Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Париждин үчүнчү олимпиадасы

Дүйнө коомчулугу чыдамсыздык менен күтүп жаткан Парижде өтүүчү жайкы олимпиада оюндарына саналуу гана күндөр, сааттар калды. Оюндар 26-июлдан 11-августка чейин уланат. Буга чейин 1900-1924-жылдардагы олимпиадаларды кабыл алган Париж бул жолу үчүнчү олимпиада өткөрөт.

Оюндарга 206 өлкөнүн спортсмендери катышат

Учурда дүйнөнүн эки жүздөн ашуун өлкөсүнүн миңдеген спортчусу толкундануу менен  Олимпиадага даярдык көрүүдө. Ошентип, 100 жылдан кийин кайрадан олимпиада оту Францияда тутанганы турат. Уюштуруучулар 10 миңден ашык  спортчунун  6 чакырымдык Сена дарыясынын жээгинен  басып өтүүсүн пландаштырууда. 600 миң адам көрүп турат деген алгачкы максат, 300 миң адамга кыскартылды. Ошондой эле оюндарды көрүү  үчүн шаарга келген туристтердин ачылышка билетсиз кирүүсү чектелди. Көрүүчүлөр ачылыш аземине уюштуруу комитетинин чакыруу баракчалары менен гана катыша алышат. Эгерде олимпиаданын ачылыш салтанаты учурунда Сена дарыясында коопсуздук коркунучу байкалса, экинчи альтернатива катары Эйфель мунарасы көрүнгөн Трокадеро аянты аныкталган. Бирок ачылыш аземи “Стад де Франс” стадионунда да өтүүсү ыктымал. Уюштуруучулар оюндар учурунда Парижге 15 миллиондон ашык турист келээрин күтүшүүдө.

Париж жайкы олимпиадасында 206 өлкөдөн келген 10 миң 500 спортчунун катышуусу менен 32 түрдүү мелдештер өткөрүлөт.  Олимпиадалык жадыбалдагы негизги туруктуу 28 мелдешке  “Брейк бийи”, “Толкунда Серфинг”, “Cкейтборд” жана “Альпинизм” (аскага чыгуу)” кошумчаланды. Мына ошентип, 32 түрдүү мелдеш боюнча  көптөн күткөн олимпиада оюндарынын таймашууларына бир жумага чукул убакыт калды.

Олимпиаданын жеңүүчү­лөрүнө  329 комплект медаль ыйгарылат. Дагы бир өзгөчөлүк  марафон жарышы Олимпиада тарыхында биринчи жолу коомчулуктун катышуусу  үчүн ачык болот.  Олимпиадалык трассада жарышка 20 миң ышкыбоз спортчу да катышат.

206 мамлекеттин спортчуларынын катышуусу менен болуп өтө турган Париж жайкы олимпиадасы 11-августта аяктаары менен аркасынан ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгендер үчүн Паралимпиада оюндары башталат.

Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин уланат. Анда спорттун 22 түрү боюнча 4400 параспортчу мөрөй талашат. Паралимпиада жеңүүчүлөрү үчүн 549 комплект медаль даярдалган.

2024-жылы жайкы олимпиа-да оюндарына кучагын ачкан  Франция 2 ай бою дүйнөнүн ар тарабынан келген спортчуларды, спорт ишмерлерин жана  спорт сүйүүчүлөрүн кабыл алат.  Ал эми олимпиада айылы Франциянын эң жакыр аймактарынын бири болгон Сен-Сен-Дениде курулган.

Коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулат

Мындай чоң жоопкерчилик үчүн Франциянын коопсуздук күчтөрү кандай
даярдыкта деген суроо чийки май жегендей дүйнө коомчулугунун көңүлүндө турат. Француз өкмөтү оюндардын коопсуздугун камсыздоо үчүн 20 миңге жакын аскер жана 40 миңден ашуун полиция кызматкерин даярдады. Ошондой эле Германия өлкөсүнөн коопсуздукту сактоо максатында 2 миңге жакын аскер жана полиция колдоо көрсөтөт.

Оюндарга катыша турган делегация мүчөлөрү, спортчулар, ыктыярчылар жана медициналык кызматкерлер, ошондой эле олимпиада айылына жакын жашагандар менен бирге бир миллионго жакын адам коопсуздук текшерүүсүнөн дыкат өткөрүлүп турат.

Чыгымдар акталабы?

Оюндар учурунда Парижде автобус жана метро баалары эки эсе кымбаттайт.  Көчөлөрдө  унаа кыймылына чектөөлөр болот. Олимпиада учурунда коопсуздукту сактоо максатында айрым метро станциялары жана вокзалдар жабылат. Бул жагдайларга жергиликтүү калктын айрым өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар нааразычылыгын билдирип, оюндарды өткөрүүнү жактырбай, кыртышы сүйбөй турушат.

Эл аралык Олимпиада комитети  2022-жылы билеттерди сатуу, лицензиялоо жана хос-тинг чыгымдарын жабууга 4,4 миллиард евро бюджет бөлгөн. Мелдештерди көрүү үчүн билеттердин 90 пайыздан ашыгы эбак сатылганын уюштуруу комитети мурда эле маалымдаган. Жергиликтүү ишканалар, ишкерлер Олимпиада учурунда келе турган күйөрмандар-дан жана туристтерден улам  сатуунун жана кирешенин өтө чоң суммада  өсүшүн күтүшүүдө.

Кыргызстандын намысын кимдер коргойт?

Париж олимпиадасына кыргызстандык 16 спортчу жолдомо алышкан. Алар спорттун беш түрү: бокс, жеңил атлетика, дзюдо, спорттук күрөш жана сууда сүзүү боюнча мөрөй талашып, өлкө намысын коргойт. Бокс боюнча эң жеңил  57 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу күч сынашат.

Жеңил атлетика боюнча Сардана Трофимова жолдомо алган. Орусиялык жөө күлүк 2022-жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Ал марафондук жарышка катышмакчы.

Дзюдо таймаштарына катышууга 66 кг салмакта Кубанычбек  Айбек уулуна Азиялык квота менен жолдомо ыйгарылган. 90 кг салмакта Эрлан Шеров мөрөй талашат.

Кыргызстандык спорт күйөрмандардын үмүтүн жандырып, байгелүү орундарга жетет деп ишенип турган балбандар болууда. Кыз-келиндер күрөшүндө 62 кг салмакта  дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Айсулуу Тыныбекова, 68 кг салмакта дүйнө чемпиону, Токио олимпиадасынын коло байге ээси Мээрим Жуманазарова жана 76 кг салмакта дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, Азия чемпиону Айпери Медет кызы күч сынашат.

Грек-рим күрөшүндө 60 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, 67 кг салмакта дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Амантур Исмаилов, 77 кг салмакта дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Токио олимпиадасынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов жана 97 кг салмакта Азия чемпиону Үзүр Жусупбеков өлкө намысын коргойт.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмакта  жаштар арасында дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Бекзат Алмаз уулу, 65 кг салмакта дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси Эрназар Акматалиев жана 125 кг оор салмакта Азия чемпиону Айаал Лазарев мөрөй талашат.

Ал эми сууда сүзүүдө Азия чемпиону Денис Петрашов жана Елизавета Печерских брасс жана эркин сүзүү ыкмалары боюнча мелдештерге катышат.

Олимпиаданын ачылыш салтанатында Кыргызстандын туусун дзюдо боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров көтөрүп чыгат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада курама командасынын капитаны болуп Акжол Махмудов дайындалды. Быйыл эгемен өлкөнүн тарыхында олимпиада оюндарында алтын медалдар болот деген үмүт бар. Эгемен өлкө болгону жайкы олимпиадалык оюндарга 180дей спортчу катышканы менен 7 медаль (3 күмүш, 4 коло байге) алганбыз.

Ошондуктан кыргызстандык спортчуларга ийгиликтерди, жеңиштерди каалап, сүрөөнгө алып туралы.

Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,спорттук баяндамачы

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар