whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.04.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономика7 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 161,3 млрд. сом чогултулган

7 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 161,3 млрд. сом чогултулган

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында 161 млрд. 356,3 млн. сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 5,8 млрд. сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,6 млрд. сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 118 млрд 458,7 млн. сом салык жана төлөмдөр чогултулуп, план 283,8 млн. сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2023-жылдын 7 айына салыштырмалуу 19,3 млрд. сомго көп.

Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 42 млрд. 897,6 млн. сомду түздү же 5 млрд. 482,6 млн. сомго ашыгы менен аткарылды. Бул көрсөткүч 2023-жылдын январь-июль айларында чогултулган суммадан 6,3 млрд. сомго көп.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар