Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Уйкучу Сыдыкмаамыттын укмуштары

Эл ичинде эмне деген гана таланттар, таң калычтуу феномен адамдар, өзгөчө жаралган касиеттүү инсандар бар. Тилекке каршы, алардын айрымдары айыл ичинде эле белгилүү болуп, көп учурда көмүскөдө калып кетет. Ошондой өзгөчө жаралган, кыйын эсепчи, иш убагында бир саамга уктай калып, бирок санагынан, ишинен эч жаңылбаган, ат үстүндө баратып уктаган Нарын облусунун Куланак айылынын тургуну Сыдыкмаамыт Усупбаев тууралуу эл куудулу Келдибек Ниязов кызык кеп салып берди.

Кожомкулдан бата алганы

– Нарындын Куланагында Усупбаев Сыдыкмаамыт деген аксакал өткөн. Ал жаш кезинде албеттүү, күрөштөрдө бир да жолу далысы жер жыттабаган балбан жигит болуптур. Анан ал кыйын эсеп-кысапчы, ар нерсеге жөндөмдүү, эс тутуму мыкты жигит  болгондуктан 24 жашында согушка жибербей алып калышып, колхозго башкарма кылышкан экен. Башкача айтканда, ал тооруктагы Жуков болуп, кайсыл чарба артта калса ошол жакка жиберилип туруптур.

Борбордогу айыл чарба техникумунда окуп жүргөндө мастери чакырып алып: “Сыдык, сен эртең ат менен Токмоктон Шамшынын белин ашып Кочкорго түшөсүң. Ошону менен батышты көздөй жүрө берсең Суусамырга жетесиң. Ошол жакта Кожомкул дегенге жолугасың. Ал Суусамырда жер айдатам деп соколорду төөлөргө артынып кетип аларды чогулта албай ит кылып жатыптыр. Барып ошолорду чогултканга жардам бер” дейт.

Ошентип Сыдыкмаамыт жолго чыгат. Кетип бара жатып жолдон үч аттын изин көрөт. Бир топ узаганда ал бир ат, бир кишинин изи болуп калат. Ага таң калган ал баягы болжогон жерге жетип Кожомкулдун үйүн сурамжылап отуруп табат. Өзү эки метрдей болгон Сыдыкмаамыт дөөдөй болгон Кожомкулду көрүп жүрөгү түшүп калат. Кожомкул ага карап: “Ой жанагы борбордон келчү соко чогулткуч сенсиңби, кел алдыңа кетейин” деп тамактандырып, жаткырат. Эртеси Сыдык таяке туруп соколорду караса кураштырабыз деп тигилер экөөнү талкалап салышыптыр дейт. Калгандарын Сыдыкмаамыт кынаптап чогултуп, аттарга кошуп, жер айдашат. Ошондо Кожомкул ага атайылап ирик союп, акча берет. Эми кетейин деп жатса Кожомкул “Ой балам, сен эсеп-кысапты да мыкты билет турбайсыңбы, мобулар отчёт бере албай жатышат. Жардам кыл” деп эки-үч бухгалтерди көрсөтөт. Айласы кеткен Сыдыкмаамыт аке дагы эки күнгө калып, алардын отчётун тууралап берип анан кайтканын айтып калчу.

Отурган-турган жеринде уктаганы

– Сыдыкмаамыттын бирөө менен сүйлөшүп жатып же бир нерсе кылып жатып эле 2-3 мүнөткө шак уктап калган өзгөчөлүгү болгон экен. Башкы бухгалтер болгондуктан ал сол колу менен чот кагып, оң колу менен жаза берчү дешет. Кээде чот кагып жатып уктап кетип кайра ойгонгондо эсебин ошол токтогон жеринен жаңылбай улантып кетчү экен. Жүздүк, миңдик эсептерди такылдатып чотко салып жатып эле бир кезде тымтырс боло түшчү экен. Жанындагылар “Аа тиги киши куш уйкуга кетти” деп коюшчу тура. Айткандай эле ошол кезде анын оң колу чоттун үстүндө, сол колу калем кармаган боюнча кагаздын үстүндө катып калчу экен. Ойгонор замат эсебин улантип, бир да цифрадан жаңылбаптыр. Буга кошо иштегендер бир эсе таң калышып, бир эсе ишенип, ишенбей да кетишчү деп айтып калышат.

Апам Сыдыкмаамыт акенин аталаш карындашы болчу. Жайлоодон кымыз келип калганда апам килейген кашка аты менен ары-бери өтүп калган Сыдыкмаамыт акени кымызга чакырып калчу. Бир жолу да апам ал кишини чакырып бир кесе кымызды сунса тартып жиберип, “Сонун экен, кимдин кымызы?” деп кесени кайра сунуптур. Апам кесени алайын десем эле колун сунган боюнча уктап жатат дейт. “Күлкүм келип акырын кесени колунан бошотуп алып, кымыз куюп кайра колуна койсом кармап калды. Сыртка чыгып кайра кирсем ойгонуп кетип “Аа кайра куйдуң беле?” деп кымызды ичип, сөзүн баягы токтогон жеринен улантып кетип жатпайбы” дейт апам. Бул киши башкалардыкына барганда да чай ичип оту-руп эле отурган жеринде уктай калчу экен.

Бир күнү ал Куланактан он чакырым алыстыктагы Учкун айылындагы кайын атасыныкына кашка аты менен барат. Кайын атасы күйөө баласын жакшылап сыйлап, атына жем, беденин бүрүн берип тойгузат. Кечинде Сыдыкмаамыт коштошуп жолго чыгат. Атка минер менен эле ал уйкуга кирет. Кашка аты жолдун ортосунан баягы жем менен бедени эңсеп кайра артка жөнөйт. Эртең менен таң куланөөк кайын атасы даарат алганы сыртка чыкса эле кашка ат акырда турат дейт. Үстүндө соксоюп күйөө баласы отурат. Чочуп кетип жакын келсе күйөө баласы кебелбей ат үстүндө отурган боюнча уктап жатыптыр дейт. Муну азыркыга чейин учкундуктар кеп кылып калышат.

Эч жаңылбаган эстутум

– Кийин Сыдыкмаамыт аке өзү айтып калып жүрдү. Башкы бухгалтер болгондуктан айына бир жолу Нарынга отчёт тапшырганы барчу экен. “Нарынга чейин 45 километр. Айылдан чыкканда уктайм, Нарынга жеткенде ойгоном. Кашка ат барчу жерге өзү алып барат. Отчётту тапшырып, эки куржунга элдин акчасын салып алып кайра бери көздөй жол тартам. Бир кезде кашка ат окуранат, ойгонсом үйгө келип калган болом. Агезде каракчы, ууру деле толтура болчу. Өзүмдүн келбетимен, атымдын чоңдугунан даай алышпаса керек” дечү эле. Кийин бул кишинин мындай өзгөчөлүгүнө таң калышып “Уктаганда кандай акыбалда болосуз? Кантип ойгонор замат сөзүңүздү токтогон жерден улап кетесиз, кандайча эсебиңизден жаңылбайсыз?” деп сурашыптыр. Анда Сыдыкмаамыт “Билбейм, уктаганда көзүмдү жумуп кайра ачкандай эле болом” дечү экен. Кийин айылдаштары “Сиздей адам чанда бир жаралат, сизди бир текшертип көрбөйлүбү” дешсе, “Соо жанымды оору кылбайынчы. Койгула, капкайдагыны чыгарбай” деп болбой койгон экен.

Эң кызыгы, бул кишинин эстутуму да мыкты болчу дешет. Карта ойноп отуруп жанагинтип уктап калганда акырын бир картасын алмаштырып коюшчу тура. Ойгонор замат “Ой байболгурлар, картаны эмне алмаштырып ийдиңер” деп билип койчу экен. Эстутум демекчи, бул киши айылдагы ылакап аты барлардын баарынын аты-жөнүн  так билип, чакырганда, учурашканда да өз атынан айтып учурашчу экен. Бир күнү айылдаштары Сыдыкмаамыт менен ак моюндан ичип калышат. Бир кезде алар эсепчи акенин эстутумун бир текшерип көрөлү дешип айыл ичиндеги ылакап аты бар отуздай кишини жазышат. Анан аны бирден Сыдыкмаамыт акеге окуп беришсе ар биринин азан чакырылган ысымын жаңылбай айтып берген тура.

Кыргыздар ушундай феномен, өзгөчө жаралган адамдарыбызга маани бербейт экенбиз да. Балким, учурунда изилдеп көрүшсө бир кызык ачылмактыр”, – деп сөзүн бүтүрдү К.Ниязов.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар