Жазуучу жана сынчы Дайырбек Казакбаев улуттук адабияттын казынасын байыткан “Мүдөө”, “Талаа ырдайт”, “Таазим”, “Улар үнү”, “Айдың көлдүн ак куусу” ж.б. китептери менен кыргыз окурмандарына жакшы тааныш. Ал таланттуу жазуучу да, адамгерчилиги бийик, билимдүү, жакшы адам эле.
Жазуучунун жубайы Ырысбүбү Бөлөкбаеванын эскерүүлөрү окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.
Дайырбек “наивный” эле
– Сени Мелис Абакиров дайыма “наивныйсың” – дейт, анысы мага жакпайт, эмнеге унчукпайсың, – десем:
-Сага жакпаса койсуң, ошентсе эле “наивный” болуп калат белем. Ар ким ар нерсени айтат, ага көңүл буруунун кереги жок. Чычалап же аны душман көрүү туура эмес. Жолдоштордун ичинен да ошо Мелис мыкты, ак жүрөгүбүз эле ошол, — деп коер эле.
Кийин ойлосом, Мелистики туура экен.
***
Дайырбек көп жылдар Талас университетинде иштеди. Кийин ал кайтыш болгондо ректор Жылкычиев кейиген түр көрсөтүп: “Айкөл киши эле, университеттин статусун көтөрүп турган бирден-бир билимдүү окутуучу болчу”, – деген бийик сөздөрдү айтты. “Ии, эми ушу сөздөрүнөн кийин өзү да айкөлдүк кылып, Дайырбек көзү тирүүсүндө жашаган тамды менден талашпастыр дегем. Кайдан!? Дайырбегимдин сөөгү муздай электе: “Университеттин тамы менчикке өтпөгөнүнө байланыштуу баласы экөө тамдан чыгышсын” – деп сотко берди. “Мен Дайырбектей болбосом да ишке алыңыз. КТРде 25 жыл редактордук ишти аркалап келдим, Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн”, – дегениме да көнгөн жок.
Көрсө, Даке көр тирликтин майда-баратынан өйдө туруп жашачу экен. Университет берген тамды менчиктештирип алууну ойлонуп да койбоптур.
СССР кезде наамга көрсөткөндө “Жок, мен албайм”, – деп “отказ” берип койгонун кантейин. Акыркы жылдарда ким көрүнгөн алып жүргөн “ишмер” деген наамга улам көрсөтүлүп, улам эле берилбегени – шылдыңдоо болду окшойт.
***
Бейшенбай Усубалиев: “Бул наамды эчак эле алса керек, азыр Эл жазуучулукка көрсөтүлүп жатса керек деп ойлогом”, – дейт. Кайдан? Дайырбекке наам берилбей жатканда, ага кейиген жок. Ал СССР кездеги таза нерселердин кирдеп, баалуулуктарыбыздын талкаланып, жок болуп баратканына, жашообуздун тескери кетип баратканына кейип жүрдү. Дайырбекке окшогон кишилер кор болушту. Жулкунбайлардын баары “бекер иштептирминби, бекер жашаптырмынбы” – деп колдорунан келишинче баарын алып-жулуп, сатып, бүлдүрүштү.
***
…Бизде анча деле көп акча болчу эмес, үй-бүлөлүк керектөөлөрдөн ашпаган акчаны да “Акча адамдардын көңүлүнөн өйдө турмак беле”, – деп ким сураса кармата берчү.
Он миллион рублдан үлүш жок…
Даке китепти көп окучу. Турмуш-тиричиликке деле анча кийлигишчү эмес, бирок балдардын тарбиясына тыкыр көз салчу. Ошентсе да күнүмдүк жашоо образы экөөбүздү кээде экиге бөлүп, бири-бирибизди түшүнбөгөн жагдайлар болбой койчу эмес. Мени көп эле ант-минт деп башкарчу эмес.
Азыр ойлосом ал туура жашаган экен.
Эрди-катындардын ээрчишип алып, жашоо-тиричилик тууралуу баарлашып жүргөндөрүн көрүп, же күйөөсү үйгө ар кандайча кол кабыш кылганына суктанар элем. Дакеде мындайча сапаттар жокко эсе эле, чыгармачылык, жумушу, окуусу менен жүрчү. Ушак менен иши жок, “Бирөөнү жакшыла, макта, жамандаба, бирөөдөн алба, бер”, – дечү.
Убагында мен анын бул сапаттарын анча түшүнө алчу эмесмин. Көрсө ал турмушка башкача жаралган жан тура…
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары Жазуучулар союзунун иши токтоп калган абалга келген, иштегендер дотациядан чыгарылып, өзүңөрдү өзүңөр баккыла болуп калган. Дайырбек эки жылдай айлык албай бекер иштеп жүрүп бир топ спонсорлорду тапкан. Бизнесмен Абдыжапар Тагаев которгон чоң сумманын 10%ы Дайырбекке таандык экенин убагында билбептир. Кийин А.Тагаев “10%ын алдыңызбы, ошону менен эле байып кетмексиз да”, – дептир. Тагаевдин минтип айтканына караганда миллиондорду которгон окшойт, он миллион рубль, жаңылбасам.
Даке дагы бир бизнесмен менен иштешип калат, анын “Баланча чоңго кирип, минтип бериңиз” деген өтүнүчтөрү менен көп жүрөр эле. Иши оңуна чечилип калса керек, Дайырбекке үлүшүн таштайт. Аны дагы Союздун кем-карчына жумшап, пайдасын көргөн эмес. Сурангандарга жок дей албаган Даке, карызга дегендерге: “Акчаң болуп калса кайтарып берээрсиң”, – деп кийин бирөөсүн дагы ала албай калган…
Жазуучулар союзуна алып келинген миллиондогон каражаттарды бир акындын эки бизнесмен баласы жүгүртүүгө алышканын кийин уктум. Ал “бизнесмен балдар азыр да бай, дээринде бар турбайбы” – деп аларды мактап жүрдү.
Биз эч нерсе менен ишибиз жок, ар кимге жардам берип, беймарал жүргөндө “дээринде барлар” таламайды башташкан экен.
Балдарына жомок айтып берип уктатчу
Уктаарга келгенде балдарыбыз сүйүнчү, себеби жомок уккулары келчү. Дайырбек жомокту жөн эле айтпастан ар кандай образдарга кирип, көркөмдөп айтчу. Мен баш болуп анын ошол көркөмдөп, берилип айткандарын караңгыда угуп жатып уйкуга кетер элек.
Жарыкта колуңа китеп алып окугандан көрө, түнкү тынчтыкта, төшөктө жатып алып көзүңдү жуумп уккан жомок өзүнчө керемет эле. Дайырбектин бул артыкчылыгын балдары тамшануу менен эстеп калышат.
Ал жомокторун күндүзү окуп алчу, кечкиге даярдап коеюн деп, кокус жетишпей калса: “Бүгүн укпай эле койгула, жаңы жомогум жок” дечү. Жомок укмайынча уктабаган балдары көнчү эмес.
Бала деген бала да, күндүз кечке иштеп чарчаганың менен иштери канча…
Көздөн учкан Бельгия пальтосу
Телерадио комитетинде иштеп жүргөн чагым. Жаш кезде моданын артынан кубалабасаң да жакшы кийим тандап, жарашыктуу кийингиң келет эмеспи. Көп жылдар бою Бельгия пальтосу модадан түшпөй кары-жаш дебей, уктаса түшүнөн кетпеген бир мезгил болгон. Менин дагы кийгим келет, бирок ал пальто табылбайт. Табылса да кымбат, ар ким эле ала албайт, тааныштын таанышын салып, складдан араң аласың, анда да сенин өлчөмүң боло бербейт. Ошентип бир топ жыл Бельгия пальтосу модада турду.
Бир тууган абысынымдын төрт Бельгия пальтосу бар болчу. Үчөө даяр сатып алынган, бирөөсү заказга тигилген. Төртөө тең жарашыктуу, мага да чак. “Үчөөсүн бербейт, оригинал – кымбат пальтолор. Бельгиянын кездемесинен тигилген пальтосун сурасам берер бекен”, – деп үйүнө барган сайын кире бериштеги илгичте илинип турган жеринен кийип көрүп күзгүсүнө көрүнчүмүн. Өңү күрөң, жакасы көгүш норка. Мага ченеп тиккенсип чагын айт, жарашканын айт. Бир жолу дагы кийип алып күзгүгө каранып жатсам ары жактан абысыным чыгып калды.
– Пальтоңузга кызыгып, мага кандай келер экен деп эле…
– Ии сага тимеле куюп койгондой го… Эми ушу пальтону кийген бойдон барып дүкөндөн пияз, нан сатып келчи, — деди.
“Кудай жалгап пальтосун берип коет окшойт”, – деп ойлоп, дүкөнгө кандайча барып келе калганымды да билбейм.
– Көптөн бери оозум барып айта албай жүргөм. Жеңе, бир пальтоңузду мага белекке бербейсизби, иштеп жүргөн кишиге кийим керек экен, – дедим.
– Ии кайран неме, сен иштеп жүргөн киши экенсиң, мен үйдө отурган киши экенмин да, үйдө отургандарга кийимдин кереги жок бекен, – десе болобу.
Кечинде үйгө келгенде Дайырбекке айтсам: “Сен намысына тийип, туура эмес сураган турбайсыңбы, башкача “подход” кылбайт белең”, – деди.
Кайнагам чоң кызматта эле, чет мамлекеттерге көп барчу, барган жерлеринен деле куру кол келбейт. А менин эси дартым эле пальто, кийимге кызыгып жүргөн кезим экен. Кийин бир жолу кереги жок кийимдерди иреттеп жатып бозомтук өң пальтомду көрүп, аргасыз бир жылмайдым. Дайырбектин китеби чыгып, гонорарына складдардан пальто издеп жүрөбүз, мага чагы табылбайт. Анан бир аз чоң өлчөмдөгүсү табылып, саттырып алгам.
..Ар бир курактын өзүнчө баалуулугу болот эмеспи. Эми улгайган чакта жаңы кийимди эңсемек тургай илинип турган киймиңдин кайсынысы кандай экени менен деле ишиң жок – “сулуусунан жы-луусу, эң башкысы ден-соолук”, – деп эле калат экенсиң.
Чарба жумуштарына жок эле
Кээде кээ бир сапаттарын эстеп, жылмайып калам. Таластагы үйүбүздүн там аркасына анча-мынча бир нерселерди тигип койгонбуз. Мен Бишкекте болчумун, “тиккендерибиз куурап калбасын деп сугарып жатам”, – деп калчу сүйлөшкөндө. Көрсө 10 метр шланг сатып алыптыр.
Мен үйдүн жанындагы шаркырап агып жаткан сууну там аркасына буруп койсом таң калган.
– Ой ии, сен кыйын турбайсыңбы, карачы суунун шаркыраганын. Мен шланг менен эле сугарып жаткам, крандагы суу менен, – дейт.
Кичинесинен шаарда өсүп, Москвада жүрүп, жалаң эле окуу менен алектенип, чарба жумуштарын билбей калыптыр.
А мен тескерисинче үйдүн жумушу бүтсө гана китеп кармачумун, бош кезим дээрлик жок, өгөй энем мени ителеп эле турчу, сабак окусам: “Чилистен болмок белең, кыз киши окуп эмнени кыйратмак эле”, – дечү.
Дайырбек Бишкектеги И.Арабаев атындагы университеттен келишим жолу менен чакырылып, Талас мамлекеттик университетинде Коомдук илимдер кафедрасында башчы болуп иштеп жүрдү. «Мынча келгенден кийин акыл-эмгегимди аянбай иштеп берейин» дечү.
Бир тууганы Шүкүрбек Бейшеналиев жөнүндө эскерүүсүндө: «Өлгөн кайра тирилбейт турбайбы», – деп кайгыдан улам өксүгөн арманын төгүп жазганы бар. Өлгөн адам тирилбесин башта билбечүдөй болуп кайгырганына караганда байкесин абдан жакшы көрчү окшойт?
Айтканындай эле өлгөн кайра тирилбейт турбайбы…
Даярдаган Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»