Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылынын тургуну багындагы өрүктөрдү элге бекер таратарын, кимге канча керек болсо алып кетсе болорун айтып видео кайрылуу жасаган.
“Быйыл абрикостор абдан көп байлады. Биз үй-бүлөбүз менен кеңешип, бул бактагы бардык өрүктөрдү элге бекер тараталы деп чечтик. Варенье, компот, как жасайм дегендер канча керек болсо келип терип кетиңиздер. Чоң машинеси барлар каалашыңарча жүктөп кетсеңиздер да болот. Биздин үй-бүлөгө рахматыңарды айтып, батаңарды берсеңиздер эле болду”,-деген кайрылуусунда.
Байланыш номери: 0552 553136, 0705847191