Телефонуңуз катталды беле? 15-августка чейин байланыш каражаттарын (смартфон, планшет) каттоо аяктайт.
Бул убакытка чейин каттоодон өтпөгөндөрдү уюлдук операторлор түйүндөн өчүрөт. Эгер сиз катталбаган телефон алсаңыз, дүкөнгө кайрылып, сатуучуга телефондун сиздин атыңызга каттап берүүнү өтүнүшүңүз керектигин Мамлекеттик идентификация системасынан билдиришти.
Телефонду каттоо үчүн акы импортер, реализаторлордон алынат. Телефонуңуз катталган-катталбаганын бул сайттан текшере аласыз.