Четверг, 26 декабря, 2024
-12.9 C
Бишкек

Дүйшеналы КУРБАНАЛИЕВ: “Мекеменин материалдык- техникалык базасы чыңдалууда”

Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери  Дүйшеналы КУРБАНАЛИЕВ менен райондогу эпидемиологиялык абал боюнча маек курдук. 

– Дүйшеналы Сариевич, Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу айтып берсеңиз? Райондун эпидемиологиялык абалы туруктуубу?

– Токтогул райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 2024 – жылдын 6 айында негизги максаттары жана милдеттери болуп эсептелген райондун калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгын камсыздоо, ошондой эле райондун калкынын арасында гигиеналык тарбия берүү жана окутуу менен жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун калкка тийгизген зыяндуу кесепеттерин, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүздү.

6 айда Токтогул РОААжМСЭКБ кызматкерлери тарабынан райондогу медицина мекемелерине, билим берүү бөлүмүнө, жеке ишкерлерге, мэрия жана айыл аймак башчыларына жалпысынан ар кандай жугуштуу ооруларды алдын алуу боюнча 131 санитардык көрсөтмөлөр берилип, 763 актылар жазылган. Жогорку инстанцияларга жана райондогу мекеме-ишканаларга жалпысынан 56 билдирүүлөр, маалыматтар берилген. Көзөмөлдө турган объектилерди текшерүүдө санитардык норма, эрежелерди одоно бузган 30 кызматкерге 121000 сом айып салынып, мамлекеттин пайдасына 24 кызматкерден 80000 сом өндүрүлгөн, калгандарынын төлөө мөөнөтү келе элек. Райондун сот аткаруучулар бөлүмүнө салынган айыптарды өндүрүү үчүн 4 материал тапшырылды.  Ошондой эле 2 объекти убактылуу жабылган, 23 кызматкер убактылуу иштен четтетилген. Райондун жарандарынан түшкөн арыздар – 8, баардыгы өз убагында каралып, жыйынтыгы арыз ээлерине берилген. Райондук мамлекеттик администрация башчысы жана райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте 7 жолу элдик жыйындарга  катышып, элдин суроо-талаптары боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Райондо эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, өзгөчө коркунучтуу болгон сибирь жарасы, кутурма оорулары катталган жок. 6 айда жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында былтыркыга салыштырмалуу жугуштуу оорулардын саны бир кыйла кыскарган, башкача айтканда, өткөн жылдын 6 айында 682 жугуштуу оору катталса, бул жылдын 6 айында 580 жугуштуу оору чыгып 102 ооруга аз катталган. Жалпы 23 нозоформанын ичинен 3 нозоформада жугуштуу оорулардын өсүүсү байкалууда, бул мите курт (аскаридоз, энтеробиоз) оорулары жана кызамык оорусу. Кызамык оорусу боюнча жалпы республика боюнча эпидемия жүрүп, өз убагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде ооруну  токтотууга жетиштик.

– Санитардык-эпидемиологиялык борбордун бактериологиялык-лабораториялык абалы бүгүнкү күндүн талабына жооп береби?

– Токтогул РОААжМСЭКБнун  санитардык-бактериологиялык лабораториясы изилдөөлөрдү сапаттуу жүргүзүү үчүн автоклав, термостат, аквадистиллятор, сухожаровой шкаф ж.б. медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Санбаклабораторияда 1 врач – бактериолог, 2 баклаборант жана 1 санитарка иштешет. Жарым жыл ичинде ичүүчү таза суулардан 84 үлгү алынган, жыйынтыгы таза. Азык-түлүк продуктыларынан 159 үлгү алынган, жыйынтыгы таза. Смыв 332 алынган, анын ичинен 48 санитардык талапка жооп бербейт (14,4%). Медициналык мекемелерден абанын үлгүсүнүн көрсөткүчү 15, талапка жооп берет. Хирургиялык материалдар (стерильность) 14 үлгү алынган, нормага жооп берет. Санитардык -бактериологиялык лаборатория толук бүгүнкү күндүн талабына жооп бериши үчүн аккредитациядан өтүүсү керек, ошондуктан азыркы учурда ушул багытта даярдыктар жүрүп жатат.

– Буга чейинки маегиңизде сиз жетектеген мекеменин кызматкерлеринин айлык маяналары аз экендигин айткан элеңиз. Эмгек акылар жогоруладыбы? Же ошол эле боюнчабы? 

– Чындыгында республика боюнча жалпы медициналык кызматкерлердин айлык маяналары башка кызматтагыларга караганда бир топ аз болчу. Бирок саламаттык сактоо министри болуп Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович дайындалгандан бери айлык акыбыз 2 жолу көтөрүлдү жана ушул жылдын сентябрында дагы бир жолу көтөрүлгөнү турат. Учурдан пайдаланып Министрибизге, Президентибизге жана Министрлер Кабинетине жалпы медициналык кызматкерлердин атынан ыраазычылык билдирем. Эгерде медициналык кызматкерлердин айлык маянасы жогору болсо чет өлкөлөрдө жүргөн врачтар өз мекенине кайра келишип, кадрдык жетишсиздик көйгөйлөрү чечилмек жана  коррупциялык көрүнүштөр  азаймак.

– Токтогул шаарынын элинин калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыздалдыбы? Дегеним, Таласбай кичи району таза суу менен толук камсыздала элек эле.

– Райондо таза суу менен 85% эл камсыз болгон, 42 калктуу пункттун 30 айылында таза суу маселеси чечилген. Өзгөчө Кызыл-Өзгөрүш, Кара-Күңгөй, Арал ж.б. айылдарды дагы таза суу менен камсыздоо боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан иш-аракеттер жүрүп жатат. Ал эми Токтогул шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо боюнча атайын долбоорго ылайык Европа өнүктүрүү Банкы тарабынан 4 млн. 289 миң евро бөлүнүп 1-фазада Токтогул шаарынын 1, 2, 3, 4 кичи райондору таза суу менен камсыз болушту. Жакын ортодо 2 фазанын башталышы күтүлүүдө. Токтогул шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо долбоорунун 2-фазасында 10 млн. евро акча каражаты бөлүнүп, шаардын Таласбай, Южводстрой, Ак-Жон кичи райондору таза суу менен камсыз болмокчу.

– Шаардын азык-түлүк сатуучу жана тамак-аш жайларынын санитардык абалы талапка жооп береби? Жеке ишкерлерди текшерүүгө карата коюлган мораторийден улам аларга кимдер көзөмөл жүргүзөт?

– Токтогул райондук санэпид­көзөмөл борборунун көзөмөлүндө  жалпысы 461 объект бар, анын ичинде тамак-аш гигиенасы боюнча 192 объекти бар. Анын ичинен азык-түлүк саткан соода түйүндөрүнүн саны – 126. Коомдук тамак-аш объектилеринин саны – 62. КР Президентинин жыл башындагы №1 Жарлыгы менен жеке ишкердик субъектилерди текшерүүгө мораторий жарыяланган. Бирок жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилип, ушул жылдын 3-чейрегинде азык-түлүк коопсуздугун сактоо максатында соода түйүндөрүн жана коомдук тамак-аш объектилерин текшерүүгө уруксат берилди. Ошондуктан КР Экономика министрлигинин түштүк филиалынын макулдугу менен жеке ишкердик субъектилерин текшерүүгө жолдомолор алынып тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп баштады.

– Жай айларында ысыкка байланыштуу тамак-аштан ууланган учурлар кездешет. Тез таркоочу вирустук оорулар да күчөйт эмеспи, мындай жагдайда жол бербөө үчүн кандай  чаралар каралган? Атайын рейддер жүргүзүлүп турабы?

Токтогул РОААжМСЭКБнун кызматкерлери 2024 – жылдын 6 айында райондук мамлекеттик администрациясы, мэрия, райондук ички иштер бөлүмү, салык кызматы, ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте соода сатык түйүндөрүндө тамак-аштан уулануу, ботулизм ооруларын алдын алуу боюнча, азык-түлүк коопсуздугу боюнча, ошондой эле борбордук базарды ирээтке келтирүү боюнча 6 жолу рейддик текшерүүлөр болуп жеке ишкерлер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Санитардык норма-эрежелерди сактабаган объектилерге тиешелүү административдик чаралар көрүлүүдө, мисалга, 30 кызматкерге 121000 сом айып салынып мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.

– Малдардан адамдарга жугуштуу оорулардын жуккан учурлары катталганбы?

– Ооруган  малдардан адамдарга бруцеллез, сибирь жарасы ж.б. адам өмүрү үчүн кооптуу болгон жугуштуу оорулар жугушу мүмкүн. Сибирь жарасы боюнча райондо эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, райондун аймагы сибирь жарасы оорусунан таза. Ал эми бруцеллез оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө айта кетсек, өткөн жылдын 6 айында райондо 17 учур катталган болсо, быйыл 6 ай ичинде 20 учур катталган, башкача айтканда, былтыркыга салыштырмалуу 3 учурга көп катталган. Райондун калкынын негизги жашоо тиричилиги мал чарбасына байланыштуу болгондуктан малдын миграциясы өтө жогору. Райондун аймагына республиканын башка региондорунан бруцеллез оорусуна күмөндөлгөн малдар келип сатылышы толук мүмкүн. Ошондуктан райондук ветеринардык кызмат тарабынан ветеринардык иш-чаралар күчөтүлүшү зарыл.

– Буга чейинки маегиңизде дол-боорлордун алкагында иш алып барып жатканыңыз тууралуу айткан элеңиз. Ошол долбооруңуз жүзөгө аштыбы?

– Ооба, сиз белгилегендей 2023-жылы биздин мекеме үчүн өтө ийгиликтүү жылдардан болду, анткени көп жылдардан бери өтө көйгөйлүү маселелердин бири болгон авариялык абалдагы вакцина сактоочу складыбыз сүрдүрүлүп таштап, ордуна заманбап вакцина сактоочу склад курулуп жыл аягында ишке берилди. Биз тараптан КР ССМне көп жылдардан бери кайрылуубуздун натыйжасында КР ССМ тарабынан Бүткүл дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жаткан “COVID – 19” долбоорунун алкагында жалпы суммасы 7051951 сомго “Ихтур – юг” ЖЧК тарабынан вакцина сактоочу склад курулду. Бул жогоруда айтылган ар кандай жугуштуу ооруларга каршы эмдөө иштерин сапаттуу жүргүзүүгө, вакциналарды туура өз эрежелерине ылайык сактоого чоң өбөлгө түзөт.

– Мекеменин жетишкен жактары менен көйгөйлөрүнө токтолсоңуз?

– Акыркы жылдары мекеменин материалдык-техникалык абалынын чыңдалышын мекеменин жетишкен жактары катары белгилесек болот. Эң негизгилерине токтолсом: вакцина сактоочу складдын курулушу, эски автогараждын курулушу, Седан үлгүсүндөгү “Черри – Арризо” жеңил автоунаасынын, Тoйота “HILUX” атайын вакцина ташуучу автоунаасынын мамлекет тарабынан берилиши болду. Ал эми көйгөйлүү маселелерден мекеменин санитардык-гигиеналык лабораториясы, паразитологиялык лабораториясы азыркы замандын талаптарына жооп бербейт, эскилиги жеткен имараттарда жайгашкан, лабораториялык изилдөөлөрдү толук, сапаттуу жүргүзүүгө комнаталары жетишпейт. Ошондой эле бизде вирусологиялык лаборатория жок болгондугуна байланыштуу “COVID – 19” пандемиясы учурунда анализдерди Жалал-Абад облустук санэпидкөзөмөл борборунун вирусологиялык лабораториясына  ташып жеткирип турууга аргасыз болдук. Ошондуктан жакынкы  жылдары ушул маселелерди толук чечүү үчүн санитардык-гигиеналык, паразитологиялык, вирусологиялык лабораторияларды камтыган лабораториялык корпус курууга проекттик-сметалык документацияларын даярдоого аракет жасап жатабыз.

Вера Беделбек, «Кыргыз Туусу»

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар