Суббота, 28 декабря, 2024
-6.9 C
Бишкек

Бир кылымдык тарыхыбызда бараандуу орду бар гезит

Кыргыз эли нечендеген кылымдардан бери эле далай кыйынчылыктарды, далай азап-тозокторду башынан өткөрүп келгендигин тарых барактарынан билебиз. Соңку бир кылымдык тарыхыбызды эле алсак, бүгүнкү биз жашап жаткан заманга жетүү үчүн элибиз бир канча ирет жыгылып, бир канча ирет кайрадан туруп, жанын садага чаап, төшүн окко тосуп, керек десе, кан-жанынан жаралган балдарынын өмүрүн берген.

Мамлекетибиз менен кошо жаралып…

Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнө (1924-жылдын 14-октябры), ошондой эле улуттук тунгуч басылмабыздын түптөлгөнүнө (1924-жылдын 7-ноябры) 100 жыл болот. Бул бүгүнкү көз карандысыз Кыргызстаныбыздын пайдубалын негиздеп, мамлекетибиздин тарыхындагы улуу бурулуш катары саналган, ар бирибиздин көңүл чордонубузда турган 100 жылдык тарыхты эске сала турган күндөр.  Мамлекеттүүлүгүбүз менен киндиктеш «Эркин Тоо» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезити бир кылымдык тарыхты өз барактарынын бетине сактап, кыргыз элинин бүгүнкү эгемендүүлүккө жетишине зор салым кошуп, бир кылымдык бай тарыхты, өлкөнүн өнүгүшүн, коомдук-саясий окуяларды камтып, өзүнчө эле зор архивге айлангандыгын айтпасак да белгилүү. Андыктан, улуттук тун гезит тууралуу, анын кыргыз элинин бүгүнкүдөй жаркыраган заманга жетишине кошкон салымы жөнүндө ар бирибиз билүүгө милдеттүүбүз.

Кыргыз журналистикасына алгач чыйыр салып, адегенде коңшу элдердин басма сөз каражаттарына макалаларын жарыялап, агартуу иштерин активдүү жүргүзгөн Ишенаалы Арабаев башында турган, Абдыкерим Сыдыков, Сыдык Карачев, Мустапа Акматов, Иманаалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Осмонкул Алиев, Базаркул Данияров, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов ж.б.  – кыргыз элинин алгачкы интеллигенциясынын көптөгөн өкүлдөрү ошол кездеги өз алдынча автономдуу рес-публика, азыркы Кыргыз Республикасы үчүн опол тоодой эмгек кылышкан. Бул өз алдынча мамлекеттүүлүк үчүн күрөшкөн кыргыздын таанымал алгачкы карлыгачтары 1924-жылдагы Кара-кыргыз автономдуу облусунун түптөлүшүнө олуттуу салым кошушкан жана, тилекке каршы, көбү каардуу режимдин курмандыктары болушкан. Караңгы элдин кат-сабатын жоюп, эркиндикке умтулган калктын жашоо-турмушун жакшыртууга, көзүн ачып, үмүтүн жандырууга үндөгөн улуттук тунгуч гезит – «Эркин Тоо» (бүгүнкү «Кыргыз Туу-су») гезитинин жарык көрүшү дал ушул Ишенаалы Арабаев баш болгон кыргыз уулдарынын тарыхта аты өчкүс тамгалар менен жазылып калган эмгеги (Алгач гезиттин жооптуу катчысы Сыдык Карачев болгон). Ошентип, 1924-жылдын 7-ноябрында «Эркин Тоо» гезити жарык көрүп, улуттук басма сөздүн, улуттук адабият, жазуу, маданияттын жана агартуу ишинин өнүгүшүнө жол ачылган. Андан бери туура бир кылым өтүп, эл менен тагдырлаш болуп, алдыга үндөп, ыйласа ыйын, кубанса кубанычын бөлүшүп, кыргыз элинин салт-санаасын, маданиятын, тилин, дилин, адабиятын кеңири жайылтып, бүгүнкүдөй жаркыраган заманга сүрөп келди. Улуттук тун гезиттин атын койгон Ишенаалы Арабаев гезиттин №1 санында: «…Кыргыз-кыргыз болгону өз тилинде гезит, журнал, китеп дегенди көрбөй билбей, ары чети бүт ааламдагы, бери чети өз журтундагы тиричиликтен, саясаттан, маданияттан артта калып, караңгылыкта камыккан. Мына эми өзүнчө облус болуп, эңсеп жүргөн тоосу энчисине тийген соң, Кеңеш өкмөтү кыргыздар да жаңы турмуштан, саясаттан, маданияттан, илим-билимден кабардар болсун деп мына бул гезитти чыгарып олтурат. Бул гезиттин табын аягы көңүлдү элжиретип, көздүн жоосун алган эркиндик менен тоо-ну кошуп – «Эркин-Тоо» деп койдук…» деп жазып калтыргандыгын билебиз. Демек, элдин эркин болуп, караңгылыктан чыгуусу, маалыматтар жеткиликтүү болуусу үчүн биринчи кезекте гезит керек болгон.

Заманга жараша аты да, заты да өзгөрүп

Гезит чыгаруу иши ары оор, ары түйшүктүү. Аны гезитте иштеген адам гана түшүнөт. Ал эми ошол мезгилдеги гезит чыгаруу бүгүнкүгө караганда ого бетер оор, ого бетер татаал, ого бетер түйшүктүү болгон. Тунгуч гезитибиз «Эркин Тоо» андан бери бир канча ирет атын алмаштырып, «Кызыл-Кыргызстан», «Советтик Кыргызстан» болду. Акыры, 1991-жылы «Кыргыз Туусу» деп аталып, ортодо жүздөгөн гезит-журналдар катарлаш басылып чыккандыгына карабастан, ыйык тарыхый мурас катары салмагын да, маанисин дагы жоготпой, бардык басылмалардын сап башында уюган сакадай болуп, кыргыз журналистикасынын көч баштоочусу катары бараандуу ордун сактап келет.

Улуттук каймактар эмгектенген мына ушул гезитте иштөө шыбагасы мага дагы насип эткендигине мен ар дайым сыймыктанам. Гезиттин редакциясы жайгашкан имарат эски болсо дагы ага кире бергендеги сезимдер өзүнчө эле айтып түгөтө алгыс. Эшик-терезелери жыгачтан, канча ирет сырдалып, оңдоп-түзөөдөн өтсө дагы сынынан жазбай, качанкы бир тарыхты ичине катып, сүрдүү да, сырдуу да көрүнөт. Бир убактарда тамга тааныбаган кара кыргыздын алгачкы жарык көргөн гезити бир кылымдык жол басып, бүгүнкү күнгө жетери ошондогу адамдардын оюна дагы келбегендир. А бүгүн болсо, ошол адамдардын тарыхын баяндап, кыргыз элинин, кыргыз басма сөзүнүн, кыргыз журналистикасынын соңку бир кылымдык жашоосун чагылдырган «Кыргыз Туусу» (алгачкы «Эркин Тоо гезити») гезити нечендеген макалаларды жарыя-лап, нечендеген тагдырларды, коомдук-саясий турмушту баяндап, бир кылым мурда башталган чыйырды үзбөй улантып келе жатат.

Бул гезиттин редакциясына алгач баш баккандан тарта, башка редакцияларда кездеше бербеген чоң жа-мааттын катарында иштеп, Жедигер Саалаев, Мырзакат Тыналиев, Азимжан Ибраимов, Догдурбек Юсупов, Назарбек Байжигитов, Шекербек Калыков, Аскарбек Насирдинов, Темирбек Алымбеков, Болотбек Таштаналиев агайлардын, Бермет Маткеримова, Нарынкүл Назаралиева, Жыпара Акунова, Жыпара Исабаева, Бактыгүл Чотурова, Нуржан Бакиева, Жыпаркүл Бексултанова, Динара Исаева, Мира Качкынбаева, Жеңишкүл Осмонкулова, Жылдыз Суйналиева эжелердин кеп-кеңешин алып,  куттуу редакциянын тузун татып, журналисттик кесипте билбегенимди билип, чоң сабак алдым.

Айтмакчы, бул редакциядагы дагы бир өзгөчөлүк – анын музейи. «Кыргыз Туусунун» музейине баш бага калганда, бир учурларда элдин келечеги үчүн жан үрөгөн адамдардын элеси көзгө тартыла түшөт. Элибиздин басып өткөн тарыхын, азыркы турмушун, эртеңки келечегин байланыштырып турган бул музейдин ичиндеги буюмдарды, саргарган кагаздарды карап туруп, өлкөбүздүн оңой эмес жолду басып өткөнүнө дагы бир ирет терең ынанасың. Бул гезит аркылуу канча деген мамлекеттик ишмерлер өсүп чыккан. Алардын бардыгын санап отурууга мүмкүн эмес.

Мамлекеттик колдоо керек, себеби…

Сөз кезеги келгенде, айтпай кетүүгө да болбойт. Менин көкүрөгүмдү өйүгөнү – ушул тарых-таржымалы мол, улуттук тунгуч гезиттин мамлекеттик колдоодон кем болуп тургандыгы. «Өкмөттүк» гезит деп аталганы менен, кайра куруу заманынын шарапатынын аркасында өзүн-өзү каржылоого өтүп, эркин гезиттер менен катар эле бүгүнкү күнгө чейин өз арабасын өзү тартып, элдин колдоосу менен окурмандарын жоготпой, алыскы Мургабдын Жерге-Талына чейин жетип, ар бир айыл өкмөтүнүн жетишкендиктерин, көйгөйүн чагылдырып, мамлекеттин маалыматтык саясатын жайылтып келе жатат. Анткени, түпкү максаты ошол эле да, кыргыздар өз алдынча болуп бөлүнгөнү, кыргыз элинин башын бириктирип, алдыга үндөп, агартуу иштерин жүргүзүп келе жатат. Ошол себептен, боордош казактардын үлкөн гезити сыяктуу кылып, «Кыргыз Туусунун» дагы барактарын көбөйтүп, мамлекеттин мамлекеттүүлүгү менен тең гезитибизди мамлекет өзү камкордукка алып, мамлекеттик саясатты жайылтууда негизги каражат катары карап, ар бир үйдө окула турган гезитке айлантса деген тилегим бар. Албетте, азыр гезиттер көп. Ар ким каалаганын жазат. Чындыгы дагы, калпы дагы аралашып, окурмандарды адаштыргандары да бар. Ал эми «Кыргыз Туусунун» милдети, орду, көтөргөн жүгү башка. Көп окурмандар муну анчейин деле биле беришпейт.

Аида НАДЫРБЕКОВА, журналист

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар