Өткөн жумада Нарын шаарында үч жаштагы наристе эмдөөдөн кийин чарчап калды. Бул окуя коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Бири дарыгерлердин шалаакылыгы десе, бири ооруп жаткан баланы эмдөөгө алып барган ата-энеси күнөөлүү дешти. Айрымдары, эмдөөнүн такыр эле кереги жок деген ойлорун айтышты.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул ишти иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн, наристеге көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө тууралуу иштерди текшерүүнү министр Алымкадыр Бейшеналиев өз көзөмөлүнө алганын айтты.
Бул арада Нарын шаарынын тургуну Эсенакунова Мээрим редакцияга байланышка чыгып, окуя тууралуу буларды айтып берди: “Поликлиникадан телефон чалып бизди эмдөөгө чакырышты. Баламдын тамагы ооруп жатканын айтсам: “Анда келип көрсөтүп кеткиле”,– дешти. 2-июль күнү Нарын райондук ооруканага бардык. Бизди аймактык дарыгерибиз Жумалиева Гүлмира кабыл алды. Умардын тамагын, өпкөсүн текшерди. Коркунучтуу эч нерсе жоктугун айтып: “5 күн ингаляция алуу керек. Аны бүткөндөн кийин эмдөөнү ала берсеңер болот”, – деди. Жазып берген дарыларын алып, 5 күн катар менен ингаляцияга келдик. 8-июль дүйшөмбү күнү дарыгердин айтуусу боюнча эмдөөгө алып келдик.
Мен баламдын жөтөлү дагы деле бар экенин айттым. Бирок, Гүлмира Жумалиева Умардын тамагын текшерип көрүп: “Балаңар жакшынакай эле турат. Жөтөлү акырындык менен кетет”, – деп медициналык картасына эмдөөгө уруксат жазып берди.
“Ийне сайдыргандан кийин температурасы көтөрүлсө эмне берем”, – деп сурадым. Медайым: “Дене табы деле көтөрүлбөйт, үйгө алып барып жылуулап жаткыргыла”, – деди. Бирок, биз үйгө келатканда жолдон эле баламдын эти ысып, шалдырап уктап калды. Ошентип, кечке чейин ойгонгон жок. Дене табын түшүрүү үчүн 2 мл. “Ибуфен” бердим. Уктап жатканда оозунан ак көбүк агып, оозунун ичи агарып кетиптир. Эртеси жолдошум ооруканага алып барса Г. Жумалиева конференцияга кетиптир. Кайра үйгө келишти. Чай берсек ичпей койду. Шайы жок, шалдырап уктап жатты. Айлабыз кетип 4-5 тер чамасында тез жардам чакырдык. Алар келип температурасын өлчөгөндө, 38,5ти көрсөттү. Парацетамолдун жарымын бөлүп берип, 37 градуска түшүрүштү. Колу шишип жатканын айтсам: “Йод менен торчо жасап, оозун фурацилин менен чайкап, стрептоцидди майдалап сээп коюңуз. Эртең менен жакшы болуп калат. Эгер температурасы дагы көтөрүлсө эки саатта бирден парацетамол берип коюңуз”, –деп кетишти.
Умар ошол бойдон эле уктап жатты. Наар таткан жок. Түндө ойгонгонунан чай берсек, кайра кусуп салды. Ичи да өтүп кетти. Жолдошум экөөбүз алмак-салмак балабызды көтөрүп жүрдүк. Таң атканда Нарын облустук инфекциялык ооруканага бардык. Анткени, мурда 1-2 сапар жөтөлүп ооруп калганда ошол ооруканага барып жатып дарыланып чыкканбыз. Ал жерден эмдөөдөн кийин температурасы көтөрүлүп, түшпөй жатканын айтсак: “Каерден ийне сайдырсаңар ошол жерге баргыла” деп кабыл албай коюшту. Мен суранып атып, акыры ооруканага кирдик.
“История” ачтырып келгиле, азырынча эч кандай “назначение” кыла албайм. Ага чейин жатып тургула”, – деп койду дарыгер Керемет Таалайбекова. Кишинин көптүгүнөн жолдошумдун кезеги көптө жетти. Кезеги жетсе, аны паспортторубуздун көчүрмөсүн чыгарып кел, биз жакта свет жок”, – деп жиберип ийиптир. Ошол күнү Нарындын борбордук бөлүгүндө свет жок экен. Шаардын тигил бурчунан бул бурчуна чейин кыдырып издеп жүрүп “Жаштар Ордосу” деген жерден документтерибиздин көчүрмөсүн чыгарып келди. Жолдошум кайрадан кезекке турууга мажбур болду. Айтор, саат 13:30 дегенде кезеги жетип, “история” ачылды.
Ага чейин дарыгерге кайра-кайра келип, баламдын дене табы аябай көтөрүлүп энтигип жатканын, бир нерсе кылуусун суранып жатып, капельница койдурдум. Кечки саат 5терде экинчи жолу капельница коюп беришти. Нөөмөт алмашып, түнкү нөөмөттө иштей турган дарыгерлер келди. Аларга жагдайымды айтсам, реаниматолог чакырышты. Эки реаниматолог келип Умарды көрүп эле: “Абалы оор экен, реанимацияга которобуз”, – дешти. Ошентип, реанимацияга которуп, үстөккө-босток ийне сайып, анализдерди алып, кислородго кошушту. Бирок, тилекке каршы ошол бойдон көзүн ачкан жок…
Умар үчүнчү балам эле. Буга чейин эч кандай оору менен ооруган эмес. Бардык эмдөөлөрдү алып келгенбиз.
Бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, министр өзү баш-көз болорун айтты. Иш дыкат иликтенет деген үмүттөмүн. Мендей болуп эч ким сыздабасын”, – деди Эсенакунова.
Жогоруда айтылгандай, бул окуя боюнча атайын комиссия иш алып барууда. Комиссиянын мүчөсү, Республикалык эмдөө борборунун директору Гульбара Ишенапысова: “17-июлда министрдин буйругу менен атайын жумушчу топ түзүлдү. Комиссиянын мүчөлөрү Нарынга барып келдик. Наристеге көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө тууралуу иштерди текшерип жатабыз. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы билинсе, жакынкы күндөрү комиссиянын иликтөөсү боюнча маалыматтарды беребиз”, – деди.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,“Кыргыз Туусу”