Ушул жылдын жаз айында Бишкекте ортопедия оорусу боюнча дарыгерлердин конференциясы болуп өткөн.
Конференцияда ортопедиялык ооруларды операциядан тышкары минералдык ысык суулар менен дарылоо жакшы натыйжа бере тургандыгы тууралуу сөз болгон. Конференцияга катышкан 10дон чет өлкөлөрдүн дарыгерлери да ушуну айтышкан. Кыргызстанда дарылык касиети бар минералдык суулар өтө көп, бирок ал сууларды колдонгон курорттор аз. Ошолордун ичинде «Ысык-Ата» курорту алдыңкы катарда турат. Илгертен эле бул суу-нун касиетин жакшы билишип, муун оорусу барлар дарыланып келишкен. Мергенчилердин айткандары боюнча, жарадар болгон жапайы кайберендер да буттарын салып дарыланып турган.
Ошентип, «Ысык-Ата» курорту 50-60 жылдан бери иштеп келет. Бүгүнкү күндө көп жылдан бери ремонт болбой коттедждери чириген. Негизги дарылануучу бөлмөлөр иштен чыккан. Курорттун бардык корпустарындагы жылытуу системасы иштеп чыгып, полдору жарабай калган.
Мекеменин директору Руслан Кадыркулов төмөнкүлөргө токтолду: «Оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын март айында башталды. Бүгүнкү күндө 200гө жакын жумушчу иштеп жатат. Буюрса, 3 жаңы корпус, 5 бассейн, 6 коттедж жана ашкана салынат. Мындан сырткары, бардык корпустар ремонттолот.
Ал эми учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу эс алуучуларыбызды мурда иштеп пенсияга чыккан адамдардын үйлөрүнө жайгаштырып жатабыз. Башкача айтканда, 3 кабаттуу 4 корпуста 30дай квартира бар. Ар бир квартирага 3төн киши киргизсек, болжол менен 180 адам батат. Ошондой эле 2 кабаттуу корпусубуз бар. Ал жерге 30га жакын адамды жайгаштырууга болот. 40тай адамды боз үйлөргө жаткырсак болот», – деди.
Руслан Кадыркуловдун айтымында, ремонт учурунда 3 менчик бассейн жана 2 ашкана күн сайын иштейт. Территорияда 1 чоң дүкөн иштейт. Анда керектүүлөрдүн бардыгы сатылат. Бир гана дарыкана жана чачтарач жок.
Айталы дегенибиз, «Ысык-Ата» курортунун ремонт иштери эртерээк бүтүп, элибизге кылымдар бою кызматын кылса деген эле тилек.
Токтосун ТАЛИПОВ, Аламүдүн району