Кыргызга белгилүү меценат Сазыкбай Турдумалиевдин сөздөрү балта менен чапкандай ачуу, ойлору үстүңдөн бир чака сууну куюп ийгендей муздак болчу.
Өзү дөө киши болгону менен, жеткен үй күчүк эле. Балким, илгери токойчу болуп иштеген жылдары үйүнө токтобосо токтобогон чыгар, мен жакындан билген он жыл аралыгында таш көчүк болуп үйүндө отурчу. Күйгөн иши болбосо, үйүнөн, отурган кабинетинен чыкчу эмес. Андан кызыгы – отурган кабинетин жаткан бөлмөсүнө айлантып алганы.
Кара башын эмес, калың элди ойлогон Асан кайгылыгы калган жок. Үйүндө жатып алып карапайым украиндерди ойлочу. Си Цзиньпин Дэн Сяопинден да көрөгөч, акылман экен, аман болсо, дүйнөнү далай таң калтырат дечү.
Кыйын аналитик эле, бизнестин эрежелерин, эсеп-кысаптарын кыйын түшүнчү, тендер документтерин толтурганда кынтыксыз толтурчу. Бирок, колу ачык, берешен. Сараңдык деген түшүнө кирчү эмес. Жеңе үйүнө жакын жердеги камоктордон карызга жаздырып күнүмдүк тирликке керек тамак-аш алдырып жатканын билип туруп, каткан акчасын сурап келгендерге кармата бергенин көп көрдүм.
«Мен дайыма калп айтам, пайдалуу калптарды айтам, мен уурумун» деп кайталагандан тажачу эмес. «Мен тендерлерди утуп, мамлекеттен уурдап жатып, ошол уурдаган акчаны эл менен бөлүшүп турбасам, Кудайга жакпай калат» деп койчу. Кызык адам эле.
Кызык окуяларды көп билчү, көп айтчу, аларды ойдон чыгарып айтчубу, билбедим. Кыргыздын дагы бир залкары Дооронбек Садырбаев экөөсүнүн бир окуясын мага айтып берген эле, аны окурмандарга жеткизип коеюн.
Конокторду таң калтырган кошумча
– Бир жолу шаардын сыртында жүрсөм, телефонум шыңгырап, алсам Дооронбек Садырбаев: «Сазыке, тезинен келе кал» деди, – дейт Сазыкбай байке. – Тез келе албайм. Шаардын сыртында, тоо тараптамын, – десе: – Ой, бала, менин болочок сценарийимин башкы каарманы минтип каяша айтканы жарабайт, бардык иштериңди ташта да, дароо кел, – деп өкүм сүйлөйт Доке.
Ошентип, ишин таштап, шаарга жөнөйт.
Анда Жогорку Кеңеш азыркы Өкмөт үйүнүн имаратында отурчу. Докем кабинетинде адатынча папирос чегип, коюу кофе ичип отурган экен. Учурашкандан кийин эле:
– Ой, Тополоң, быйыл менин 65 жылдык мааракем, аны унутуп койгон жоксуңбу? – дейт.
Дооронбек Садырбаев адам акылына келбеген, ары таңгаларлык, ары тамшандырарлык, ары аргасыз ууртуңдан жылмайткан тири укмуш окуяларды ойлоп тапкан адам эмес беле. Жадагалса жылмаюуга арзыбаган жөнөкөй нерсени чоң тамашага айлантып жиберчү.
– Жок, аны кантип унутайын, – дейт. А чынында, ал жылы Доке 65 жылдык юбилейи болору эсинде да жок экен. Бирок, сыр алдырбай:
– Доке, мени жөн чакырган жоксуз. Эгер болочок ажайып сценарийиңизге менден башка кейипкер таппай, акылдашайын деп турсаңыз, сөздү алыстан баштабай, түз эле айтыңыз, колдон келсе, келбесе да, сиз үчүн тоону томкорбоюнбу, – дейт Сазыкбай байке.
– Ап-бали, бул ажат ача турган, азамат жигиттин сөзү! Мен сенден ушул жоопту гана күткөм. Анда айтчы, 65 жылдык юбилейиме канча кошумча кошоюн деген оюң бар эле? – дейт Доке маселени кабыргасынан коюп.
– Ойлогон эмесмин. Болду-болбоду миң доллар кошом го, элден калбай! — дейт анда Сазыкбай байке.
Ал жылдары акча күчтүү, миң доллар 2 бөлмө квартиранын жарым акчасы болчу.
– Сазыке! Кел тамекиден тарт, – деп Доке портсигарын сунат.
Доке тамекинин эң ачуусун тартчу да, бир тамекисин тартып бүтө электе, экинчисин баштачу. Кофени да дайыма өзү менен кошо ала жүрүп, тимеле өчү бардай иччү.
– Сен мага 1000 доллар эмес, 2000 доллар кош. Эгер, мүмкүн болсо, ал акчаны бүгүн апкелип бер. Ал акчаңы Ноокенде, той башталганда, эл алдында колуңа берем, сен мага тапшырасың. Тойду сен баштайсың. Юбилейдин башкы каарманы сен болосуң. Азыр айтпай турайын, тойго келгендерге сюрприз жасайбыз.
– Жарайт, мага эки саат убакыт бериңиз, айткан акчаңызды таап келип берейин, – дейт Сазыкбай байке.
Ал учурда акчасын ишке салып коюп, накталай акчасы жок экен, кимден акча сурамак элем деп банкка барып карызга акча алып, эки-үч сааттан кийин Докеге апкелип берет.
Арадан бир ай өтүп, Ноокенде Докенин тою башталат. Алгач бир-эки расмий адамдарга сөз берилет. Мындайда аларга сөз берилбесе, тойдун шааниси кайдан? Анан алар той ээсине карата биринен бири кыйын да, чечен да, татты да, акылдуу куттук сөз айтканга аракет кылышат.
Алардан көп узабай, алып баруучу: «Сөз кезеги ишкер, меценат Сазыкбай Турдумалиевде» деп жар салат.
Сазыкбай байке сахнага чыкканда, Докенин жардамчылары сахнанын төрүндөгү столдун үстүнө эки чоң коробка апкелип, биринин үстүнө бирин коюп, үстүн ачып коюшат. Ичинде таңгак-таңгак акча экен.
Доке жанына сыр бербей басып келген Сазыкбай байкеге: «Тиги эки чоң коробкадагы баягы сен берген 2 миң доллар. Мен аны кыргыздын сомуна алмаштырып койдум. Сурагандарга коробкада канча акча бар экенин айтпа», – дейт шыбырап.
Сазыке да сөзгө чечен эле, Докенин 65 жылдыгына арнап сөз сүйлөгөн жагын катырат да, аягында:
– Докеге окшогон улуу кишинин тоюна кошконго жараша кошоюн деп, мынабу силердин көз алдыңардагы коробкаларга толо акча апкелдим. Мунун баары Докемдей улуу адамдын урматына. Мындан да көбүрөөк кошсом болот эле, азыраак болуп калды. Анүчүн өзүм да уялып турам. Доке, көп жашаңыз, арыбаңыз, – дейт.
Докенин колун дагы бир жолу кысып, элди аралап жөнөйт. Эл эки жарыла берип, жол бошотот. Сазыкбай байке басып баратып Докемин коллегаларынын биринин: «Ка-ап, мен болгону 1000 доллар кошумча апкелдим эле. Уят болгон турбайымбы» деген сөзүн угуп калат.
Сазыкбай байкени тааныбагандар: “Не бир саясатчылардан мурда сөз алган бул кандай адам, Дооронбек Садырбаевдин кандай жакын адамы» деп жаалап, ага көңүл буруп калышат.
Мына ошол көз ирмемдерде Докенин ажайып авантюрасынын сыры эмнеде экенин түшүнгөн Сазыкбай аке ичинен ыраазы болот.
Сөздөр сүйлөнүп, кошумчалар кошулуп, той кызыйт. Бирок, Сазыкбай байкенин кошкон эки коробка акчасы, сүйлөгөн сөзү бир тең да, башкалардыкы бир тең болот. Тойдо ага чейин да, андан кийин да, анча акча кошкон адам болбойт. Той бүтөр-бүткүчө аны аты айтылып турат.
Көрсө, Доке 2 миң долларды жардамчыларын жиберип, жалаң 1 сомдуктарга жана бир азын 5 сомдуктарга алмаштырган экен.
Коробкалардын сыры ачылганда
– «Той болот, тойдун эртеси да болот» демекчи, Бишкектен баргандар ээрчишип шаарга кайтышат. Жолдо, Чычкан капчыгайынын ичине кирип, бир топ өйдөлөп барганда, мейманканасы бар, кафеси да дурусураак, айлана-тегереги ажайып жерден Докенин жакын достору шаардан келген депутат меймандарга чай уюштурушат. Ошол жерде бакылдап-шакылдап, Докеге деген калган-каткан каалоо-тилектерден айтып отурган маалда, парламенттин ошол чакырылышына депутат болгон, элдер «жеке менчик самолету бар экен, парламенттик шайлоо убагында ошол самолету менен жүрдү» деп аңыз кылган, союздан мураска калган жашырын заводдордун бирин сатып алган Замирбек Парманкулов деген каракулжалык жигит улам келип:
– Ыя, аке, эгер жашырын болбосо, Докеме канча коштуңуз? – деп сурайт. Бир эле Замирбек эмес, башкалары да Сазыкбай байкенин оозун тиктеп калышат.
– Биз жолду катар сиздин 1 куб акчаңыз канча болорун, доллар менен да, улуттук валюта менен канча болорун эсептеп, бирок, тактай албадык, – дешет агынан жарылып сапарлаштары.
Докеге канча акча кошконун, ал аны кантип 1 куб акчага айлантканын айтып бергенде, баары баштарын чайкашып:
– Капырай, Докемин тамашакөйлүгүн кара, – дешип, коллегасынын тамашасына ыраазы болушат.
Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Туусу”