Четверг, 26 декабря, 2024
2.1 C
Бишкек

Академик Жамин АКИМАЛИЕВ: “Суктандырган Султан Ибраимов”

Кудайдын буйругу экен, Султан Ибраимов менен 20 жылдай тааныш болуп, жакшы билип калдым. Алгач аспирант кезимде көргөмүн. Ал кезде илимдин кишилерин партиянын мүчөсүнө оңой менен алчу эмес. Мен Кара-Кужурда, Лахолдо чарбада иштеп жүргөндө Нарын райкому тарабынан өндүрүштө иштеген адис катары  партиянын мүчөлүгүнө кандидаттыкка кабыл алынып, бул жакка аспирантурага келгенде мүчө кылып алышкан. Көпчүлүгү жап-жаш болуп кайдан коммунист болуп алган деп таңгалчу.

Ошол мезгилде биздин Дыйканчылык илим изилдөө институту түздөн-түз айыл-чарба институтуна баш ийгени менен аймактык жагынан Аламүдүн районуна карачу. Институтта 300дөн ашык киши иштечү. Ага жараша партиялык уюму да чоң болчу. Бир ирет партиянын райондук конференциясына кайра шайлоо боюнча партиялык жыйналыш болуп калды. Жыйналышка Аламүдүн райкомунун экинчи катчысы Султан Ибраимов келип катышты. Ага чейин көргөн эмесмин. Маңдайы жарык, өтө жылдыздуу, борбойгон  жигит экен. Эски адамдар жакшы билишет ал кезде партиялык жыйналыштарда эч кимдин көзүн карабай катуу сындар айтылчу. Аты таш жарган профессорлор, кандидаттар сүйлөштү. Ал кезде саясатка жаңы кызыга баштаган убагым. Кол көтөрсөм мага да сөз беришти. Мен илимге жаштарды тартуу, аларга шарт түзүп, кызыктыруу маселесин көтөрүп чыктым. Көрүнөйүн деген деле эмесмин. Болгону, баштан өткөрүп жаткан, өзүм аралашып, көрүп жүргөн көйгөй болчу.

Партиялык жыйындын аягында Султан Ибраимов сөз сүйлөдү. Өтө жөнөкөй сүйлөйт экен. Жыйналышта көтөрүлгөн маселелер боюнча айтып келатып, «бул жерде жаш окумуштуу жолдош Акималиев абдан туура маселе көтөрдү, мен толугу менен колдойм. Илимге жаштарды тартпасак, аларга шарт түзбөсөк эртеңибиз кандай болот? Мен да академияда иштегем. Бул маселени билем. Көңүл бурбасак болбойт. Протоколго да жазып койгула», – деп мени да кошуп айта кетпеспи. Ичимден дердейип эле калдым. Анда 24 жаштамын. Ары-бери урунуп турган курч кезим окшойт, жыйналыш бүткөндөн кийин атайы барып колун кармап, таанышып да алдым. Жылдызыбыз да келише түшкөндөй болду окшойт.

Ал өпкөңдү чыгара кысчу

Көп өтпөй 1961-жылы Исхак Раззаков кетип, ордуна Турдакун Усубалиев келди. Болот Мамбетов Министрлер Советинин Төрагасы болуп калды. Ошол кезде Кыргызстандын айдоого жарактуу жери 1 млн. гектарга жеткен. Ошончо аянтты суу менен камсыз кылууда Суу чарба министрлигинин мааниси күчтүү болчу. Биз айыл чарба кызматкерлери ким министр болор экен деп күтүп турсак Султан Ибраимов дайындалып калды.

Райкомдун экинчи секретарынан дароо эле министр болуп дайындалыш сейрек көрүнүш деп жатты билгендер. Андан көп өтпөй өзүм 1963-жылы Сокулуктагы кант кызылчасы боюнча тажрыйба станциясынын директору болуп иштеп калдым. Жаныбыздан Чоң Чүй каналы өтчү. Анда суу мелтиреп толтура. Күркүрөп агып жатат. Бизде болсо суу жетишпейт. Карап туруп көзүң күйөт. Ушуну Суу чарба министри С. Ибраимовго айтып көрөйүнчү деп атайы бардым. Азыркы министрлерге кириш азап. Жазылып-сызылып атып анан киресиң. Султан Ибраимовичке барсам 10 мүнөт өткөрбөй кабыл алды.

Кийин далай байкадым, С. Ибраимов жылдызы келише түшкөн, жакшы көргөн кишиси менен кучакташып учурашчу. Карылуу неме колуңду сындырчудай кармап, жөн кучактабай катуу кысып койсо өпкөң куушурулуп, дем алалбай калчусуң. Ошону өзү да билсе керек, кадимкидей жыргап калчу.

С. Ибраимов мени унутпаптыр. Дароо таанып, төшүн жая көрүштү. Азыр кайда иштеп жатканымды да билет экен. Угуп жүрөм деди. Убактысын албай келген маселемди айтсам, минтип түшүндүрүп жатпайбы: – Жамин, Чоң Чүй каналы эл аралык канал. Андан Казакстан да суу алат. Биз белгилүү өлчөмдө суу берип турганга милдеттүүбүз. Ошону түшүн… – деп, дагы бир далай жылуу сөздөрүн айтып узатып койду… Ошол учурда С. Ибраимов менен үзөңгүлөш иштеше турган, алдыда далай иштер тургандыгын билген эмес элем…

Үкүнүн уясын тапкан экенсиң…

Султан Ибраимов Суу чарба министри катары жакшы иштеди көрүнөт. Муну баары эле айтышчу. Ал министр катары беш жылча иштегенден кийин 1966-жылы Кыргызстан Компартиясынын айыл чарбасы боюнча секретары болуп дайындалып калды. Албетте, С. Ибраимовдун ишмердүүлүгүн Т. Усубалиев да баалап, улам жооптуу кызматтарга коюп, өстүрүп турду. Болбосо, министрден ЦКнын секретарлыгына оңой менен көтөрчү эмес. Адатта партиялык практикада ЦКнын секретарлыгына обкомдун жетекчилери дайындалчу. С.Ибраимов ЦКга секретарь болуп келгенде мен дагы сүйүндүм.

Ал учурда тажрыйба станциясына директор болгонума 3 жыл болуп, бир топ тажрыйба топтоп калгам. С. Ибраимов дайындалгандан жарым жыл өткөндөн кийин кайсы бир маселе боюнча кирип калдым. Абдан жакшы кабыл алды.

Мен: «Ордуңуз кут болсун!» – десем, олуттуу карап туруп айтып жатат: «Эми силер мага адис катары жардам бергиле. Мына Жамин сен өзүңдүн чакан чарбаңан чыкпай, Сары-Өзөн Чүйдө жыргап жүрө бересиңби? Жакында сенин Ак-Талаа районуңда болуп келдим. Ал жакта түшүм начар. Далай жерлер айдалбай кысыр жатат. Суу деле кенен экен. Бирок, жарытылуу натыйжа жок. Баса, сен буудайдан гектарына канча түшүм аласың? 40-45 центнерден аласың! Ыраспы?! Анда эмне үчүн сен туулуп-өскөн жериңе жардам бербейсиң?! Үкүнүн уясын тапкансып, жылуу-жумшак жата бересиңби?! Барып жардам бер! Керек болсо ЦКнын атынан командировочный жаздырып берем», – деп катуу айтты. Сөздүн аягында «командировочныйдын акчасын станцияңдан алып ал, силердин абалыңар жакшы эмеспи», – деп тамашалап койду.

«Эй, Жамин! Кызылчадан башка да өсүмдүк бар!»

ЦКнын секретары айтып атса баш тартмак кайдан, экинчи жагынан С. Ибраимовичти аябай урматтагандыгымдан дароо макул болдум. Бирок, бул өтө жоопкерчиликтүү жумуш болгондуктан «Барайын…Бирок мен негизи кызылча боюнча адис эмесминби…» деп келатканымда С. Ибраимов: «Эй, Жамин, Кыргызстанда кызылчадан да башка өсүмдүктөр бар…Биле жүр агроном!» – деп таптаза өчүрдү. Анан дароо телефон чалып, командировочный кагаз жаздырып, өзү кол коюп, «жөнө» деп колума карматып койду.

Эртеси эле бир инженер, бир агрономду алып Ак-Талаага жөнөп кеттим. Ак-Талаа райкомунун биринчи секретары Корчубек Акназаров Ак-Талаанын кулуну экенимди укканбы же мурда айтып коюшканбы, дароо кабыл алды. Учурашып келген жайымды айтсам: «Султан Ибрамович туура айтат. Жардам бергиле. Биз деле аракет кылып жатабыз, бирок, натыйжа анча эмес. Талаачылыкта адистер керек экен. Бизде агрономдор жокко эсе. Кана, эмне жардам кыла аласыңар?» – деди. Кептин кыскасы, Биринчи секретарь жерди кандай айдап, эмне кылып жатканын айтып берсе, мен адис катары кеп-кеңешимди айтып, бир топ сүйлөштүк. «Чарбаны кыдырып түшүндүрөсүңбү?» – деди эле, мен «кыдырганда пайда жок, мага жер бериңиз, ошол жерге буудай айдап, практика жүзүндө көрсөтөйүн», – дедим. Ошого токтодук.

Биринчи секретарь менен сүйлөшүп отуруп көп нерсени түшүндүм. Корчубек Акназаров ага чейин Жалал-Абад тарапта иштеген тажрыйбалуу жетекчи экен. Адегенде ал кишиден жерди кандай тереңдикте айдап жатышканын, үрөндү ар гектарга канчадан себишээрин, айдаганда кийинки кыртышты таптоо жолдорун, жер семирткичтерди кандай пайдаланарын сурап билип алдым. Өзүм да окумуштуу катары илимий негизде жерди кантип айдоонун эрежелерин айтып отурдум. Биринчи секретардын сөзүнө караганда, жер айдалгандан кийин кыртышты салмактуу жыгач устун менен сүйрөтүп тапташат экен. Кемчилик ушул жерден кетип жатканын дароо эле айттым. Анткени, Ак-Талаанын чап жеринде кыртыш чополуу келгендиктен, жакшы малалап оор салмактуу таптагычтар менен таптабаса, жер тегиз болбой, үрөн текши себилбей, нымдуулук жакшы сакталбай, өнүмү начар болуп калат дедим. Биринчи секретарь да бул сөзүмдү жактырды. «Туура айтасың, Жамин. Биздин сүйрөткөн устундарыбыз дөңкүлдөп эле кетип калып, анча жакшы тапталбай калып атат», – деди. Мен атайы адис алып келгенимди, андай малаларды, салмактуу таптагычтарды жасай ала турганын айттым. Корчубек Акназаров керектүү темирлерди ошол эле Дөрбөлжүндөгү РТСтен таптырып бермей болду.

Үрөнгө келсек, буудайды гектарына 250 килограммдан себиш керектигин айтсам, биринчи секретарь «ой, анда эконом болот турбайбы», – деп күлүп жатпайбы. Көрсө, гектарына 300 килограммга чейин үрөн себишчү экен. Ал кезде үрөндүк буудай каат болчу. Анан минералдык жер семирткич керектигин, анын кайсынысын кандай жана канчалык өлчөмдө пайдалануу зарылдыгын көрсөтүп береримди да айтып өттүм. Биринчи секретарь минералдык жер семирткич бар деди. Ошентип, эмне кылууну такташып алгандан кийин ишке кириштик. Жерди болсо Жданов атындагы колхоздун Терек айылындагы бригадири Дегенбаев дегендин жеринен тандадык. Ал жер азыр «Дегенбайдын талаасы» деп аталат. Бул Терек айылы кыргыздын улуу манасчысы Молдобасан Мусулманкуловдун жана анын уулу залкар композитор Калый Молдобасановдун туулган айылы.

(Уландысы бар)

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар