(Эрнис Асек уулунун М.Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романынын кыргыз тилиндеги котормосу жөнүндө)
Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 50 китептин жарык көрүшү маданиятыбыздагы маанай көтөргөн окуялардан болуп калды. Алардын арасында маркум Эрнис Асек уулу которгон Михаил Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романы да бар. Албетте, даңазалуу романдын кыргыз тилине которулушу улуттук адабиятыбызга кошулган олуттуу салым болуп эсептелет. Төмөндө Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин романдын котормосуна жазган баш сөзүн кыскартуу менен жарыяладык.
Михаил Булгаковдун гениалдуу чыгармасын кыргыз тилине буга чейин которууга канчалык аракет болгонун билбей турабыз. Ким чыгынып, аны которууга бел байлаганын да уккан эмеспиз. Анткени, бу роман татаал, кеп татаалдыкта эмес, татаалдыгы Булгаковдун оюн гана эмес, үтүр, чекитинин жанын сезген адам гана бу чыгарманы которууга батынбаса, ал көрүнгөн “орто статистикалык” котормочунун колунан келе бербейт. Роман – ачылышты, роман – метафораны, роман – сукбатташууну, ошол романдын ар бир сөзүндөгү үндүн дабышын сезе билген адам гана батынууга акылуу деп айтар элем.
…Бул роман тууралуу раматылык досум Мелистин иниси, үкөм Эрнис Асек уулу менен көп жолу сукбат курганбыз. Бирок, ал эч качан Булгаковдун бул романын котором же которууга аракет кылсамбы деп да айткан эмес. Былтыр жайында Эрнис экөөбүз жолугуп калганбыз. Ошондо Эрнис “Мастер жана Маргарита” романын которуп жатканы тууралуу оюн билдирген. Кийинки жолку жолугушуубузда “Султан байке, баягыны которуп бүттүм” деп эч кандай пафосу жок, кудум өзүнө жарашып турган сыны менен айткан эле. Бир чети мен таң калдым, экинчи чети… окугум келди… Эрнис өзү курдай акын-жазуу-чулар арасындагы эң окумал, интеллекти терең, дүйнөлүк адабиятты казып окугандыгы менен айырмаланып турчу, ошол эле учурда өзүн эч качан “муну окудум, тигини окудум” деп көтөрө чапчу эмес.
“Сиздин элпочтаңызга салып жиберейин, жакса айтыңыз, бу романды узун-туурасынан көп окуган экөөбүздөй киши жок болсо керек…” деп тамашага салып калды. Романды жиберди. Окудум. Окудум да таң калдым… Буга чейин Эрнистин деле анча-мынча чыгармасын окуган эмес элем… Кээде айрым бир гана көзүм түшүп калган чыгармаларын окубасам… Чындап Эрнисти терең билбептирмин, анын жазуучулукка өтө ынтызаар экендигин билер элем. Эң башкысы, ал чыгармачылыкка даярдыгы менен келгенин ушу котормодон сездим. Көзүм ачылды.
Михаил Булгаковдун романын Эрнис, биринчиден, кыртышына чейин түшүнгөнү, анын чыгармасындагы ар бир ойдун маани-маңызын сезе билгендиги, ошол эле учурда ошо маанини кыргыз тилинин касиети менен чебер которо билгендиги мени таң калтырды. Эрнистин көркөм потенциалын ошондо сездим. Ал көрсө, өмүр бою ушул китепке карай жол алып келген экен…
Эрниске “Бул романды окуп бир ачылышка кабылсам, сенин котормоңу окуп экинчи ачылышка кабылдым, сонун которупсуң!” дегем. Ал сүйүнгөнүн билдирбей ууртунан билинер-билинбес жылмайган. “Сиз мага Мелис досуңуздун иниси катары эле “комплимент” айтып жаткан жоксузбу?” – деди Эрнис. “Жок” дедим, ушу кыска сөздө менин чын дилимен айткан оюм турду.
Мен экөөбүз сүйлөшкөндөй баш сөз жазмак болдум. Эрнис романдын анча-мынча жерин карамак болду…
Арадан анча убакыт өтпөй чет өлкөдө жүргөндө сайттан “Эрнис Асек уулу каза болду” дегенди окуп алып, жүрөгүм зыркырады, бетиме муздак суу чачып жибергендей болду. Кайран досум Мелис да 50гө жетпей актыкка баш урса, Эрнис иним да 49 жашында акыретке жол алган экен. Жүрөк жыртылды. Кайгырдым.
Менин алдымда Эрнис инимдин акырын кылчая бурулуп, мени карап турган элеси тартылды…
Бет маңдайымдагы Эрнистин котормосунун ар бир сөзүндө, ар бир үтүрүндө, ар бир чекитинде гениалдуу Булгаковдун түбөлүктүүлүк жөнүндө жазган улуу ою келди. Ошол улуу ойдо… кайран иним Эрнис да, досум Мелис да жашап жаткандай сезилди…
…Окурман, бүгүн Сизге Эрнис инимдин артында калган табериги буйруп олтурат… Окуңуз…
Султан РАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу