Шаарлардын инфраструктурасынын өнүгүүсү шаар башчылыгынын жасаган иш-аракеттеринен көз каранды экендиги анык. Мындан улам шаар тургундарынын жашоо-турмушун жакшыртуу багытында Кочкор-Ата шаарынын башчылыгы тарабынан аткарылып жаткан иштерди билүү максатында Алтынбек ЖУМАЕВге кайрылдык.
Өнөр жайдын көрсөткүчү
2024-жылдын 6 ай ичинде өнөр жайынын негизги 5 тармагы боюнча нефти өндүрүүнүн көлөмү – 86397,5 тн, жаратылыш газын өндүрүүнүн көлөмү – 14562 миң м3, жылуулук менен камсыздоо-нун көлөмү – 3982,920 гкал, жылуулук менен камсыздоодо кызмат көрсөтүүнүн көлөмү – 16360,3 миң сом, суу менен камсыздоонун көлөмү – 717,2 тонна м3, геофизикалык изилдөөнүн көлөмү – 50 544,23 миң сомду түздү.
Жаңы ачылган жумуш орундары
Кочкор-Ата шаарынын аймагында 6 айда элге кызмат көрсөтүү тармагында 13 жеке чакан жана орто ишканалар ачылды. Алар: Октябрь көчөсүндөгү унаа жуучу жайда – 2, Тургенев көчөсүндөгү «Бильярд» ойноочу жайда – 2, Ленин көчөсүндөгү Куликов шириндиктер дүкөнүндө – 3, Гагарин көчөсүндөгү «Айка» айымдар сулуулук салонунда – 4, Мурадян көчөсүндөгү «Дария» аялдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда –2, Колхозная көчөсүндөгү “Уйгур лагман №1” ашканасында – 8, “Салиха” Колхозная көчөсүндөгү балмуздак дүкөнүндө – 2, Ленин көчөсүндөгү “Шаурма” кафесинде –3, борбордук парктагы эс алуу жайында -6, Садовая көчөсүндөгү “Гурман” кафесинде – 6, Ленин көчөсүндөгү “Двойняшки” шириндиктер дүкөнүндө – 6, Пионер көчөсүндөгү “Салиха” дүкөнүндө – 2, Пионер көчөсүндөгү “Асман” бассейнинде –12 жумуш оруну түзүлгөн.
Суу ташкынынын кесепеттерин жоюу
2024-жылга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 000 000 сом бөлүнүп берилген. Жыл башынан өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын планы түзүлгөн. 2024-жылдын 22-апрелинде Луговая көчөсүнөн өткөн каналдан суу ташып, 4 турак үйдүн короосуна суу кирип, жол жакка ашкан жана жолдун жээгиндеги 3 электр мамычасына зыянын тийгизген. Суу ташкынынын кесепеттерин жоюу максатында, Луговая көчөсүндөгү каналдын 80 м аралыгы тазаланды жана 4 электр мамычасы башка жакка жылдырылып, электр линиясы тартылып, асфальтты тазалоо жумуштары аткарылды.
Жакырчылыкты жоюу
Шаар аймагында калкты социалдык коргоодо, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана социалдык жактан аярлуу жарандардын абалын жакшыртуу максатында мерчемделген иштер аткарылууда. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жалпы шаар боюнча 2024-жылдын 1-июлуна карата 137 үй-бүлөгө социалдык паспорт ачылган, анын ичинен өтө жакыр 56 үй-бүлө, орто жакыр 59 үй-бүлө, жакыр 22 үй-бүлө. Шаар мэриясы тарабынан жакырчылыкты жоюу картасы иштелип чыккан. Карта шарттуу белгиге жараша түстөр менен белгиленип, 7 кварталга бөлүнгөн жана жыл сайын жаңыланып турат.
Кочкор-Ата шаарында аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдү кыдыруу иштери жүргүзүлүп, шаардын аймагындагы, социалдык аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин аныктоо жана ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын социалдык абалын көзөмөлгө алуу максатында атайын жумушчу топ түзүлүп, шаардык Кеңештин депутаттары менен биргеликте үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнгө 803 баланын ата-энеси миграцияда жүргөнү аныкталды.
Көрсөтүлгөн жардамдар
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнө 2024-жылга карата 4 000 000 сом бөлүнүп берилген. Каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ата-энесинен ажыраган тоголок жетим, жарым жетим балдарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, УАМСтын жесирлерине, Ооган согушунун ардагерлерине, ЧАЭСтин катышуучуларына, Баткен коогалаңынын ардагерлерине, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптарга, кароосуз калган карыяларга, баатыр энелерге бөлүнүп берилет. Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган тургундардын арыздарын жана ден соолук программасынын негизинде, ден соолуктарын калыбына келтирүү үчүн 626 жаранга 952 600 сом материалдык колдоо катары берилди. Ооган согушунун 39 ардагерине жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 2000 сомдон жалпы 78 000 сом бөлүнүп берилди.
Шаардын аймагындагы 110 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, көп балалуу энелерге, тоголок, жарым жетим балдарга жана багар-көрөрү жок жалгыз бой карыялардын ар бирине 1960 сомдон жалпы 215 600 сом бөлүнүп, ар бирине 1960 сомду түзгөн азык-түлүк таратылып, материалдык жардам көрсөтүлдү. 7-апрель Элдик революциянын катышуучуларына жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо, материалдык жардам көрсөтүү максатында 10 000 сом бөлүнүп берилди.
Кургак учук менен каттоодо турган 11 жаранга ден соолуктарын калыбына келтирүүгө жалпы 55 000 сом колдоо көрсөтүлдү. Демөөрчүлөр тарабынан орозо айына карата шаар аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, тоголок жетим балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жалгыз бой карыяларга жалпы 114 үй-бүлөгө, анын ичинде 35 жаранга 1 каптан ун жана 5 литр май берилип, тоголок жетим балдарга да жазга карата кийим-кече алынып берилип, калган үй-бүлөлөргө азык-түлүк, акча жагынан жардамдар берилди. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин 3 жесиринин ар бирине 10 000 сомдон жалпы 30 000 сом берилди. 1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата ата-энесинин камкордугунан толук ажыраган 10 тоголок жетим балдардын өздүк эсептерине 5000 сомдон, жалпы 50 000 миң сом которулду. Шаар аймагындагы тоголок жетим, жарым жетим, аз камсыз болгон, ДЦП балдарга жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына майрамга карата 69 500 сом бөлүнүп, 250 бала окуу куралдары менен камсыз болушту.
Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү
6 айда көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жалпысынан – 490 түп туя жана 300 түп можжевельник, каштан – 150 түп, сакура – 40 түп, жаңгак көчөтү – 10 түп, анар көчөтү – 10 түп, роза гүлү – 310 түп, глобус гүлү – 400 түп сатылып алынды. Анын ичинен мектептерге – 76 туя, борбордук көчөлөргө – 281 туя жана 234 можжевельник, 25 сакура көчөтү, 310 роза гүлү, 400 глобус гүлүнүн көчөттөрү олтургузулду, мекеме-ишканаларга 12 можжевельник, 35 туя, ошондой эле борбордук мечитке 4 можжевельник көчөттөрү берилди. Таштанды таштоочу жайга 10 жаңгак көчөтү, 10 анар көчөтү олтургузулду.
КРнын Президентинин жарлыгына ылайык “Жашыл мурас” программасынын алкагында 603 түп түрдүү бак-дарактар отургузулду. Жыл башынан бери 2000 кг акиташ сатылып алынып, анын ичинен бала бакчаларга 100 кг, мектептерге150 кг, №77 кесиптик лицейге 50 кг, көчө, кварталдарга, мекеме-ишканаларга 250 кг таратылып берилди. Сейил бак, Токтогул, Ленин, Пионерская, Тургенев, Садовая, Фрунзе, көчөлөрүн актоого 1450 кг иштетилди. Көчөлөрдү жана Сейил бакты жарыктандырууда 333 прожектор оңдолуп, кайра орнотулду. Шаардын аймагындагы көчөлөргө жана мекеме-ишканаларга таштанды таштоочу урналар орнотулуп, шаардагы 2000ден ашуун бак-дарактар акталып, буталды. Шаардын көчөлөрүндөгү арыктар тазаланды. Көрктөндүрүү максатында мекемелер, шаар тургундары тарабынан 300 роза жана бир жылдык жана көп жылдык гүлдөр отургузулду.
Билим берүүнүн көрсөткүчү
Шаардын аймагында 4 жалпы билим берүүчү орто мектептери окуу-тарбия иштерин жүргүзөт. 2 мектеп орус тилдүү, 2 мектеп орус-кыргыз тилдүү. Жалпысынан 6064 окуучу билим алышууда. Окуучулардын тартибин көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жалпы билим берүүчү мектептерине видео байкоочу камералары жергиликтүү бюджеттин эсебинен орнотулган.
Мектептердин китеп менен камсыз болуусу кыргыз класстар үчүн – 89%, орус класстар үчүн – 46% түзгөн. 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен 9-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны – 1148, анын ичинен 35 окуучу кызыл күбөлүк менен аяктады, 11-классты бүтүрүүчүлөрдүн саны – 203. ЖРТнын жыйынтыгында №28 Ч.Айтматов орто мектебинин окуучусу Д. Хусанбаева 208 балл менен алдыңкы көрсөткүчкө жетишти. Жалпы ЖРТнын орточо көрсөткүчү №28 Ч.Айтматов орто мектебинде – 131 балл, №14 И.М. Губкин орто мектебинде – 116,6 балл, №15 Беки уулу Семетей орто мектебинде –116 балл, Н.Исанов жатак гимназия мектебинде –118 баллды түздү. Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин жалпы саны – 13. Муниципалдык – 3, 3 “Кыргызнефтегаз” ААКна караштуу, 7 жеке менчик бала бакчалар өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде жалпы 2000 бала тарбияланат.
Уюштурулган рейддер
Массалык уулануунун алдын алуу боюнча 17-18-апрель күндөрү жумушчу топ менен биргеликте рейд уюштурулуп, эмгектин оор түрүнө кабылган балдарды аныктоо, тактоо максатында автоунаа жуучу жайларга барып түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошону менен бирге компьютердик клубдарга рейд уюштурулуп, жетекчилерине кечки 18.00дөн кийин балдардын кирүүсүнө тыюу салуу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпы 4 компьютердик клуб иштейт. КШМБ тарабынан кечки рейддер жүргүзүлдү. Ошондой эле белгилүү даталарга карата концерттик программанын коштоосунда майрамдык иш-чаралар, окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында мектептерде окуучулар, ата-энелер менен мугалимдердин катышуусунда жыйындар уюштурулду.
Вера Беделбек, “Кыргыз Туусу”