Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Жокту шорлотуп, барды ойрондотуп…

Кыргызда 9 кесеп деген түшүнүк бар. Анын бири – ууру. Ууру адамга билип туруп душмандык жасайт. Душмандан да өткөн жамандык кылат.

Ичпей-жебей чогултканыңды уурдайт. Атайын жакшылыкка же жамандыкка деп чогулткан дүйнөңдү бир түндө шыпырып кетет.

Адал эмгегиң жыйганыңды сага ыраа көрбөйт, аны мындай кой, жетимди шорлотуп, жесирди боздотуп, барды ойрондотуп кетет.

Ошондой ойрон окуялардын бири июль айынын башында Бишкек шаарында катталып, белгисиз бирөөлөр Дүйшекеев көчөсүндөгү үйдөн 34 миллион сомду алып кетишкен. Жабырлануучу 8-июлда Ленин РИИБсине кайрылып, уурулукка шектүү катары 28 жаштагы эркек кармалган. Анын үйүн текшере келгенде, 4 миллион 386 миң сом табылган. Шектүү 30 миллионун жок кылып жиберүүгө үлгүргөн.

Жетимдерди боздоткон, жесирлерди сыздаткан уурулукту кесипке айлантып, уурулар адистеше баштаган. Токмокто 41 жаштагы велосипед уурдоого адистешкен ууру кармалды. Ал жаз айынан бери Токмок шаарындагы жана анын жака-белиндеги аймактардагы мечиттерден 30дан ашуун велосипед уурдаган.

Караколдон шаардагы ооруканалардан уюлдук телефон уурдаган 26 жаштагы жигит кармалган. Иш десе ишке тойбогон куракта коомчулукка пайдалуу иш кылуу ордуна жаман жолго түшкөн баланын ата-энесинин эле шору. Милицияга бир эле күндүн аралыгында жеке клиникалардын биринин кабыл алуу бөлүмүнөн жана облустук оорукананын палатасынан телефон уурдалганы тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Факты катталып, тергөөгө чейинки ыкчам аракеттердин жүрүшүндө мурда да телефон уурулук боюнча соттолгон Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын 26 жаштагы тургуну кармалган.

Мал уурулук биз үчүн жаңылык эмес. Мал уурулар республиканын бир аймагынан бир аймагына барып уурдашып, башка облуска алпарып сатып же изин суутушат. Июнь айында Жумгалдан 5 жылкы жоголуп, Тогуз-Тородон келген ууру Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалып, камакка алынган.

Ушерден белгилеп койчу нерсе, мал уурулардын анабашылары эле Таласта. Таластык мал уурулар уурдаганда 30-40 жылкыны бир уурдайт жана кармалбайт. Былтыр Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан 33 жылкы уурдалып, ошону менен табылбай кеткен. Милиция органдарына далай ирет кайрылдык, алар кабагым-кашым да деп койгон жок.

Уурулар адистешип баратат дебедикпи. 38 жаштагы эркек Ош базарындагы контейнерден 93 норка тумагын уурдап, тумактардын ээсин 511 миң 500 сомго отургузуп кеткен. Аны кармап, текшерген учурда 83 тумак каткан жеринен табылган, ууру 10 тумакты сатып жиберүүгө үлгүргөн.

Уурулар уктабайт. 34 жаштагы Т.С. аттуу жаран 20-март түнү Новопавловка айылындагы үйгө кирип, уктоочу бөлмөдө илинген куртканын чөнтөгүнөн 10 миң долларды уурдаган. Азыр кармалып, иши тергөөдө.

Уурулар үйлөрдөн гана уурдашпайт, ишканалардан, ооруканалардан да уурдашат. Жайыл районунун ИИБ кызматкерлери бир ай бою ишканадан кымбат баалуу жабдуу-ларды уурдашкан эки бир тууганды кармашкан. 13-июнда “Багышан” агрофирмасынын өкүлү Кара-Балтанын түштүк өнөр жай аймагында белгисиз бирөөлөр бир ай бою жабдуу уурдап жатканын билдирип кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан 35 жана 33 жаштагы бир туугандар кармалган.

Жалал-Абад облустук ооруканасынын педиатр бөлүмүнөн УЗИ аппаратын уурдаган 38 жаштагы эркек кармалды. Кымбат баалуу жабдуу жоголгону тууралуу маалымат 16-майда келип түшкөн. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында баасы 1 млн. 661 миң сомдук жабдууну уурдаган шаар тургуну колго түшкөн. Ал буга чейин да ушул өңдүү уурулуктары үчүн бир нече жолу соттолгон.

Бишкекте жез зымдарын уурдоо менен шугулданышкан 27 жана 31 жаштагы эки эркек кармалган. Алар курулуш жүрүп жаткан объектке кирип, түстүү металлды алып чыгышкан. Укук коргоо органдары алардын ушуга окшош башка уурулуктарга тиешеси бар-жоктугун иликтеп жатышат.

Чоңдор мал уурдаса, миллиондорду уурдаса, балдар оюн жабдууларын уурдашат. Кызыл-Кыяда 16 жашар ноокаттык өспүрүм дүкөнгө чатыры аркылуу кирип, РS-5 оюн жабдуусун жана беш iPhone телефонун уурдап чыккан. Натыйжада сатуучуга 400 миң сомдун тегерегинде зыян келтирилген. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр башталып, уурдалган буюмдар ээсине кайтарылып берилди.

Эркектер мал уурдаса, түстүү металлдарды уурдаса, аялдар алтын уурдашат. Кызыл-Кыядан 100 миң сомдук зер буюмдарын уурдаган сузактык 50 жаштагы аял кармалган. Алтын зер буюмдары ээсине кайтарылып берилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Уурулар уурулукка канчалык чыгармачылык менен мамиле жасап, адистешпесин, ууру – бул кесеп, уурулук – кесепет, анын арты жакшылык менен бүтпөйт. Айрыкча жаштарыбыз иш десе ишке тойбогон куракта уурулукту өнөр көрүп, анын артынан түшкөнү өтө өкүнүчтүү.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар