Четверг, 26 декабря, 2024
-11.9 C
Бишкек

Шопоков шаарынын мэри Нурадил СТАНОВ: “Биздин максат шаарыбызды бардык тараптан өнүктүрүү”

  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу көрккө бөлөнгөн шаарга жердештери кыргыздын кыраан уулу, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун ысмын беришкен. Жыл өткөн сайын Шопоков шаары кеңейип, жаңы конуштарга турак жайлар, ишканалар, завод-фабрикалар курулуп, таанылгыс болуп өзгөрүп жатканына жашоочулар кубанычта. Мэриянын алдында Дүйшөнкулдун эстелиги жана шаардын атактуу инсандарынын ысымы жазылган ардак такталардын аллеясы бар. Алардын башында Д.Шопоковдун жубайы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокованын ысмы жазылган. Бардык салтанаттуу иш чаралар ушул жерде өткөрүлөт.
“Биздин максат шаарыбызды бардык тараптан өнүктүрүп, облустагы кичи шаарлардын алдыңкы сабына жеткирүү. Шаардагы 10319 жашоочусунун ой-тилектери да ушундай. 2024-жылдын 6 айына карата социалдык-экономикалык өнүгүүнүн айрымдарынын жыйынтыктарын айтсам: салык жана салыктан тышкары төлөмдөрдүн бюджетке түшүүсү план боюнча 30842,8 миң сом болсо, анын ордуна 34848,0 миң сом түшүп, план 113,0% аткарылган”, – дейт Шопоков шаарынын мэри Нурадил Станов.  

Өркөнү өскөн өнөр жай тармагы

– Өнөр жайы боюнча алсак, жарым жылда 1756448,5 сом суммасындагы продукция өндүрүлгөн. Шаардын аймагындагы айрым ишканаларга токтолсок: “Ата ЛТД” ЖЧКсы – 2296,4 тонна кондитердик азыктарын, – 22288,1 миң сомдук өнөр жай продукциясын өндүргөн, “Деташ ЛТД” ЖКЧсы – 75965,7 кг самын каражаттарын же 64092,0 миң сомдук өнөр жай продукциясын өндүрдү. “УПТК” ЖЧКсы – 5380,4 тонна цемент, “Зета Компани” ЖЧКсы – 2796 тонна курулуш таштарын, “Лахор Стил Милс” ЖЧКсы 1713,6 тонна арматура чыгарышкан, “Татымал групп” ЖЧКсы – 6 тонна тамакка кошуучу кургак азыктарын, “Экопродукт Азия” ЖЧКсы – 256921 литр шире, жеке ишкер Д.Клименко – 72000 кг сүт азыктарын өндүргөн. “Айлин” тигүүчү цехи – 12000 даана кийимди сатыкка чыгарган. Булар көп сандагы шаардыктарды жумуш орду менен камсыз кылган.

Ишти илгерилеткен инвестиция

– Быйылкы жылы дагы шаарыбызды ар тараптан өнүктүрүүдө инвестицияларды тартып, жаңы долбоорлор ишке ашууда. Ушул мезгилге чейин “Базис-М” ЖЧКсы курулуш тармагында өндүрүш ишканасын ишке киргизип, 30-50  жаңы жумушчу орун түзүлдү. Андан өндүрүлгөн бетон көп кабаттуу үй курууга жумшалат. Жалпы инвестициянын суммасы 255900,0 сомду түздү. Келечекте саатына 120 м3 бетон өндүрүү жана сатуу пландаштырылууда. Андан тышкары жеке ишкер тарабынан шаарыбызда “Водопад” унаа жуу-чу жайы ачылып, жеке инвестициянын көлөмү 2,0 млн. сомду түздү. Ошондой эле, жеке инвестициянын көлөмү 500,0 миң сомду түзгөн, 15 балага ылайык үй тибиндеги бала бакча ачылды.

Жашылдандыруу, жол салуу, таза суу

– Шаардын санитардык абалык жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштер такай жүрүп турат. Жашоочулардын көпчүлүгү ишембиликтерди өткөрүп турушат. Жазда көчөттөр алынып, көчөлөргө отургузулган. Бак дарактарды бутоо, актоо иштерине 149,7 миң сом сарпталды. Көчөлөрдүн көпчүлүгү асфальтталып, тротуарлар салынып, электр жарыктары орнотулган. Чет көчөлөргө шагыл төгүү, тегиздөө, таптоо иштери жүргүзүлүп, ага жергиликтүү бюджеттен – 907,7 миң сом жумшалды. Первомайский, Ленин көчөлөрүнө узундугу 1200 метр тротуар салуу иштери кызуу жүрүп жатат. Ага да 3480,1 сом бөлүп бердик.

Шаардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, алардын ден соолугу үчүн көрүлгөн камкордук болуп саналат. Ошондуктан бул маселе да көңүлдүн борборунда. Жалпы 3251 абонентти шаардык көрктөндүрүү комбинатынын жана жеке ишканалардын кызматкерлери камсыз кылышат. Бул багытта да бир топ иштер аткарылды. Жаңы “Ынтымак” конушунун жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2325,0 миң сом инвестиция тартылып, Катар фонду 4000 метр суу түтүкчөлөрүн жана жабдууларын алып берген. Аларды орнотуу, эксаватордун кызматына жергиликтүү бюджеттен 995,5 миң сом бөлүп, 150 түтүндүн 2 км суу түтүкчөлөрү 298,5 миң сомго алмашылды. Москва, Первомайский, Зеленый кыска көчөлөрүнүн суу түтүктөрүн бузулушун оңдоого 248,7 миң сом, суу алуучу жердин чатырын оңдоого 169,7 миң сом сарпталды. Мындай иштер жыл аягына чейин жүргүзүлө бермекчи.

Билим берүү

– Шаарда №106 кесипчилик лицейи, №1 мектеп-гимназиясы, №2 экология-экономикалык лицей мектеби, бир топ бала-бакчалар бар. Кесиптик лицейден ар түрдүү кесипке ээ болгон улан-кыздардын көпчүлүгү шаарда калып эмгектенишет.

Кант заводуна ылайыктуу адистер шаардын бюджетин толтурууга зор салым кошкон “Кошой” кант заводуна ишке орношуп, кесипкөй насаатчылардан үлгү алышып, эмгек жолун башташат. Жаңы окуу жылына карата мектептерге, бала бакчаларга ремонт иштерине жардам берип жатабыз.

№2 лицей мектебинин үч фазалуу жылыткычын алмаштырууга 41,9 миң сом сарптадык. Андан тышкары мектептин тегерегин тосмо менен курчоо иштери толук бүткөрүлүп, бул жумушка 1294,3 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди.

№1 мектеп гимназиясынын ремонт иштерине 349,9 миң сомдук жардам бердик. Мындан тышкары мектептин борбордук аянтачасына брусчатка төшөөгө жергиликтүү бюджеттен 595,0 миң сом, республикадан 1639,0 миң сом бөлүнүп учурда иш кызуу жүрүп жатат. Муну жаңы окуу жылына карата бүткөрүп берүүнү чечтик. “Наристе” жана “Ак-Тилек” бала-бакчаларын оңдоо иштерине, линолиум салууга, сырдоого жетиштүү каражат бөлүп, кенже балдар үчүн жакшы шарт түзүп бердик.

Социалдык колдоо

– Жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртуу жашоо шартын жогорулатуу, эмгек потенциалынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү – ишибиздеги негизги маселелерден. Быйылкы жылдын алты айында 156 жаранга 1537,0 сомго материалдык жардам көрсөттүк. Ата-энесинен ажыраган 14 балага 156,0 миң сомго жайкы-кышкы кийимдерди алып бердик.

Мэриянын бюджетинин эсебинен 4 үй бүлөгө социалдык контракттын негизинде 100,0 миң сомдон жардам бердик. Алар каражатты максаттуу пайдаланып, турмуш шарттарын жакшыртууда.

Гуманитардык жардамдар да берилип турат.

Быйылкы жылдын 6 айында 113 адамга 126,5 миң сом берилди. Катар фондунан 10 үй-бүлөгө 12 миң сомдон көмүр, 50 үй-бүлөгө “Ата” фабрикасынан 100,0 миң сомдук тамак-аш азыктары берилип, 50 жаран №106 кесиптик лицейинен кийим жардамга алышты.

Башкы байлык ден соолук

– Шаардыктардын ден-соолугу үчүн кам көргөн шаардагы үй-бүлөлүк  дарыгерлер тобунун кызматкерлеринин иштери да алкоого татырлык. Аны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери Махбуба Ормонова жетектейт. Алардын иштөөсүнө жакшы шарт түзүү үчүн кандай жардам керек болсо берүүгө даярбыз.

Ниязалы УСУПБЕКОВ,
“Кыргыз Туусунун”
сырт кабарчысы

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар