Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги август айынын башында коомчулукка кезектеги жолу Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин тизмесин жарыялады. Бул жолу алардын саны – 26.
Анын бири Манас проспекти 5/1 дарегинде курулуп жатат. Курулуш ээлери мыйзамды уруп ойнобой эле үч кабат клубдук үйдүн үстүнө 4-5-кабатын куруп киришкен. Мунун го үч кабаты мыйзамдуу экен, Логвиненко 9 дарегинде өзүм билемдик менен эки кабат имараттын курулушу жүрүп жатат. Курулуштун буюртмачысы — «Гранд Строй Инвест» ЖЧКсы. Ушундай эле өз алдынча курулуш Панфилов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүүдө. Мунусунда жети кабат турак үй курулууда.
Шаар аймагында курулуп жаткан мыйзамсыз курулуштардын баарын санап отурбайлы. Анын дээрлик баары көп кабаттуу үйлөр. Алар “Манас айылында”, «Жал-15», Тунгуч кичирайонунда, Көк-Жар, Ак-Тилек конушунда, Чимкент, Фурманов, Фрунзе, Курчатов, Гагарин, 27-я линия, Ак-Марал, Миң-Куш, Осмонкул, Байтик Баатыр, Менделеев, Малдыбаев, Куйручук көчөлөрүндө жайгашкан. Куруп жаткандар ар башка курулуш компаниялары.
Тооккана эмес, көп кабаттуу, көп квартиралуу үй куруп жаткан соң, булар кимге жана эмнеге ишенип, курулуш иштерине батыл киришип жатканына таңгаласың.
Мунун өзү курулуш иштери менен курулушка уруксат алуу кагаздарын бүтүрүү иштери катар жүргөнүнөн кабарлап турат десек болот. Ушу бүгүн көз жоосун алып турган “Бишкек-парктын” курулушунун деле уруксат кагаздары айлап эмес жылдап бүткөнү убагында айтылып жүрчү.
Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жыл башында өлкө боюнча мыйзамсыз курулуп жаткан курулуштардын санын атаган. 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча 224 мыйзамсыз курулуп жаткан объект аныкталып, мунун 77си турак үйлөр экени, Бишкек шаарында – 38и, Ошто – 17си, Жалал-Абад облусунда – 7си, Чүйдө – 8и, Нарында бир үй мыйзамсыз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жалпысынан 1049 протокол түзүлүп, 38 млн. 504 миң сом айып пул салынып, 21 млн. сом өндүрүлгөн.
Эмне үчүн мыйзамсыз курулуштар массалык түрдө жүрүп жатат, алардын эртеңки тагдыры кандай болот? Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик архитектура-курулуштук контролдоо департаментинин директору Эрназарбек Суеркуловго кайрылганыбызда, ал: “Мыйзамсыз курулуштардын тагдыры сот органдарынын чечимине жараша болот. Ошондон соң, биз бул курулуштардын курулуш нормаларына канчалык жооп берерин, сапатын карап чыгабыз. Эгер, курулуш нормаларына жооп бербесе, ал мүчүлүштүктөрдү четтетүүнү талап кылабыз. Ошондон кийин да аларды четтетпесе, сотко кайрылабыз” деп жооп берди.
Анын айтымында, кээде соттун чечимдери кечигип, убакыт созулуп, ал аралыкта курулуш компаниялары уруксат кагаздарын бүтүрүп алышат. Ал эми мыйзамсыз курулуштардын курулуп келгендигинин дагы бир себеби, бул мыйзамдагы жол-жоболордун алсыздыгы менен байланышкан. Мыйзамда көзөмөлдөөчү органдын мыйзамсыз башталган курулушту токтотуп коюу укугу жок болгондуктан, курулуш компаниялары курулушту улантып, бүтүрүп салып, ал арада уруксат кагаздарын алып койгон учурлар болгон.
Мыйзамсыз курулуштар көбөйүп кеткенине байланыштуу быйыл жазда депутаттарыбыздын бири Мамкурулушка соттун чечими жок эле өз алдынча курулган курулуштарды бузуу укугун берүү керек деген демилгени көтөрүп чыкты. Албетте, бул бир караганда туура өңдөнгөн менен, өтө опурталдуу маселе. Буга бир жактуу караган болбойт. Курулушчулар курулушка уруксат кагаздарын алуу бул бюрократиялык узак процесс экенин айтып жүрүшөт. Анда эле Мамкурулуш азыркыдан да чексиз монополияга ээ болуп, уруксат кагаздарын алуу чоң маселеге айланып, коррупция гүлдөп кетери турулуу иш.
Ал эми Мамкурулуштун мыйзамсыз курулуш объектилеринен кыймылсыз мүлк сатып албоо жөнүндөгү демилгеси колдоого татыйт. Уруксат кагаздарын алууда бюрократия канчалык көп экенин, ал айлап-жылдап созуларын баарыбыз көрүп-билип турсак да, мыйзам деген мыйзам, аны сыйлаганга үйрөнүшүбүз керек.
Ал эми Мамкурулуштун мыйзамсыз курулуштардын санын эле тактабай, курулуш компанияларын мамлекеттик бюрократиядан коргогону дуруспу деген ойдобуз.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”