Кыргыз адабиятында керемет чыгармалары менен өлбөс-өчпөс из салып кеткен акын, жазуучулар көп. Алардын арасында Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин поэзиясы өзгөчө. “Кыргыз деп келип дүйнөгө, кыргыз деп өткөн” акын быйыл көзү тирүү болгондо 92 жашка чыкмак.
Өзү кыраандай, ырлары ураандай акын
Ырды куюлуштуруп, жатык тил менен жазган акындын чыгармачылык жолу жамакчылыктан башталыптыр. Кара сөздүн балбаны, залкар жазуучу, жердеши Чыңгыз Айтматовдун алгачкы гонорары бир жилик эт болсо, Байдылда Сарногоевдин жамакчылыктан алган биринчи эмгек акысы эки эчки, эки жоолук, бир улак болгон экен. Ошол эмгек акы болочок акынга дем, шык берип жамакчылыгын улантып, кийин ыр жазууга жол ачыптыр. Акындын андан аркы чыйырынын уланышына математика мугалими Ислам Сарыгулов менен Кыргыз эл акыны Аалы Токомбаев себепчи болгон. Башка акындардан айырмаланып Б.Сарногоев 10-классты бүтпөй, бир да китеп чыгарбай туруп А.Токомбаевдин колдоосу менен СССР жазуучулар союзуна кабыл алынат. Кийин акын союздун жолдомосу менен Максим Горький атындагы Адабий институтта билим алып, ал жактан дүйнөлүк поэзия менен кеңири таанышкан. Анын “Ала-Тоо” журналынын редакциясына поэзия боюнча бөлүм башчылык кызматка алынышы, 1959-жылдан 1973-жылга дейре Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи кызматын аркалашы акындын чыгармачылыгынын өнүгүшүнө жакшы шарт түзгөн. Муну ошол жылдардагы биринин аркасынан бири чыккан анын китептеринен баамдасак болот. Б.Сарногоевдин лирикалык, атуулдук ырлары, сатиралары кыргыз жыттанып, окурманга жагымдуу, жугумдуу болгондуктан анын бир топ ырларына обондор чыгып, айрым саптары эл ичинде улуттук ураанга айланып кеткен. Алсак акындын:
“Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени!” – деген саптары кылымдар өтсө да кыргыз жигиттерин мекенчилдикке, баатырлыкка, кайраттуулукка шыктандыра берери талашсыз.
Байдылда төгүп ырдаганда
Байдылда Сарногоев жамакчылык, акындык жактан гана мыкты болбостон, чукугандай сөз тапкычтыгы, куйканы куруштура айткан учкул кептери менен да элге алынган. Ошол себептен анын замандаштары, калемдештери кезинде, азыр дагы “Байдыкем айткандай”, “Байдыкем жазгандай” деп тамшана кеп кылышат. Айтып, жазып отурса улуу акындын күлкүлүү окуялары, куйкум сөздөрү өзүнчө бир китеп болот.
Жакында эле редакциябызга баш баккан куудул Келдибек Ниязов акындын кызык окуяларынан кеп салып берди. “Бир жолу 18 киши Ошко гастролго жөнөп калдык. Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков, Ашыралы Айталиев, Асанкул Шаршенов, Тууганбай Абдиев жана башкалар бар. Аэропортко барсак Байдылда байке жүрөт ашатып сөгүнүп. Баарыбыз эле “Байдыкелеп” учурашып калдык. Эстебес, Тууганбай байкелер Байдыкенин каякка бара жатканын сурап калышты. “Каякка болмок эле. Шаар бир аз эс алсын деп төртөөбүзгө түштүккө пахтачыларга, саанчыларга барып ыр окуп келгиле деп билет беришкен. Кечээ бул жактагыларга уйкулук таштап жатып кимибиз каякка кетип, билеттер кимде калганын билбейбиз. Арабыздагы акылдуубуз бул эле. Бул да эч нерсе билбейт” деп жанындагы Тенти Орокчиевди көрсөтүп жатпайбы. “Биз кетип жатабыз анда” десек, “Кете бергиле, учпай калмак белеңер анан”, – деп калып калды. Кара-Сууга, Араванга концерт коюп беш күндөн кийин Ноокатка өтсөк Байдылда байке, жанындагылар Ноокаттын мейманканасында жүрүшөт.
Анан Байдылда байке “Эстебес эми мындай кылалы. Райком баш болуп бизге киши чогулта албай убара. Бирок, бир кой союлат. Силерге деле бир кой соёт экен, эң кичүүңөр Келдибекке боконо тийеби. Биз менен чогуу болгула. Силердин аркаңар менен элге ыр окуп жанагы справканы жаздыртып алалы, бекер акча экен” деп калды. Макул болдук.
Байдылда байке ыр окуган сайын эл дуулдап кол чаап, “Түкүнчө ырыңызды окуп коюңуз” деп суранат. Ал ыр окугандан кийин төкмө акындар ырдайт. Ошентип концерт бүтүп конокко чакырылган жерге келсек айткандай эки кой союлуптур. Акындар кезектешип улам бири ырдап жатат. Унчукпай баарын угуп отурган Байдылда байке бир кезде: “Эстеке келе комузуңду прокатка берип тур, мен кичине балдырап берейин” деп кадыресе акындардай төгүп кирди. Төккөндө да ар бир сабы юмор менен. Тимеле баарыбыз кыраан каткы. Ырдап бүтүп эле Асанкулга карап: “Ой Асаш, мени да филармонияга албайсыңарбы. Ушинтип темселеп жүрбөй мобулардын катарында мен да төгүшөйүн” десе, Асанкул: “Ой койчай Баке, жазмалыгыңды кылып эле жүрө бер. Филармонияга келсең мобул бешөө ишсиз калганы жатпайбы” деп тигилерди бир ардантты эле. Ошол төккөнүн эч нерсеге жазып албаппыз. Аны кийин төкмө акындар да эскерип айтышкан жок”, – дейт К.Ниязов.
“Муса Жангазиев адам, биз бешөөбүз ит экенбиз”
Келдибек Ниязов залкар акындын буту сынгандагы дагы бир кызык окуясын айтып берди. “Байдылда байкенин буту сынып үйүндө жатып калды. Чогулуп аны көрүп коёлу деп жатабыз. Мурун барып көргөндөр “Кемпири Зина эже ичкилик алып келе көрбөгүлө. Антсеңер келбей эле койгула деп жаман көрүп жатат” дешти. Эмне кыларыбызды билбей ар башка гезиттерди сатып алып төртөөбүз учурашканы бардык. Кирсек керебетинде чекчейип отуруптур. Бизди бир карап алып: “Ой, колуңар да, койнуңар да бош го” деп күлдүрүп калды. Ыңгайсыз боло түшүп Зина эжеге “Бирди алып келбесек байкеме уят болуп калдык эже”, – десем, ал киши кейип: “Ушинтесиңер анан, анда бирди эле ал” деди. Бутумду кийип жатсам Байдыкем эки манжасын көрсөтөт экини ал дегенсип. Барып экини алдым да бирөөсүн ошол кездеги “Ак суу” деген минералдык суунун бөтөлкөсүнө куюп алып жетип келдим. Зина эжеге көрсөтсөм “Өзүңөр көбүрөөк алып тигиге азыраак куйгула” деп калды. Байдыкеме көз ымдасам бир бөтөлкөнү алып туруп текчедеги бир чоң китептин аркасына катып койду. Бирден алган соң көңүлү ачыла түшкөн Байдылда байке кемпирине угуза: “Ой балдар, мага аз куйгула, келген кеткендер көп болуп кечинде эле кемпиримди тааныбай калып жатам” деп коёт.
Сүйлөшүп отурсак бир кезде ал ойлонуп туруп: “Айланайындар, силерге айтарым, чыгармачыл адамдар бири-бириңердин көңүлүңөрдү калтырбагыла. Тукурмалардын тилине такыр кирбегиле. Мен бир төрт тукурманын тилине кирип Муса Жангазиевдин чыгармаларын катуу сындап, анын баары макулатурага кетчү нерселер дегенге чейин баргам. Аны көрдөн алып жерге, жерден алып көргө салдым. Бирок, кийин акылыма келип туура эмес кылганымды түшүндүм. Мусакем келе жатса айланып каччу болдум. Анан акмак болгонумду түшүнүп, тиги төртөөнө барып чогуу барып кечирим сурайлы дейин дегем. Тигилер ага макул болбосо төртөөнүн абийирин аштай төгөйүн деп жүрсөм минтип бутум сынып калбадыбы. Кемпирим да “Аксакал кишиге эмне асыласың, эми анын бетин кантип карайсың?” деп жемелеп жаткан. Анын оозуна сала бергендей төрт күн мурун үйдүн коңгуроосу шыңгырап калды. Кемпирим сыртты карап эле “Муса байке, аялы, дагы бир кишилер менен келиптир” деди. Отурган жеримде таштай катып, башыма муздак суу куюп жибергендей боло түштүм.
Мусаке кирип келип эч нерсе болбогондой эле “Ой Байдыке, мунун баары кырсык. Жаман болгон тура. Жамандыктын баары ушу менен чыгып кетсин” деп барбалактап эле ал-акыбалымды сурап кирди. Жооп берейин десем алкымыма бирдеме тыгылгансып сүйлөй албайм. Тигини, муну сүйлөп эт, чучугу, казы, картасы менен дасторконду жайнатып, бөтөлкөсүн шак алып чыгып эле куйду. Аны алып жиберип эми кечирим сурайын десем кашайып тамагым буулуп эч нерсе айта албай койдум. Бир топ отурушкан соң Мусаке “Кой эми Байдыке, калем, кагазың жаныңда экен. Оюңа бирдемелер түшсө жазып тур. Туруп кетесиң” деп коштошуп кетип бара жатат. Ошондо да бирдеме дегенге даай албай баш ийкемиш болдум. Ошондуктан мындай акыбалга келбегиле, айланайындар! Тигилер кеткенден кийин “Жанагы төртөөнө кошулган мен бешинчи ит экемин. А бул Муса Жангазиев адам турбайбы, карачы мамилесин” деп ойлондум. А баягы төртөө болсо ал-акыбалымды сурамак тургай телефон чалганга жарашкан жок. Карагылачы иттерди. Ошондуктан бири-бириңерге бут тосуп, тирүүчүлүктө жаман-жакшы айтышпагыла, айланайындар! Эми кичине таканчыктап калсам ал иттерге барып, ачыкка чыгам” деген.
Тилекке каршы, кайран киши ага жетпей көзү өтүп кетти. Ал төртөө ким экени да белгисиз бойдон калды”, – дейт К.Ниязов агабыз.
“Өөп койсом не болот, өш-өштү сааган колуңан”
“Дагы бир жолу Байдылда байке кыргызга аты-жыты белгилүү эле төрт акын менен Түп районунун уй фермасына чыгармачылык жолугушууга барышат. Поэзиялык кеченин алдында баягы бешөө “Эртеңкиге чейин саанчыларга арнап бирден ыр жазалы. Алар кимдин ырына көбүрөөк кол чапса калган төртөөбүз ошону сыйлайбыз” деп мелдешишет. Кече башталганда эле Байдыкемден башкалары сүттүн планы, партия жана башка темаларда ырларын окуп киришет. Бир кезде Байдылда байкем чыгып “Өөп койсом не болот, өш-өштү сааган колуңан” деп эки сап айтып туруп башка ырларыма өтүп кеттим”, – дейт. Саанчылар, уйчулар ар ыры сайын тынбай кол чаап, Байдыкемдин ырларын улам сурап угушкан тура. “Ошентип тиги төрт калемдешимди да жеңип, сыйын көргөм”, – деп калчу. Бул кишинин өзгөчөлүгү ырын көркөм окуурдун алдында анын мазмунун, тарыхын кыскача айтып туруп анан баштачу. Андайда эл тыптынч отуруп ырды угушар эле”, – дейт эл куудулу.
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”