Сабактан үйгө келсем, Таластан таежем келиптир. Бетимен өөп учурашты да: “Айланайын, өзүң кандай жүрөсүң, арыктап алгансыңбы”, – деп кийимин толук чечпей туруп, баштыктагыларын четинен чыгара баштады. “Айылдагылардын баары аман-эсен жатышат. Тирилик деген акырындап четинен бүтүп атыр. Апаң салам айтты”. Өзү салып келген таттуу токочторду, алма, нандарды колума карматып жатып: “Айтмакчы, апаң кызык, “кызың эмне биздин үйдө ачка жүрүптүрбү, биз эмне жеп, эмне ичсек, ошону ичип жейт” дегениме карабай, таң заарда келиптир: “нан бышырып бергенге жетишпей калдым, бул сүзмөнү ала кет” деп. Таежемдин андан ары эмне айтып, эмне койгону эсимде жок. Суусу бөлүнүп, эзиле түшкөн сүзмөгө көзүм тигилип, көзүмөн жаш кылгырды…
Тим эле көз алдыма даана көрүндү, сиз эрте менен эрте туруп (мен билгени сиз күндөн мурда ойгонот эмессизби), тунжураган жымжырттыкты энелик мээримиңиз менен терметип, мени аяп, мени сагынып, акырын жол бойлоп өскөн теректердин катарын артка калтырып, төмөн карай жөнөдүңүз. Балким сиздин ушул энелик жытыңызды ого бетер сырдуу да, сыйкырдуу, таттуу да кылып турган ушул таңдын муздак жели менен күндүн алгачкы нурлары болсо керек. Балким сиз таң сүргөндө туруп, табияттын эч ким көрө элек сулуулугун көрүп, эч нерсе буза элек, тунжураган жымжырттыгына бир чөмүлүп алат окшойсуз. Мына ушуларды туюп жаттым. Себеби, ушул көрүнүш менин каныма сиңген, мен билгени, мен өзүмдү жана сизди билген мезгилден бери ушундай, АПА!
Сиз күн менен кошо бизди эркелетип ойготосуз. Эсимде, ар дайым бир жакка чыгарымда: “Бул тийиштүү чогулткан акчаңар, ал эми бул акчаны өзүнчө салып кой, кайра үйгө кайтып келгениңче кандай болот ким билет” деп чыйпылыктайсыз. Анан да, эрте турганда тамак ичүүгө көңүлүм тартпай турат, ага карабай, “Ич, курсагың ач болсо үшүйсүң, башың ооруйт, анан билген нерсеңди да эсиңден чыгарып коесуң” деп ичиресиз. Аябай эрте тургузасыз. Эмнегедир, кечигип калуудан аябай коркосуз. Азыр мен да ушундаймын, эмнегедир ар дайым шашып жүрөм, чуркап жүрөм. Кечигип калуудан корком, каякка шашам? Айтор, шашам. Анан сыртта жүргөндө, сиз салып берген токочумду, алманы жеп, күзүндө экөөлөп жасаган компотту ичебиз. Бир жакка чыкканда мейли өзүмө жетиштүү болсо да, балким жанымдагы кимдир бирөөгө керек болуп калат деп ашыгы менен салып алам. Ушул нерсе мага адат болуп калган.
Сиздин сүзмөңүз баягы экөөбүздүн курут жайып жайында алманын көлөкөсүндө олтурганыбызды эсиме түшүрдү. Ошондо эмнегедир сиздин жүзүңүздөгү бырыштарды биринчи жолу көргөндөй болгом. Жок, көрүп эле жүрчүмүн, бирок, ошондо гана алгач ирет сиздин улгайып бара жатканыңызды мойнума алгам. Ошол моюнга алуу мага кандай азап болду. Эмнеге табият энелерди карытпай жапжаш болуп тура турган кылып жаратпаган дедим ичимден. Мойнуңузга түшкөн сызыктар… Алар эмнелерден кабар берип турду экен. Окуй албай туталана түштүм. Экөөбүз жайып олтурган сүзмөдөй саамайларыңыздын агарганын караңызчы дедим ичимден онтоп. “Күзүндө шаарга кеткенде ала кетесиң”, – деп баягы күндөрдөн да алысыраак жолго даярдап жаттыңыз. Ал күнү үйгө кирип алып терезеден көпкө күнөстө жайылып турган курутка карап туруп, терезеден көрүнгөндөй туптунук, апачык болобу менин аттанып бараткан сапарым деп тынчсызданам. Терезенин ар жагында эмне бар, бер жагында эмне турат кайдан билесиң. Эртеңки күн бизге кандай сырларды катып койду болду экен? Кичинекейимде ушул терезени карап турсам, бүтүндөй дүйнө, аалам биздин терезеге батып кеткендей сезилчү, апа.
Терезенин алдындагы алма бак, сырты акталбаган биздин кичинекей үй, апамдын гүлдөрү, биз чоңоюп калганда кичирейип кеткен Күркүрөө, анан чарбактын четиндеги бүлдүркөн. Анан да биздин асман, биздин булуттар, биздин ай! Ооба биздики болчу. Атам айткан ай биздики болчу, атам экөөбүз кайда барсак ай ошол жакка ээрчип барчу, биз үйгө кирип кеткенде байкуш коркуп ыйлачу. Анан мен терезеден карап, таарынба мен уктайм дечүмүн.
Эрте менен ошол терезеден биздин күндүн муруттары кытыгылап тийет. Айтмакчы, терезе демекчи, бир жолу лагерге кетип баратып, окуучулар менен өзүм эле жетип алам дегениме болбой, районго чейин жеткирип келдиңиз. Ал күнү да эрте турганбыз. Сиз эми эле автобустан түшүп, терезеден колуңузду булгалаганда, ошол күнү сиздин туулган күнүңүз экенин эстедим. Кантип унутуп калдым? Түшүп калгым келди, түшө алган жокмун. Ошентип, Таласка жеткенче терезени тиктеп кете бердим. Уялдым, түнү менен керектүү китептеримди салып, кийим-кечелеримди камдап атып кеч жатып, унутуп калыпмын. Ушундай шылтоо кылдым. А сиз эч качан унутпайсыз, кимибиздин качан басып, качан тилибиз чыкканына чейин билесиз. Убакыт так ошол терезеден чууруп өтүп жаткан тал теректердей, үйлөрдөй өтө берет экен. Ушулардын баарын ойлоп олтуруп Дарвинге баш ийдим дедим. Дарвинге баш ийдим дегеним, биологиядан олимпиадага барганда эволюция процесси боюнча суроо келип калганы бар. Ошондо ичимден Кудай өзүң кечире көр, мен Дарвинге ишенбейм, сага ишенем, бирок, суроого жооп беришим керек дедим. Айла жок, мен адамдардын маймылдардан келип чыкканын, эволюциянын негизги факторлорун, алгачкы жандуу организмдердин жаралышын айтуума туура келген.
А азыр Дарвинге баш ийдим деп турган себебим, баягы кышта үйгө барганда атам экөөбүз мештин жанында сүйлөшүп олтуруп талаша кетпедик беле, атам Адам баласынын бул жашоодогу эң негизги максаты эмне деген суроосуна өз максаттарың үчүн күрөшүп, адамдай жашап өтүү десем, “Жок, кызым, негизги максат туяк калтыруу, тукум үчүн кам көрүү, артында туяк калбаса сенин өмүрүң текке кеткен болот” дейт. Мен макул болгон жокмун, кантип?
Тукум үчүн күрөшүү тек адамдык парз эмес, тирүү табияттын баары тукум үчүн күрөшөт, кеп анда эмес. Адам болгон соң өзүңдүн кандай Адам экениңди аңдап билүү керексиң, кеп тукумда эмес, тукумдун сапатында дейм көгөрүп. Себеби, не бир акмактар бар, балдарын көчөдөн таап алгандай тарбиялашкан. Жок дейт атам, себеби, айланып келип, сапаттуу урпак үчүн кам көрүү – бул тукум улоочулук менен жашоо үчүн күрөш эмеспи деп. Ошондо сиз эшиктен отун көтөрүп келип, от жагып, бизге бирден алма бердиңиз. Азыр чын эле ойлоп көрсөм, сиздин ошол эрте туруп от жакканыңыз, былкылдата нан жапканыңыз бул күнүмдүк турмуштук процесс эмес, жашоо үчүн күрөш экен.
Ооба, мен Дарвиндин эволюциянын негизги факторлору болгон өзгөргүчтүгүнө да, табигый тандоосуна да, жашоо үчүн күрөшүүсүнө да, тукум куучулугуна да ынандым. Бирок биологиялык маңызына эмес, тек социалдык маңызына. Мисалы, адамдар эмне үчүн таң заардан күн батканча тытынып иштеп, эс алышпайт? Албетте жашоо үчүн күрөш. Ооба, жашоо үчүн күрөш.
Эмне үчүн кээ бир адамдарда биз күтпөгөн өзгөчө жат мүнөздөр бар? Эмне үчүн адамдар бүгүн ичи-коюнуңа кирип, сырыңды билип, эртең сатып кетет. Эмне үчүн жүзүңө жылмайып, артыңдан жек көрүп ушак айтышат? Эмне үчүн эч тийешеси жок туруп бирөөнүн мал-мүлкүнө көз артышат? Себеби, аларды турмуш ошондой эки жүздүүлүккө алып барган. Башкача жашаса болмок, бирок алар ушул жашоо үчүн күрөшүүдө ушундай жолду тандап алышты, алардын жеткен алдары ошондой.
Эмне үчүн өмүр, өлүм деген түшүнүктөр бар – бул табигый тандоо. Бирок Дарвин айткандай, бир түрдүн пайда болуп экинчи түрдүн келип чыгышы эмес, адамдын адамдык жүзүн сактап калуусу үчүн түзүлгөн табигый тандоо экен. Жашоо үчүн Күрөш…
Жанагы терезе кайра эсиме түштү. Биздин терезе эмес, анда биринчи курска жаңы келгем, маршрутканын терезесин эстеп жатам. Терезени тиктеп кетип бара жаткам. Жамгыр жааганда терезе жакка олтуруп, кайдан келдиң, мени сагындыңбы, катуу жааба сенден корком, бирок сен төгүп өткөндөн кийин, күн чыгып, жашыл чөп, топурак жыттанган аба жагат. Терезени карап олтурчу күндөр терезедеги жамгырдай тез эле өтүп кеттиби деп ичимден ошол кезге куса болуп бараткам.
Маршрутка аялдамага токтогон кезде кылкылдап турган машиналарды улам аралай кирип газета саткан аялды көрдүм. Баласын артынып алган, жаңылбасам кичинекей болгону бир жарым жаш окшойт. Күндүн ысыгынан дем жердин бетинен жылт-жулт деп көтөрүлүп жатканы билинип турат. Мындай ысыкта эшикте жүрүү эмес маршрутканын ичинде олтуруунун өзү кыйын эле. Алып калар бекен деп ар бир токтогон машинанын жанына келип гезит-журналдардын жаңы чыккан санын сунуштап ысык асфальттын үстүндө кетип баратты. Бир эле гезитти сата алды мен көргөнү. Бир колу менен баланын башын көлөкөлөп коет.
Мындай аптапта бул аялдын баласы менен кошо гезит сатып иштеп жатканына ким жооп берет? Ким буларды мындай кадамга түрттү? Ушул аял ушул кыйын күндөрдү кийин баласына айтар бекен? Ушул бала апасына мээримдүү болобу же тагдыр ары калчап, бери калчап, турмуш сабап, апасын көтөрбөй кетер бекен? Бул да жашоо үчүн, өмүрдөгү бир ордуң үчүн, урпагың үчүн күрөштүн бир түрү болсо керек… Апа, сенин сүзмөңдү карап туруп ушуларды эстедим.
Назгүл БОЛОТБЕКОВА