Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Чындык

Чындык, кандайсың? Азыр эмне кылып, кай жакта жүрөт болдуң экен? Сени кимдер издеп, кимдер сенден качып, кимдер жашырып, кимдер сени тебелеп жатат? Кимдер сага жардам берип, сен кимдерге жардам бересиң? Канчалар сенин жүзүңдү көрүшкөн?  Мен дагы бүтүндөй өмүрүмдү сен үчүн багыштагым келчү. Акыйкат! Сени сүйүп өткүм келчү чындык!

Мага бирөө “Чындык жок” деп кесе айтты. Тимеле лап эттире жалын менен үйлөп жибергендей жүзүмө тике карап туруп айтты. “Кандай эч нерсени түшүнбөйсүң, мурдуңду түбүнөн кесип ташта, чындык деген бул  уламыш, сен жашсың, абайла, чындыкты жаап-жашыргандарга баарыбыз биригип да алыбыз жетпейт”, – деп айтты.

Кээ бирөөлөр үчүн чындык деген түшүнүк бүтүндөй изденүүнү, жашоонун маңызын түзөрүн адамдар билишпейт. Алар үчүн “Чындык жок” деген чындыкты угуу маңыздуу эмес. Себеби, алар акыйкат деген түшүнүк менен үмүт бар үчүн гана жашап жүрүшөт. Андай адамдар үчүн дүйнөдө жалган көп экенин аңдаган өмүрдөн да акыйкатка жетелеген өлүм артык. Бирок ал адамдар мен сыңары сенден коркушат. Себеби чындык сенин чыныгы жүзүң, биз каалагандай жашоо, биз каалагандай түшүнүктө эмес. Сен бизге баш ийбестен өз түшүнүгүңдө жашай бересиң. Тээ башынан табиятың кандай болсо, ошол бойдон өзгөрбөй келе жатасың.

Эгерде мен чымчык болгондо таң аткандан күн батканга чейин сен жөнүндө жар салып ырдамакмын. Ар бир адамдын көкүрөгүнө бул ыр үрөн болуп себилип, ошол үрөн жазында кар алдынан чыккан байчечекейдей үшүбөс, баатыр болуп өнүп чыкмак. Мына!  Мынакей чындык! Мен ошондо сенин жүзүңдү көрөт элем.  Мен эртенден баштап чымчыктардай болуп ойгонгонду жана чымчыктай сайраганды үйрөнөм. Ар күнү адамдарга өмүр, чындык, достук, сүйүү жөнүндө кабарларды жеткирип турам. Мен бардык адамзаты сенин жүзүңдү көрүп, сенин сулуулугуңа суктанып,  сенин тазалыгыңан уялып, өздөрү да бир тамчы чындыкка айланып кетишседейм.

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар