Бул чыгарылышта каарманыбыз Ата-Журттан алыста жүрүп кыргыз адабиятынын, маданиятынын каймактары менен таанышкандагы урунттуу учурларын айтып берди.
Улуу инсандарга жолуктурган унутулгус күндөр
Кыргызда “Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” делет эмеспи. Бирөөлөр товар алганы жолго чыгат же илимий изилдөө менен жүрөт, башкалар эс алганы барат. Мен саякатымды эл таанууга арнаптырмын. Ал кезде социалдык тармактар жокко эсе эле. Ошого көп нерсени билчү эмес элек. Азыр ойлосом саякаттап жүрүп көп “ачылыштарды” жасаптырмын. Мактаныч дээрсиңер, бирок ошол кезде чет жактардагы кыргыздар темасын чагылдырган киши жок эле. Алгач чет жакка жаңы чыккан кыргыздар туурасында жазып жүрдүм. Питердеги кыргыз кафесин ачкан Медер Төлөгөнов, сүрөтчү Туман Жумабаев, Прагада юрист Жумагүл Чоткараева, Мадридде борборазиялык «Сүмөлөк” уюмун ачкан Алтын тууралуу материалдарды даярдадым.
Кызыгы кээде бир кызыктуу иш-чараны өзүм уюштуруп, өзүм чагылдырып жиберчүмүн. 2013-жылы “Парижде Чыңгыз Айтматов баштаган “Русофония” деген адабият кароосу болот. Быйыл Борбор Азияга арнайбыз, бизге жазуучуларды таап бер” деп сынактын уюштуруучусу Наташа Рене суранып калды. “Швецияда Ак Велсапар, Лондондо Кыргызстанда туулган өзбек жазуучусу Исмаил Хамидов (азыр Азаттыкта Борбор Азия бөлүмүн жетектейт), Кыргызстанда Талип Ибраимов бар” дедим. Ошондо Парижге учуп келип мейманканага 87 евродон төлөп, төрт күн жүрдүм. Баары өз чөнтөгүмөн болду. “Азаттыкка” көп материал бердим. Келсем баягы адабий кароодо кесиптешим, азыр Түрксойду башкарган Султан Раев, 36 тилде сүйлөгөн Турусбек Мадылбайлар жүрүшүптүр. Талип Ибраимов менен да таанышып калдым. Элдин баары жүгүрүп сахнага чыгып атса ал эл арасынан чыкпай койду.
Кийинки күнү мейманкананын фойесинде эле онлайн конференция уюштуруп жибердим. Бүт дүйнөдөгү кыргыздар катышчудай дегдеңдеп алгам. Кайдан. Ал кезде интернет анча жайыла элек эле жана онлайн деген сөз эми пайда болгон. Шермендемди жаап, кесиптештерим Прагадан Гүлайым Ашакеева, Амирбек Усманов, Төрөкул Дооров, Бишкектен дагы бирөө катышып жакшы суроолорду беришти. Талип агай айрыкча ачылып жакшы сүйлөдү. Ал анын акыркы маеги болсо керек. Көп өтпөй кайтыш болуп кетти. Ошол талкуу азыр да сакталуу. Китепче кылып чыгарайын деген оюм бар. Жазуучулар жетине албай мени “Аз и Янын” автору, ошол кезде Парижде отурган Олжас Сулеймановго ээрчитип барып, аны мага маек бердиртишти. Ал кезде Олжас агай эч ким менен маектешпей жүргөн экен. Ал унутулгус күндөр болуп калды.
“Азаттыктагы” алгачкы видеоматериал Азиз болгон”
Уганаак Маамытгүл элем. 2006-жылы го, “Сакен Нарымбетов Прагада Мустафа Чокайды тартып жатыптыр, башкы ролду Болот Бейшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев ойнойт экен” деп угуп калдым. Ал кезде “Азаттыкта” видеоматериал чыкчу эмес, жалаң радиоберүүлөр болчу. Борбордук бөлүмгө барып, камера бергиле, тарталы деп көндүрдүм. Оператор мен, ушул тапта Париждеги “France 24” телесинде иштеген Роберт Парсонс (Rob Parsons) кошо барды. 21 өлкөдө чыккан зор радиодо биринчи жолу телерепортаж тарттык. Кийин Азизди Төрөкул Дооров экөөбүз Төрөнүн жатаканасына алып барып, жакшы отурдук. Ал кезде Төрө бойдок, квартирада турчу. Азыр үч баланын атасы, “Азаттыктын” казак бөлүмүн жетектейт. Азиз ачылып, жакшы сүйлөп берди. Бир маалда ал төрт аяктап жерге отура калып, бака болуп бакылдаганда расса күлдүк эле! Ошондон тартып Азиз менен жакшы тааныш болуп калдык. Ал азыр АКШда жүрөт, буюрса Голивудду багындырат го.
(Уландысы бар)
Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”