Суббота, 28 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Түз жерлерибизди үнөмдөшүбүз керек

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун “Көрүстөндөр көйгөйү” видеоматериалын көргөндөн кийин мен дагы үн кошкум келди. 70-жылдары бир районго гастролго барып калсак кыл кыякчы Толтой Мураталиев “Бул райондо менин бир жээним жашайт. Райондо кызматкер. Эртең түштө 4-5 киши келип чай ичип кеткиле деп чакырды”,- деди. Асанкул Шаршенов, Уркаш Мамбеталиев, Толтой, мен болуп бардык. Короосуна кирсек бастырмасынын алдында бийиктиги 2 метр кыпкызыл таш турат. Асанкул “Бул эмне болгон таш?” десе, үй ээси шашкалактап “Апабыз каза болду эле. Ошого эстелик тургузалы дегенбиз” деди. Конок болуп кетип калдык.

Кийин Толтой баягы жээниникинен көргөн таш тууралуу кеп кылып калды. Көрсө, ошо таштан балдары апасына эстелик коюшуп, темир коргон менен коргондошкон экен. Көп өтпөй улуу баласынын түшүнө апасы кирип “Уулум, мени эмне очойгон таш менен бастырып салдың? Ташыңды, темириңди алып кет” деп түшүнө кирет. Ал түш кайра-кайра кайталанат. Союз кези болгондуктан аны кимге айтарын билбей жүрсө айылдагы Сейил деген карындашы келип “Байке, апам түшүмө кирип байкеңе айт, темир-тезегин, ташын алып койсун” деди дейт. Айласы кеткен Толтой туугандарын чогултуп, иштин чоо-жайын айтат. Анан алар кеңешип элге “Эстеликтин бирдемеси туура эмес болуп калыптыр, кийин оңдоп кайра орнотобуз” демиш болушуп эстеликти жыйнап ташташат. Ошондон кийин апасы түшүнө киргени токтоптур. Көрсө бастырмадагы биз көргөн таш ошол бейиттен алынган гранит экен.

80-жылдары Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал районуна барып калдык. Көзгө биринчи урунганы эле тоо боорундагы, дөңдөрдөгү мүрзөлөр болду. Алардын биринде да биздикиндей эстелик жок экен. Баары эле дөмпөйгөн боз топурак. Анда-санда гана бирөөсүндө башында топоздун куйругу байланган бакан турганын көрдүк. Эмнеге мүрзөлөр мындай экенин сурасак, ал жактагылар топоздун куйругу байланган бейиттер ардактуу, таанымал адамдардыкы экенин айтышты. Анан бейиттердин ар биринин боорунда жаткан жалпак таштарды көргөзүштү. Анда маркумдун атасынын аты, өзүнүн аты-жөнү гана жазылыптыр. “Бизде түз жер тартыш болгондуктан ушундай кылабыз” дешкенде таң калдык.

Кийин “Кино үйүндө” иштеген досум, Чыңгыз Айтматовдун күйөө баласы Талас “Бир жолу Чыңгыз байкем “Эртең Байтик көрүстөнүнө барып келели. Мен сыйлаган бир киши каза болуп, ошол жакка коюлуптур. Бата кылып келели” деди дейт. Барып төрт-беш киши Куран окуду. Тургандан кийин Чыңгыз байкем бейитти аралап бир саамга ары-бери басып туруп “Маркумдар жаткан жер ушундай болушу керек. Карагылачы батыштан чыгышка, чыгыштан батышка сонун Ала-Арчадан желаргы жүрүп турат экен. Маркумдарды гранит, темир, бетон менен обу жок бастыра бербеш керек”, – деген. Баарыбыз макул болуп жөнөп кеткенбиз”, – деди эле. Ошол эми эске түшүп жатат.

Азыр Нарын жергесинде маркумга жыгачтан кашаа кылышып, аны суу өтпөгөн лактар менен сырдап, аты-жөнүн жазып койгонду башташыптыр. Ошентип сүрөтү жок деле эстелик кылса болот экен. Казактар да маркумдарын тоолорго коюшат экен. Көрсө, бул биринчиден, маркумга болгон сый, экинчиден, түз жерди үнөмдөө экен. Биз да ушуга барышыбыз керек.

Келдибек НИЯЗОВ, КР эл артисти

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар