Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Өрүк гүлдөгөндө

Жаз алды айылыма кокус жол алдым. өрүкзардын гүлгө оронуп турганын көргүм келди. Сагынып калыпмын. Анын үстүнө эртең менен классташ курбум телефон чалып, дегдетип койду.

– Тез кел, ортак , сөзсүз кел, быйыл өрүктөр укмуш гүлдөдү! Көрбөсөң арманда каласың! Чын айтам, көп жылдан бери мындай гүл ачкан эмес. Жытын айт, жытын, бах! Сен келсең классташтар өрүк эненин түбүнө чогулабыз тээ илгеркидей болуп, эсиңдеби?

– Өрүк эне барбы, дале тирүүбү?

– Ооба, тирүү, тирүү. Бирок келип көрүп кал, быйыл күздө аны кесебиз деп атышат. Бизде көмүр кымбат, бечара картаң өрүктөр четинен отунга кыйылып кетип атат…Өрүкзар мурдагыдай эмес, ортак…Келгенде көрөсүң…

Таң атпай чалган курбума “барам” деп коюп, өзүм кыйсыпыр түшүп камына баштадым. Өрүкбак мен жеткенче гүлүн төгүп салчудай ашыктым. Самолет Баткенге эки күндөн кийин гана учат экен. Аны күткүм келбеди. Кечке жуук таксиге отурдум. Төө-Ашууга жетип калганда классташ курбум дагы телефон чалды.

– Ало-о, ортак, келатасыңбы?

– Ооба, жолдомун…

– Кыздар бүгүн сени келет деп өрүккө селкинчек байладык.

– Ай-ии! Сонун го! Керемет! Ай, Зулай, токтосоң, бу алтымыш ашкан аялдар кантип өрүккө чыгып, жип байлап жүрөсүнөр?

– Ортак, коркпо, уулдарыбызды чакырып байлаттык, биз өзүбүз кайда-ан, өрүктөй болуп карып калганыбыз кача-ан.

Таң эртеден бери мага шаңкылдап сүйлөп аткан курбумдун доошу пасайып, мага ал бир жери катуу ооруп, онтоп жибергендей да туюлду.

– Зулайка, ден соолук жакшыбы?

– Жакшы ортак, жакшы, басып жүрөбүз, ушуга шүгүр… Курбум экөөбүздүн сөзүбүз кызыганда байланыш үзүлүп калды.

Эстеп көрсөм, менин классташ курбуларым Зулай айткандай чын эле өрүккө окшош экен, өрүк болсо көп жагынан менин курбуларыма окшош экен: ишенчээк, чыдамкай, карапайым, анан да өжөр.

Өрүк мөмөлүү дарактардын ичинен биринчи болуп гүлдөйт. Эрте баардагы күндүн алгачкы ысык нурларына эле ишенип, бүчүрлөрү кызарып көөп, бир паста гүлдөп алат, бу күндүн ачуу ысыгы көбүнчө алдамчы болоорун бу ак көңүл өрүк билбейт. Өрүктүн мындай ишенчээктиги багбандарды түйшүккө кыйла эле салып коёт. Алар эзелим өрүк гүлүнө суктанып карабайт, ырым кылышат, ичинен гана “көз тийбесин” деп коюп, эки көзү асманда. Күнгө күйгөн оң колун капкара пешенесине такап алып утуру-утуру асманды карай беришет, кокус көпкөк асманда бир жоолуктун учундай булутту көрүп калышса, ошонун кыймылын көз талыта улам тиктеп, эси кетишет. Кээде мындай булуттар багбандардын көз отуна эрип кеткендей же аларды аягандай кайдадыр житип, акырын көздөн кайым болот. Кээде көбөйүп отуруп, чоң, кара булуттарга айланып, жамгыр төгүп жиберет, а кээде, жамгыр карга айланат, кадимки кыштагы ак кар жаайт. Мындайда багбандарда тыным жок, уйку көрбөйт, өрүкзарын аралап, от түтөтүп, “дүт” коюп…. Баары бир кар кардыгын кылат. Дүткө эригени менен ошондо да өрүктүн теңин алып кетет. Кээ бир учурларда аяз катуу түшүп, өрүктү тегиз үшүк уруп, өрүкзар бир даана мөмө байлабай кысыр калат. Ошондо да сабырдуу багбандар бул да кудайдын амири, жаратканыма зарым бар го, зорум жок дешип, наалып- накшыбай келерки жылдын түшүмүн күтүп отуруп калышат.

Анан калса өрүк гүлдөгөн маалдагы күндүн табы жамгыр чакырган бөтөнчө бир ысык дейсиз, энелер бой тартып аткан тестиер кыздарын өрүк гүлүнүн аптабынан коруй берет эле. “Эшикке көп чыкпа, бетиң күнгө күйүп калат, анан сага чоңойгонуңда бети кара экен деп жуучу келбей коёт деп”. Энелеринин бу сөзү оюнкараак кыздарды коркута албайт эле. Өрүкзар аппак нурга бөлөнүп, жыпар жытын чачкан маалда биз бак ичиндеги эң чоң өрүк – Эне өрүктүн түбүнө күн сайын барып ойной берчүбүз. Анын шактары жоон, бутактары барпайып турчу, ушунданбы көлөкөсү жайык, калың эле. Биз анын шагына узун аркандан селкинчекти илип, керээли кечке кезектеше тебе берчүбүз. Селкинчекти булкунта күүлөп тепкен сайын өрүк гүлүнүн араң турган үлбүрөк желекчелери башыбызга аппак кардай жаап, чачыбыз гүл жамынып калат эле. Бизге баарынан ушул кызык, кимдин башына канча гүл күбүлүп түшкөнү. Селкинчекти ким катуу, алыска тебе алса, ошончолук гүл көп жаайт эле. Ошондогу чачы, башыбыз гүлгө оронуп, өзүбүз да өрүктөй гүлдөп алган кыздардын көбү эчен ирет селкинчектен кулап, тизебиз кырылган, ага деле карабай ойной берчүбүз, оюндан карызыбыз бардай.

Кызын жоготкон энелер түз эле ушул өрүктүн түбүнө келишчү. Кээ бирибиздин энебиздин колунда чыбык болоор эле:

– Бас үйгө, ушинтип жоголо берсең биротоло сени өрүккө кыз кылып берем, жүрө бер маймылдай болуп шактан шакка секирип…

Энеси ушинтип урушуп, буттарына чыбык менен урумуш болуп жетелеп кеткен кыз эртеси дагы келе берчү эптеп энесин көндүрүп.

Ушунданбы, өрүк гүлү маалында энесин угуп, үйдө отурбаган мага окшогон кыздардын баарынын беттери капкара эле. Энелерибиз бекеринен бизди коруп, кабатыр болгон эмес экен. Ошол тил албас, оюнкарак кыздардын өрүк гүлүнүн аптабына какталып күйүп калган кара тору өңдөрүбүз бир өмүр агарбады. Бирок энелерибиз коркуткандай эмес, кара тору кыздарга жуучулар көп эле келди.

Анан калса биз жакшы көргөн Эне өрүктүн мөмөсү да башкалардан эрте быша турган. Биз аны түйгөндөн тартып эле тузга тийгизип жей берчүбүз. Анын горосу да кычкыл болгону менен ширелүү эле. Даамы азыр да ооздо турат. Өрүктөр түйүп, мөмөсү чоңойо баштаган сайын бактын кароолчусу Ысман аванын да иши көбөйөт эле. Ал чоң бактын ал учунан бул учуна жеткенче биз өрүк энебиздин мөмөсүн тойгончо жеп алганга үлгүрчүбүз. Оюм ушул жерге келгенде эсиме бир окуя түштү. Ысман аванын өрүк бакты коргоо үчүн ойлоп тапкан айла-амалдары да кызык эле.

Бир күнү айылды абдан эле коркунучтуу, таң калычтуу сөз аралады. “Чоң бакта жүндүү, жапайы киши пайда болуптур. Жолунан чыккандын ким экенине карабай тиштеп алат экен. Ысман кароолчу аз жерден калыптыр. Жаш балдарды болсо тирүүлөй эле жутуп коёт дешти”. Бүттү, бакка карай чуркаган бала-чаканын буту кан буугандай тыйылды. Биз да өрүк энебиздин түбүнө барып ойногонду токтоттук. Бактын мөмөсү жыйылып бүткөндөн кийин “жүндүү киши” тууралуу сөз унутулду. Бирок кийинки жылы бышыкчылык жакындаган маалда бул жомок дагы күчөтүлүп айтылды: “жүндүү киши” быйыл бакка өзүнүн дагы бир топ шериктерин кошо ала келиптир”. Ошол, ошол болду бу колхоздун өрүкзары бир топ жылга чейин корукчусун кыйнабай, түшүмүн коромжу кылбай берип жүрдү. Айылдын элинин карапайымдыгын караңыз, “жүндүү киши” тууралуу сөзгө айрым чоң адамдар да ишенип алышкан эле, арасында “ким билет, бул бактын ээсидир” дегендери да чыккан.

Анан калса бакты коруу кароолчунун гана жумушу эмес эле. Ага жапырт эл да көз салчу. Алар мөмөлүү бакка бейпилдик, тазалык керек дешет. Бу чөлкөмдө “тигил бакта арак ичишип, мушташыптыр” дегендей сөз угулбасын, өрүкзар ичинде эч ким, эч кандай жаман ишке барганга болбойт, кылмыш кылгың келсе тээ ээн сайга барып кыл дешет багбандар. Жаман ой менен бакка баспа, бактын берекесин кетиресиң дешет. Өрүк түбүнө даарат ушатпагыла, өрүк көлөкөсүндө отуруп ушак сүйлөбөгүлө, урушпагыла деген тартип көкүрөккө бекем орногон.

Азыр эми ошол жапырт эл жакшы көрүп, аздектеп багып караган бак бүгүн жаштарды да, бала-чаканы да кызыктырбай калганын уктум. Былтыр айылдан келген тууганым айтат азыр өрүк бакка мурункудай сиздерге окшоп ичине кирип ойногусу келгендер, мөмөсүн уурдап жейм деп куштар болгондор деле жок. Айылдын жаштарынын ою эле алыска барып иштеп, көп пул табуу болуп калган. Жыл сайын күн жылып, өрүк гүлдөгөндө кыздар, жигиттер чет жактарга топурап жол алышат экен. Кеткендери көп, кайтып келгендери аз. Эл азыр бакты эмес, өз балдарын четке кетүүдөн коруй албай калды деп анын кейигенин эстедим.

Таң үрүл-бүрүл атканда биз түшкөн машине өнөр жайлуу чакан шаарчаларды аралап өттү. Жол боюндагы өңдөрү өчкөн, бетиндеги жазууларынын да убактысы эбак өтүп кеткен, керексиз, алып салган киши жок жөн эле илинип турган жарнамалык баннерлерди көрүп өрүкзарлыктарым дагы эске түштү.

– Ай, ушул баннерлер өрүкзарда болсочу, минтип өңү өчүп, жол боюнда жылдап турбайт эле. – Үн чыгара сүйлөп жиберип, жанымдагы сапарлаш келинди да ойготуп алдым. Ал көзүн ачып мага бир карап алып, кайра оң жагына, күйөөсү отурган тарапка ыктап, уйкусун уланта берди.

Баткенде мындай буюм өтө таңсык. Шайлоо бүтүп-бүтпөй жатып, үгүт баннерлери бул өрөөндө жер жуткандай заматта жок болуп кеткенин өз көзүм менен көргөм. Көрсө, аларды өрүкзарлыктар күн мурун эле ээлеп, бөлүп алышат экен, “көчөдөгүсүн мен алам, имараттын ичиндегисин сен аласың”, же “тиги талапкерге мен иштедим, аныкын мен алам, сен өзүңө караштуунукун ал” деп. Бөлүшө албаганы талашышып, чыр чыгып, мушташып да кетишчү. Баннер кайсы жерде илинип турса да жулуп кетишет. Бийиктеби, тоодобу, таштабы, баарибир, колдору жетет. Өрүкзарлыктарым бул жоругуна уялып да коюшпайт. Көрсө, баннер өрүк жайып кургатканга аябай ыңгайлуу, бышык буюм экен. Бизге мындай буюм канча болсо да аз дешет. Өрүк тегиз бышып бергенде, көрө бересиз, ал сизди күтүп турбайт, жамгырдай төгүлөт да, ана, береке! Жайып кургатканга эч нерсе таппай каласың. Көз чачыраганда колуна эмне кирсе колдоно беришет: бири жалбызга, бири чийге, бири таарга, бири тактайга, ташка, чөпкө жая салып өрүктү кургатууга киришет. Баннерди болсо жазуулары, сүрөттөрү бар жагын жерге каратып, тескери, аппак тарабына өрүктү тегиздей төгүшөт.

Ушундай, өрүк мөмөсүн кургатууга келгенде өрүкзарлыктар бар болгон өнөрүн, күчүн сарптап, бир тогологун жерде калтырбай, жанын төшөп иштейт: “мурсанжалиден баргек, курмайыдан сыкма, кантектен аштек, касекини тоголок” – бу өрүктү сортуна жараша кургатуунун алтын эрежеси, муну өрүкзарлыктардан башкалар эзелим укпагандыр. Мурсанжали – өтө таттуу жана жумшак өрүк, бу сорттогу мөмөнү ортосунан эки жакка ачып, ичинен данектүү сөөгүн сууруп алып, эки жакка ачылган бойдон кургатышат. Мунусун “баргек” дешет. Тиштегенде кытырап, ирис конфетиндей болуп, оозго киргенде заматта эрип кетет. Курмайы-мөмөсү чоң, эти калың, бир аз кычкылыраак өрүктүн сорту, аны экиге ажыратпай туруп эле ичиндеги сөөгүн сыгып алып жайышат, ошон үчүн “сыкма” аталат.

(Уландысы бар)

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар