Союз тарагандан кийин көпчүлүк мамлекеттик ишкана – мекемелер кан таламайга түшүп, менчиктештирилип кеткен. Мындан аймактардагы автобекеттер да четте калган жок. Колу жеткендери олжолоп кетишкен. Ачыгын айтканда, учурдагы бийлик мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен ондогон, жүздөгөн объектилерди соттун чечими менен алып үлгүрө албай жатат. Баарынан өкүнүчтүүсү менчик ээлери жүргүнчүлөргө кызмат көрсөткөндүн ордуна, айрым автобекеттерди соода борборлоруна жана башка максаттарда пайдаланып жатканы бар.
Ушундан улам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 509 токтомунун негизинде, жүргүнчүлөргө, жүргүнчү ташуучуларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана биргелешип транспорт саясатын жүргүзүү максатында өлкөбүздөгү бардык мамлекеттик автобекеттер 2017-жылдын декабрь айында бириктирилип, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдында “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы болуп түзүлгөн.
Жалпысы “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын курамына 6 автобекет, 8 автостанция жана 13 автокасса кирет. “Автобекеттер элге кызмат кылышы керек. Жүргүнчүлөрдү талаптагыдай тейлөө үчүн бардык мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз”,-дейт, “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишкананын башкы директору Алмазбек Байсопуев.
Биздин максаттар
– Мамлекетти өнүктүрүүдө жана калктын жыргалчылыгын жогорулатууда автотранспорт түйүнү – жүргүнчүлөрдү ташуу маанилүү роль ойнойт. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасы бүткүл республика боюнча жүргүнчүлөрдүн агымын жөнгө салуучу жана бөлүштүрүүчү, аларга тейлөө кызматын көрсөтүүчү борбор катары иш алып барат.
“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы КР Автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамы, автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун Эрежелери жана ишкананын Уставынын негизинде иш алып баруу менен жүргүнчүлөргө, жүргүнчү ташуучуларга кызмат көрсөтү келет.
Ишкананын негизги кирешеси шаар четине, шаар аралык жана эл аралык багыттардагы жүргүнчүлөргө билет сатуу болуп эсептелет жана ишкананын максаты:
– Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча жана жүргүнчү ташуучуларга кызматтарды көрсөтүү;
– Ишкананын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу;
– Автобекеттердин иштеши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базасын түзүү;
– Автобекеттердин кызматкерлерине эмгек шартын түзүү, алардын натыйжалуу иштешине жетишүү.
2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын (ыкчам маалымат) жыйынтыгы менен аткарылган иштер боюнча төмөндөгү маалыматты билдиребиз:
“Кыргыз автобекети”мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жүр-гүнчүлөргө, жүргүнчүлөрдү ташуучуларга кызмат көрсөтүү болгондуктан, ага жараша биздин ишкананын негизги кирешеси эл аралык, шаарлар аралык жана шаар четиндеги багыттардагы жүргүнчүлөрдүн агымына жараша болот.
Үстүбүздөгү жылдын 6 айында же тактап айтканда биринчи жарым жылдыгында ишкананын киреше бөлүгү 13,8 пайызга өстү. Ал эми баланстык пайда 32,3 пайыска өскөндүгүн баса бергилеп кетүү абзел.
2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча, каттамдардын саны 187,5 миңди түзсө, жөнөтүлгөн жүргүнчүлөрдүн саны 1700,9 миң адамды түздү.
2024-жылдын I жарым жылдыгында аткарылган иштер
– Башкы ишканада (Батыш автобекетинде) жүргүнчүлөргө билеттерди онлайн сатуу ишке ашырылды;
Башкы ишкананы (Батыш автобекетин) реконструкциялоо максатында эскиздик долбоор даярдалды;
Башкы ишкананын (Батыш автобекетинин) күтүү залына маалыматтарды чагылдыруу максатында 2 даана монитор (телевизор 65 дюм) жана өлкөбүздүн кооз жайларын чагылдыруу максатында баннерлер орнотулду;
Башкы ишкананын (Батыш автобекетинин) парапети аркылуу түстүү жарык берүүчү декаративдик дюралайт жарыктандыруу орнотулду;
Башкы ишкананын (Батыш автобекетинин) имаратынын парапетине 450 метр светодиоддук жарыктандыруу (дюралайт) орнотулду;
Башкы ишкананын (Батыш автобекетинин) имаратынын чатырынын 2740 чарчы метр бөлүгү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;
“Ысык-Кєл автобекети ”филиалынын имаратынын парапетинин периметри
боюнча декоративдик түстүү жарык берүүчү дюралайт менен жарыктандырылды;
“Ысык-Көл автовокзалы” филиалынын Түп автокассасынын аймагына автобустар жөнөтүлүүчү перрон курулду;
Талас автовокзалынын фасады оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү;
“Нарын автобекети” филиалынын Ат-Башы автостанциясынын аймагынын айланасы темир тосмо менен тосулду.
Алдыдагы аткарыла турган иш-пландар
“Ысык-Көл автобекети”, “Нарын автобекети”, “Талас автобекети” филиалдарынын имараттарын жана аймактарын реконструкциялоо боюнча эскиздик долбоорлор даярдалды;
Кочкор, Казарман, Кербен автостанцияларын куруу боюнча эскиздик долбоорлор даярдалды;
Ат-Башы автостанциясынын имаратын жана аймагын реконстукциялоо боюнча эскиздик долбоор даярдалды.
Жыпара Жээналиева, “Кыргыз Туусу”