Макалада андан ары “бул үчүн түрдүү багыттардагы кооперативдерди ачып, ал аркылуу эмгекчилерди колу сунган жерине жеткирүү кыргыз азаматтарынын мойнундагы милдети” экени айтылат.
“Жайкысын кымыз, кышкысын эт уулап башкаларды аңдыгыча”
Белгилей кетсек, “Эркин Тоо” гезити дээрлик ар бир санында эл өз турмушун өздөрү оңдоп кетүүлөрү үчүн жалкоолукту таштап, белсенип оокат кылыш керек дегендей, элди эмгекке үндөгөн макалаларды жарыялап турган.
Гезиттин №3 санына (10-декабрь, 1924-жыл) “Кошчу чарбасы жөндөлсүн” деген О.Лепес уулунун макаласында чарба сарамжалын күчөтүүгө Кеңеш өкмөтү бардык аракетин жумшап жатканы, өз кезегинде эл дагы чарба жүргүзүү маданиятын жогорулатышы керектиги айтылат.
“Кошчу мүчөлөрү жайкысын кымыз аңдып, кышта эт уулап байларды аңдыгыча, эгин айдап, мал багып таман акы, маңдай тери менен табылганын көрүү керек. Бул үчүн малдарын уюмдаштырып, бир аймак болуп, жайында жайлоого чыгарып, эгинди биргелишип айдап, бир гана эгин эмес бак-дарак тигип, беде айдап, тамды мыктап салып, этияттап иштеши керек. Бирин-серин малдары менен оокатын таштап тоодо жүрсө, чарба эч качан оңолбойт. Эгинин жакшылап айдай албай, бирдеме чийгенсип, жүр нарылап там салгансып, бак-беде башкаларын карабай таштап койсо чарбасы жарыбайт. Орустарды байкап караш керек. Алардан өрнөк алып, оокатына киришүү кедейге парз.
Жайылган малдай болуп жүрө турган убакыт алда качан көмүлүп жок болду. Жалпы жайык кошчу мүчөлөрү өз чарбаларын илгери бастырып, күчөтүп бир жолго салуу керек. Маданият шатысына аяк басып, өнөр-билимге жармашуу үчүн чарба түзүлүү керек. Бир жерге кыштак кестирип, аймакташып, жерге орношууну эстен чыгарбагыла!”.
(Иштеп чыккан – Т.А.).
Темирбек Алымбеков, “Кыргыз Туусу”