Дүйнөдөгү эң бийик чоку – Эверест. Анын бийиктиги 8848 метр. (Нукура аты Джомолунгма, тибет эли “Чомогангкар” деп да коюшат. Мааниси “Ар карлуу ыйык эне” дегенди туюнтат.)
Ал эми Кыргызстаныбызда жети миңдик чокуларга кирген үч даңазалуу чоку бар. Бул тоолор өлкөбүздүн сыймыгы жана дүйнөдөгү альпинисттерди өзүнө тартып келет. Жыл сайын жүздөгөн альпинисттер ушул чокуларды багындыруу үчүн Кыргызстанга атайын келишет. Төмөндө Кыргызстандагы эң бийик деген 5 чоку тууралуу маалымат жыйнадык.
Жеңиш чокусу
Кыргызстандагы эң бийик чоку. Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашып, деңиз деңгээлинен 7439 метр бийиктикте орун алган. Дүйнөдө 60-орунда турат.
Жеңиш чокусун 1956-жылга чейин эч ким багындыра алган эмес. Аны багынткан кишиге «Ак илбирс» наамы ыйгарылат. Кызыгы альпинисттер мурда «Жеңишти» «Кандуу тоо» деп да аташкан. Себеби, кайсы бир учурда ага чыгам деп көз жумгандардын саны Эверестке чыгам деп көз жумгандардан да көп болуп кеткен. Орто эсеп менен он жыл ичинде чокуну багынтам деген 12 киши каза тапкан. Алардын бир катарларынын сөөктөрү табылса, кээ бирлериники түбөлүк муз арасында кала берген. Баш-аягы аталган чоку 70 адамдын өмүрүн алган. Ошентсе дагы, муну табигый көрүнүш деп эсептешет.
Чокунун жантайыңкы жерлеринде сууктун күчү жайында 30 градус болуп турат. Ал эми шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымды түзөт.
Манас чокусу
Чоң-Алай кырка тоосунун борбордук бөлүгүндө орун алган. Бийиктиги 7134 метрди түзүп, Кыргызстанда экинчи орунда турса, КМШда үчүнчү орунда турат.
Бул чоку тууралуу маалымат алгач 1871-жылы саякатчы Алексей Федченконун илимий эмгегинде баяндалган. Ал чокуга Түркестан облусунун генерал-губернатору Кауфмандын атын берүүнү туура көргөн. 1928-жылы совет мамлекетинин түптөөчүсү В.И.Лениндин ысымы берилген. Ленин чокусун алгачкылардан болуп 1928-жылы совет-герман экспедициялык тобунун мүчөлөрү, альпинисттер Карл Вин, Ойген Алльвайн жана Эрвин Шнайдер багындырган. Ал эми 1934-жылы советтик экспедициянын мүчөлөрү В.Абалаков, К.Чернуха жана И.Лукин чыккан. 2017-жылы Жогорку Кеңеш «Ленин чокусун Манас чокусу деп өзгөртүү жөнүндө» токтом кабыл алган.
Кан-Теңир чокусу
Кан-Теңир чокусу Ысык-Көлдүн чыгышында жайгашкан. Бийиктиги 6995 метр болсо, андагы муздун калыңдыгы менен 7010 метрге чейин жетет. Андыктан, Кан-Теңирди Борбор Азиядагы 7000 метрден ашкан беш чокунун бири аташып, “Ак илбирс” наамын ыйгарышкан.
Кан-Теңир көргөндүн көзү тойбогон, керемет чокулардын бири. Капталдары өтө тик болгондуктан, кар токтобой, беттери ачылып жатат. Тоонун төмөн жагы күңүрт акиташ тегинен, жогору жагы тунук мрамордон турат. Чоку дээрлик кар-мөңгү менен капталган.
Кыргыздар бул чокуну Кан-Тоо, казактар Олуя чоку деп да аташкан. Чындыгында анын аты чокунун өтө бийиктигинен келип чыгып, «тоолордун ханы (падышасы)» дегенди туюндуруп турат.
Кан-Теңирге алгачкы жолу 1931-жылы 10-сентябрда М.Т.Погребецкий жетекчилик кылган украиналык альпинисттер чыккан.
Ага чыгуу өтө кооптуу жана аны багындыруу учурунда адамдар көп мерт болгонуна карабастан, жыл сайын дүйнө жүзүнөн келген альпинисттердин катары суюла элек.
Кан-Теңирдин этегинде Эңилчек мөңгүсү жана Мерцбахер көлү бар.
Аскер топографтары чокусу
Какшаал жана Меридиан тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийиктиги 6873 метрди түзүп, Кыргызстанда төртүнчү орунда турат. Тоо сланец, акиташ теги, мрамор жана гранит тоо-тектеринен турат.
1943-жылы сентябрда П.Н.Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары чокуну аныктаган. Ал эми аталган чокуну биринчилерден болуп, 1965-жылы 15-августта Казакстан альпинисттер клубунун мүчөлөрү багындырышкан.
Достук чокусу
Меридиан кырка тоосундагы, Кытай менен Кыргызстандын чек арасында жайгашкан чоку. Бийиктиги 6800 метр. Чоку жаткан аймак кар, мөңгү менен тегиз капталган. Ага чыкканда Барскоон өрөөнү, Ысык-Көл укмуштуудай кооз көрүнөт дешет.
Ал эми түштүк капталында жана чыгышында чоң мөңгүнүн этегинде узундугу 150 метр келген Бел көлү орун алган. Чокунун түндүк жагын «Мрамор дубалы» аташат.
Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”