Четверг, 26 декабря, 2024
2.1 C
Бишкек

Таластык куруучулардын майрамдык маанайы

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агеттигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин алдында түзүлгөн. Учурда Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгын Азамат Омурзаков жетектейт.

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Департаменттин социалдык-маданий маанидеги, билим берүү, ден соолук, турак жай багытындагы объектилерди долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо-түзөө жана ошондой эле Талас облусунун аймагында инженердик инфраструктуранын өнүгүшү боюнча  иш уюштуруучу структуралык бөлүмү.

Башкармалыктын иш алып баруудагы бирден бир маанилүү багыты Талас облусунда курулуп жаткан мамлекеттик бюджеттен каржыланган объектилердин сапаттуу курулушуна көзөмөл жүргүзүү. Жогоруда айтылгандай, объектилердин көбү социалдык тармактагы объектилер. Облуста курулуп жаткан объектилерди долбоорлоодон баштап колдонууга берилгенге чейин башкармалыктын кесипкөй кызматкерлери жоопкерчиликтүү,  иш билги  көзөмөл иштерин жүргүзүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, курулуш эрежелер жана нормалар топтомунун (СНиП), долбоорлордун жана келишимдердин талаптарынын так жана мөөнөтүндө аткарылышына талап коюп келишет.

Учурда  Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгында 18 кесипкөй адис эмгектенет.  Жамааттын 90 пайызы  жаш адистер. Башкармалыктын улуу муун адистери жаш адистерди тарбиялап, билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, жамаат  бүгүнкү күндө биргеликте, ынтымакта Талас облусунун курулуш тармагында өз ишин жакшы деңгээлде алып барууда. Башкармалыктын жетишкендиктери үчүн кызматкерлер райондук, облустук, республикалык деңгээлдеги, Мамлекеттик курулуш агенттигинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сыйлыктарын алып келүүдө.

Куруучулардын кесипкөйлүгүн белгилөө, өнүктүрүү жана дем берүү максатында 1994-жылы 28-июлда Кыргыз Республикасынын өкмөтү август айынын ар экинчи жекшемби күнүн “Куруучулар  күнү” катары белгилөө тууралуу №539 сандуу токтом кабыл алган.

Курулуштун кєркүн чыгарган кесип ээлерин куттуктайбыз!

Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жалпы жамааты “Куруучулар күнү” менен Талас облусунун аймагында курулуш тармагында эмгектенген бардык жеке жана юридикалык жактарды, чогуу көрсөткүч жаратып келген өнөктөштөрүн, подряддык мекемелерди куттуктайт! Ошондой эле алдыда курулуш жаатында кыргыз эли үчүн эмгектенип, албан-албан ийгиликтерди жаратууңуздарга тилектеш экенин билдирет.

Мындан ары дагы өнөктөштүгүбүз бекемдеп, бийиктиктерди багынта берээрибизге толук ишенебиз!

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар