Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Жаңыл мырза

(Башталышы өткөн санда)

Жаңыл мырза тарыхый инсанбы же элдик поэмадагы баатыр кыздын образыбы? Азырынча бул суроого кыргыз тарыхчыларынын соңку муунунун так жообу жок өңдөнөт, “Кыргыз тарыхы” энциклопедиясында (Бишкек. 2003-ж.) Жаңыл мырза тууралуу алакандын отундай да маалымат берилген эмес.

Дөөлөс той түшүрүп, ак никелеп, анан гана Менсекени алмак болуп макулдашат. Сөз бүтүп, Дөөлөс элине жуп кайтаарда Менсеке: “Эгер мени алаарың чын болсо, орто жолдо эч бир аялга жолобой кайра кел. Сенин белиңде жакшы жөрөлгөлүү белги бар. Ошол экөөбүз кошулганда мага өтүш керек, – деп шерттешип атказат.

Ордо жатып аял эңсеген Дөөлөс жолдо калмактын дагы бир кызы Жезбийкенин сулуулугуна кызыгып, ала келип жолоп койгон болот. Белиндеги жакшы белги ошол Жезбийкеге кетип калат. Дөөлөс аны этибар албайт да, убада боюнча калыңга мал айдатып, той түшүрүп Менсекеге келет.

Касиеттүү Менсеке кыз Дөөлөстүн белиндеги белги башка бирөөгө кеткенин билип: – “Оңбогон, бурут! Убадага турбай, башка аялга жолоп келиптирсиң. Эми болбостур. Атама берген убада боюнча сага тийем! – деп Дөөлөс менен баш кошот” – деп айтылат санжырачынын сарыбагыш тууралуу санжырасында.

Дөөлөстүн 4-аялы Менсекe төрөгөн эмес экен, Жезбийке төрөгөндө, анын баласын амал менен тартып алып, бечара Жезбийкеге күчүк таштатып, ал «күчүк» төрөгөн болуп калат. Ошол бала – Манап, аны Менсеке Дөөлөстүн белиндеги жакшы белги деп, башка аял төрөбөй мен төрөсөм деген эмеспи санжыра боюнча.

Мыкты санжырачыларыбыздын бири Омор Эркетанов Кылжырдын эки баласы Орозбакты менен Дөөлөс 13-кылымдын аягы, ХIV кылымдын башында жашаган деп алардын жашаган мезгилин да көрсөтүп кеткен  экен.

Түлкү, Үчүкө мына ошол Манаптын тукумдары – неберелери.

Санжырачылар Манаптан – Сүтөй, Жарбаң деген эки баланы таратат. Сүтөйдөн – Сарысейит, Эшим, Түгүр (Тoгoр). Сарысейиттен – Үчүкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене.

Алардын доору ошол кездеги жоокерчилик заманга туш келгендиктен, Үчүке, Түлкү экөө да баатыр атанып, эл четинде, жоо бетинде жүрүшөт. Үчүке үйлөнүп үч балалуу болуп калганда, Түлкү да таластык саруу уруусунун бир мыктысынын Жаркын деген кызын  алат.

Мына ушундай жай күндөрдүн биринде, эл жайлоого көчмөй болуп, журтта Жаркын кайненеси менен калат. Келин атка минип, жердеги бешикти эңип ала албай, аябай убара болот. Жакын арадан киши болбогон соң, кайненесинен “бешикти алперип коесузбу?” деп өтүнөт. Кайнене аны буйруктай, келини аны жумшап жаткандай кабыл алат. Нетсе да Сарысейит баатырдын аялы, Түлкү, Үчүкө баатырдын энеси эмеспи.

Келининин өтүнүчүн буйрук катары кабыл алган кайнене келинин төркүнүнө кетирип иет.

– Мен Түлкүнүн аялын кетиртип жибердим. “Катын жолдо, бала белде”. Балам тил алса той түшүрүп, мал берип катын албай эле койсун. Карсылдашып салышып, малын тийип, тартууга келген же колго түшүрүп келген катынды алсын! Мына той түшүрүп, калың берип төмөнкү Саруулардын мыктысынын кызы Жаркынды алдык эле, ал кайра тең ата болуп кайненесин жумшаганга чейин барды. Береги Ичке-Суу, Лобнордо нойгуттардын Жагоо бийинин кызы бар экен. Аты Жаңыл экен. Эркек сыяктуу кайгуулга чыгып, ит агытып, куш салып мырза чалыш жүргөндүктөн аны «Жаңыл мырза» дешип кадырлашат дейт. Мага ошону келин кылып бергиле – дейт кесир сүйлөгөн кайнене.

Ошентип, Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабак, Үлбүрчөк, Бургуй баатырлар Жаңылды алып кетүүгө аттанат да, Түлкү баатырдын энесинин кесирлигинен мыкты-мыкты баатырлар жарык дүйнө менен кош айтышкан. Аны менен тим болбой, нойгут элинин асманын кара булут каптаган.

Окуянын калганы Жаңыл мырза тууралуу баяндарга окшош эле.

Кыскасы, нойгут элинин бактысына төрөлгөн көзгө атаар мерген, баатыр Жаңыл мырзанын тагдыры кайгыга айланган. Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабак, Үлбүрчөк, Бургуй баа-тырлар атайы аттанып барып, нойгуттарды Жаңыл мырза жокто чаап, малын тартып, тозокту көзүнө бир көрсөтсө, кийин Үчүкө, Түлкү баатырлардын кунун кууганы барып, мында бир кызыл уук кыла чаап, Жаңыл мырзаны туткундап алып келишкен. Тарыхый маалыматтарга караганда, мына ошондон кийин нойгуттар бир жагынан калмактардын кысымынан, бир жагынан кыргыз урууларынын кысымынан улам Лобнорду ичкерилеп көчүүгө аргасыз болушкан.

Бизге Жаңыл мырзанын өз эл-жерине баргандан кийинки тагдыры белгисиз. Ал эми нойгуттардын андан аркы тагдыры тууралуу үзүл-кесил маалымат А.Асанкановдун “Шинжан кыргыздары” тууралуу китебинде бар. Көрүнүктүү этнографтын: “…Кыргыздардын бир гана Ак-Сууда эмес, Керме-Тоонун башка жерлеринде пайда болуусу XIIк. туура келет. Бул жөнүндө кытай булактары күбөлөндүрөт. XIV-XVI кк. кыргыздар тарабынан азыркы Ак-Суу аймагынын батыш бөлүгү да өздөштүрүлгөн. XVIII к. Үч-Турпан, Жаркенд, Кашкардын бүт тарабында кыргыздар жашаган деп кытай булактары билдирет. Алар малдары менен Аксай менен Арпыдан, Үч-Турпан жана Какшаалга дейре, анан кайра жакшы жайыт, жайлоо жана кыштоолорду издеп көчүп  турушкан.

Ал эми нойгуттар тууралуу айтсак, алардын түштүк тарапка, тактап айтканда Лобнор жакка баруусунун социалдык-саясий, белгилүү бир деңгээлде этникалык себептери “Жаңыл мырза” эпосунда  баяндалган.

Ал Ормотойдон качып чыккан соң, Ак-Суудагы Какшаал жерине өзүнүн уруусуна кайткан. Нойгуттар өздөрүнүн коопсуздугу үчүн, Байсары жакка Лобнор тарапка көчүшкөн. Аларды Ак-Суунун түштүгүндө, тактап айтканда, Лобнордо жашаган уйгур уруусуна сиңишип кеткен десе болот.

Эмнеге нойгуттар Лобнор тарапка, уйгур чөйрөсүнө же Тарим ойдуңунда жашаган кыргыздарга кеткен деген суроо туулат. А.Мокеевдин ою боюнча, Ак-Суунун түштүк бөлүгүндөгү талааларда жашаган кыргыздар, социалдык-экономикалык мамилелер, этникалык жактан Лобнор калкы менен жакын болушкан. Ошондуктан, ушундай оор саясий кырдаалда нойгуттар өздөрүнө жакын, тууган элден баш калкалоо издешкен. Бир жагынан, нойгуттар сарыбагыштар жете албаган алыс жерлерге, Лобнорго  барышкан.

С.М.Абрамзон Синьцзяндан чыккан адамдар менен сүйлөшүү учурунда, Жаркен-дарыясында, Чекилдик жана Караңгылык аймагында уйгурлар тарабынан куугунтукталган, өздөрүн Жаңыл мырзанын урпактарыбыз деп эсептеген бийик бойлуу долондор бар экенин билген. Кээ бир маалыматтарда, долондор Кызыл Көбү, Чоң Мыс, Орто Мыс, Кичи Мыс, Балан Суу, Чоң Калка, Орто Калка, Кичи Калкада туруп, өздөрүн атасы кыргыз, энеси калмак, Долондун кызы деп айтылат. Кытай жазма булактарында, Ак-Сууда 12 мусулман айыл жана нойгут уруусунун жайыттары болгон деп
белгиленет.

Учурда, Боз-Дөң айылында 3 миңден ашык кыргыздардын дөөлөс, бугу, саяк, моңолдор, сарыбагыш, черик сыяктуу уруу өкүлдөрү турушат. Дөөлөс калктын көпчүлүгүн – 60-70%ын түзөт. Дөөлөстөр өздөрү жөнүндө, Чулумдан чыкканбыз – “чулумдук дөөлөс” жана Анжиян дөөлөстөрү болобуз дешет” – деген маалыматы Жаңыл мырза тууралуу кеңири изилдөөгө азыр да кеч эместигин, нойгут элинин баатыр кызы тууралуу кеңири маалыматтар бир табылса Шинжандын Лобнор, Аксуу аймактарынан табыла тургандыгынан кабарлап турат.

Белек Солтоноев 1670-жылдар чамасында “Жаңыл мырзаны Түлкүгө алып бермекчи болуп, аттанышып барышканын”, Жаңылды Ормотойго алпергенде 24 жашта болгонун белгилегенин эске алсак, анда Жаңыл мырза 1648-1650-жылдарда төрөлгөн деп божомолдоого болот. Ал эми анын кайсы жылдарда дүйнөдөн өткөндүгү, дегеле өмүрүнүн кийинки урунттуу учурлары тууралуу маалымат бизде жок.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макала
Кийинки макала

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар