Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Заманбап технологияларгана адамзатты ачкалыктан сактап кала алат

Жакында Россия Федерациясынын “Россотрудничество” (Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин, чет өлкөлөрдө жашашкан мекендештердин иштери жана эл аралык гуманитардык кызматташуу боюнча федералдык агенттик) жана “Келечектин агротехнологиялары” дүйнөлүк деңгээлдеги илимий борбор (ДДИБ) тарабынан кыргызстандык жана россиялык ММК өкүлдөрү үчүн азык-түлүк коопсуздугу маселеси боюнча пресс-тур уюштурулду.
Анын жүрүшүндө журналисттер илимий мекемелерде болушуп жана бул тармактагы адистердин баяндамаларын угушту.

Иш илимий негизде уюштурулганы туура

“Келечектин агротехнологиялары” дүйнөлүк деңгээлдеги илимий борбор (ДДИБ), аталышына жараша 7 уюмдан турган консорциум форматында түзүлгөн. Ага К.А.Тимирязев атындагы МАЧА – Россия мамлекеттик агрардык университети, Россия илимдер академиясынын “Биотехнологиялардын фундаменталдык  негиздери” жана “Информатика жана башкаруу”, “В.В.Докучаев атындагы кыртыш институту” федералдык изилдөө борборлору, Бүткүл россия-лык айыл чарба микробиологиясы илимий-изилдөө институту, Санкт-Петербург мамлекеттик университети (СПМУ), Н.И.Вавилов атындагы Бүткүл россиялык өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары институту киришет.

Анын максаты – айыл чарба, биотехнологиялар жана санариптик технологиялар тармагындагы россиялык алдыңкы илимий, билим берүүчүлүк жана илимий-изилдөөчүлүк уюмдарды бириктирүүнүн негизинде агротехнологиялар тармагында эл аралык деңгээлдеги компетенциялар борборун калыптандыруу жана россиялык агрардык илимдин дүйнөлүк аренада лидердик позицияларын камсыздоо үчүн өбөлгөлөрдү түзүү.

Ошондой эле заманбап изилдөөлөрдүн негизинде жаңы, жогору натыйжалуу, инновациялык товарларды, продуктыларды жана кызматтарды түзүү. Фундаменталдык илимдин жетишкендиктерин айыл чарба, тамак-аш жана тоют өндүрүштөрүнө киргизилишин тездетүү менен ата мекендик айыл чарбасындагы бир катар көйгөйлүү багыттар боюнча импорттон көз карандысыздыгын камсыздоо, россиялык технологиялардын эл аралык рынокторго чыгуусуна өбөлгө түзүү.

Кыртыштын азыктуулугун башкаруунун, климаттык өзгөрүүлөрдүн фонунда асылдуулукту өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү тренддерин аныктоо, курчап турган чөйрөгө басымды төмөндөтүү.

Селекцияга салттуу мамилелерди жана заманбап молекулалык-биологиялык методдорду айкалыштыруу менен дыйканчылык тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү селекциялык жетишкендиктерди түзүү. Агроөнөр жай комплексинде жогорку сапаттагы продукцияны алууну жана өндүрүштүк жумшоолорду төмөндөтүүнү камсыздоочу процесстерди жана системаларды тездетилген санариптештирүү. Айыл чарба калдыктарын коопсуз утилдештирүү, төмөн баалуу айыл чарба сырьелорунун жана агроөнөр жай комплексинин калдыктарынын наркын жогорулатуу, ишенимдүү тоют базасын жана сапаттуу жана коопсуз азык-түлүк продуктыларын тездетилген өндүрүү үчүн илимий-техникалык шарттарды түзүү.

Россиянын технологиялык көз карандысыздыгын жана азык-түлүктүк коопсуздугун камсыздоо.

Мына ушул багыттагы иштер менен таанышуу үчүн журналисттер СПМУнун илимий паркынын “Молекулалык жана клеткалык технологияларды өнүктүрүү” ресурстук борборунда болушту, Кара буудайдын Петергофтук генетикалык коллекциясы жана анын азык-түлүк коопсуздугу проблемасын чечүүдө пайдалануу мүмкүндүгү менен таанышышты, биомодификацияланган жер семирткичтердин жаздык буудайдын түшүмдүүлүгүнө таасири, жаратылыштык генетикалык модификацияланган организмдер жана адамдар түзгөн ГМОлорду укуктук жөнгө салуу проблемалары жөнүндө адистердин баяндамаларын угушту.

Питердеги “Таурас-Феникс”

Тарыхый тажрыйбага бай Санкт-Петербург мамлекеттик университети (СПМУ) “Кечелечектин агротехнологиялары” дүйнөлүк деңгээлдеги илимий борбор (ДДИБ) менен биргеликте төмөндөгүдөй негизги маселелердин айланасында аракеттенүүдө. Алар: сорттор, мурда өздөштүрүлбөгөн территорияларда өсүмдүктөрдү жайылтуу жана зыянкечтер менен күрөшүү. Бул максатта кыртышты (топуракты) жакшыртуу, селекция иштерин жүргүзүү, жаңы маалыматтык технологияларды ишке киргизүү сыяктуу багыттарда иш алынып барууда.

Бул багыттарда иш алып барган ишканалардын бири — “Таурас-Феникс”. Баса, “Феникс” деген сөздүн фирманын атына кошулганынын да себеби бар. Фирманын жетекчилери айтып беришкендей, бир убакта ишкана дээрлик банкрот болуп, анан мифтеги Феникс куштай болуп кайра жаралган.

Азыр ишкана эл керектөөчү товарларды салыштыруу жана каптоо процесстерин автоматташтыруу үчүн жабдууларды чыгаруу менен алектенет. Өз тармагы боюнча Россиядагы, КМШ жана Балтика өлкөлөрүндөгү машина куруудагы ири өндүрүшчү. Өз тармагы боюнча Россиянын рыногунун 40%ын ээлеп турганы эле ишкананын масштабын көргөзүп турат.

Компания негизделген 1987-жылдан бери ишканада вертикалдык жана горизонталдык салыштыруучу, каптоочу автоматтардын, куюштуруу үчүн машиналардын, топтук каптоо жана кондитердик жабдуулардын 150дөй модели ишке киргизилген. Жылына 600дөй жабдуу чыгарылат.

Заманбап компания катарында жогорку квалификациялуу инженер-конструкторлордун штаты, жумушчулары, эң кубаттуу металл иштетүүчү комплекси, компетенттүү сатуулар департаменти, сервистин жогорку деңгээли жана аткарылган долбоорлору менен сыймыктана алат.

Баса, азыркы учурда жаңы завод куруу пландалуу-да. Ал 2-3 жыл аралыгында ишке берилип калмакчы.

Бардык эле заманбап ишканалардагыдай заводдо социалдык долбоорлорго чоң көңүл бөлүнгөн. Заводдо бала бакча, фитнес-клуб бар.

“Сколководогу” “Уралхим”

Албетте, азыркы учурда айыл чарбасын минералдык жер семирткичтерсиз элестетүүгө мүмкүн эмес. “Сколково” инновациялык борборунда жайгашкан “Уралхим” ишканалар тобу – азыр дүйнөгө белгилүү россиялык бренд. Ал минералдык жер семирткичтерди жана химиялык продукцияларды өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Муну төмөнкү эки цифра эле тастыктап турат: топтун жалпы өндүрүштүк кубаттуулугу жылына дээрлик 25 млн. тонна, 38 миңден ашуун квалификациялуу персоналга ээ.

Ага алдыңкы өндүрүштүк процесстер, заманбап технологиялар, туруктуу жана ийкем бизнес-модель, продукциянын жогорку сапаты, глобалдык катышуу жана масштабдуу инвестициялык программалар мүнөздүү. Ишкана “Биздин мол жана туруктуу түшүм жөнүндө камкордугубуз адамдарды азык-түлүк менен камсыздоого жардам берет” деген ураан астында иш алып барууда.

Кайрымдуулук иштеринде да активдүү катышуу менен “Уралхим” тобу азык-түлүктүн жетишсиздигин курч сезип жаткан өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 300 миң тонна жер семирткичтерди бекер берүүгө ниеттенүүдө. Ишкана өзүнө “Биз дүйнөдөгү ар бир адам активдүү жана сергек жашоо үчүн азык-түлүк продуктыларына жеткиликтүүлүк алсын үчүн иштейбиз. Биз үчүн бул шыктандыруучу максат жана чоң жоопкерчилик” деген миссияны алган.

Ишкананын негизги активдерине келсек, “Уралхим” бириктирилген химиялык компаниясы” АКсы, “Уралкалий” ЖАКы, “Тольяттиазот” АКсы, 7 өндүрүштүк аянтча, 5 кен, 7 аммиак агрегаты, 7 байытуучу фабрика, 3 карбамид агрегаты.

Ишкана көптөгөн социалдык программаларга да активдүү катышууда. Сергек жашоо образын жайылтуу менен өз иштөөчүлөрү үчүн спорттук иш чараларды да уюштуруп турат. Ар жылы 20 миңдей иштөөчүлөр жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү спорттук иш чараларга катышууда.

Бул эки ишкананын азык-түлүк коопсуздугу темасына тиешеси кандай болушу мүмкүн? Айрым окурмандарда ушундай да суроо жаралат. Жооп: түздөн-түз! Анткени, бул ишканалар азык-түлүк товарларын өндүрүүчүлөр үчүн өбөлгө түзүү менен алардын өнүгүшүнө, демек, азык-түлүк коопсуздугуна салымдарын кошушууда.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”,
Бишкек – Москва – Санкт-Петербург – Москва –Бишкек 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар