Пятница, 10 января, 2025
-13.9 C
Бишкек

Талант ЖЕКШЕНОВ: “Ата мурас Ала-Арча кыргызга кызмат кылат”

Кыргыздын канча көрсөң кумарың таркабаган, көркөмү көз тайгылткан жеринин бири – Ала-Арча капчыгайы. Бир жагынан борборго жакындыгынан уламбы, бишкектиктер дем алыш күндөрүн ушул жакта өткөрүүгө аракет кылышат. Ошондой эле чет өлкөлүк туристтердин атайы ат арытып алыстан келип көргөн жайына да айланып баратат. Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Талант Жекшенов кабарчыбыз менен болгон маегинде Ала-Арча паркы жана анын карамагындагы “Тёплые ключи” ден соолукту чыңдоо борбору тууралуу буларды айтып берди.

-Талант Табылбекович, Ала-Арчага келген ички-сырткы туристтердин саны жыл сайын өсүп бараткандай. Ала-Арчанын өзүнүн табигый кооздугунан тышкары, аларга кандай кызматтарды көрсөтөсүздөр?

– Бизде 4 мейманкана, боз үйлөр, тапчандар, мангал казан, идиш аяк, очоккана,  барбекю зоналар ж.б. жаратылышта эс алуу үчүн бардык шарттар бар. Мунун баарын өзүбүз иштетип, табылган каражат бюджетке түшөт. Мындан тышкары зоомузейибиз бар. Анда жапайы жаныбарлардын, куштардын экспонаттарынын 170тен ашык түрү бар. Ошондой эле ат минип сейилдөө туру да бар.

Ал эми атайы четтен келген меймандар, туристтер үчүн бардык  шарты ыңгайлуу 24 А-фрейм коттедждер салынды, быйыл ал жерге ресторан да салынып жатат.

– Жакында эле сиздердин мекемеге караштуу, кайрадан жаңыртылган “Тёплые ключи” ден соолукту чыңдоо борборун Президент С.Жапаров өзү ачып берди. Ушул комплекс тууралуу айта кетсеңиз?

– Белгилей кетсек, үстү­бүздөгү жылдын 31-январында «Тёплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплекси «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына өткөрүлгөн. Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен көп жылдан бери каралбай калган бул комплекс капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жакында эс алуучуларга эшигин ачты.

Атап айтканда, «Тёплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин имараты боюнча, алты айдын ичинде төмөнкү иштер жасалды:

  • Канализация түтүк­чөлөрү тазаланды.
  • Коттедждер жаңы­ланып бардык эмеректер, электр жабдуулары жаңыртылды.
  • Электр энергиясы жана интернет тартылды.
  • Ар бир номерге акылдуу ачкычтар орнотулду.
  • Ашкана жаңыр­тылып, жабдуулары жана ашкана эмеректери алынды.
  • Тейлөө кызматкерлерине имарат курулду.
  • Ички жолдорго брусчатка төшөлдү.
  • Куурап калган бак-дарактардын ордуна арча, карагай, Тян-Шань карагайы жана гүлдөр отургузулуп  жашылдандыруу да колго алынды.

Ал эми комплекстин экинчи бөлүгү боюнча жасалган иштерге токтолсок:

  • Радон суу түтүкчөлөрү жаңыртылды.
  • Капчыгай көрүнө турган ачык терраса курулду (100 орундук).
  • Бассейн жаңыртылды (1250 кв м) .
  • 100 орундук ресторан салынды.
  • Имараттын ичине желдетүү системасы орнотулду.
  • Электр энергиясы жана интернет тартылды.
  • Радон суусу менен ваннага ылайык бөлмөлөр жасал-ды.
  • Парафин жана баткак үчүн бөлмөлөр жаңыртылды.
  • Укалоо бөлмөсү жана физкультура үчүн зал курулду.
  • Эмеректер, электр жабдуулары жаңыртылды.
  • Ашкана жаңыртылып, жабдуулары идиш аяктары жана ашкана эмеректери алынды.
  • Ар бир номерге акылдуу кулпулар салынды.
  • Айланасына брусчатка төшөлдү.
  • Гүлдөр отургузулуп жашылдандыруу колго алынды.

Эң жакшысы, комплекске алып баруучу капчыгайдагы жолдун акыркы бөлүгүнө асфальт төшөлүп, эс алуу базасын жакшыртуу иштери ойдогудай жүрүп жатат. Комплекстин ажарын ачкан иштер дагы уланат. Ата мурас Ала-Арча жаратылыш паркы атпай журтубузга кызмат кылып, келген чет элдиктерди суктандыра бермекчи.

Наргиза Казакбаева, “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар