Среда, 25 декабря, 2024
-4.9 C
Бишкек

Мурда жиктештире албасак, эми бириктире албай жатабыз

1990-жылдардын ортосунда башталган жер жана агрардык реформанын башкы максаты ошол кездеги колхоз-совхоздорду жоюу менен жеке менчик чарбаларды түзүү болгон. Муну менен бийликтегилер элди тамак-аш менен камсыздоо маселесин чечүүнү көздөгөн. Натыйжада, миңдеген майда жеке чарбалар пайда болгон.
Бирок, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбалары көрсөткөндөй, айыл чарбасында майда чарбалар менен экспортко продукция чыгаруу мындай турсун, мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, тактап айтканда, калкты азык-түлүк менен канааттандырууга мүмкүн эмес экен.
Ушуну түшүнүү үчүн отуз жылдай убакытты текке  кетирдик окшойт.

Жарлык тегин жерден чыккан жок

Президент Садыр Жапаров тарабынан жакында “Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин андан-ары өнүктүрүү чаралары жөнүндө” жарлыкка кол коюлду. Жарлык 2026-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасынын милдеттерин аткарууга багытталган жана анда агроөнөр жай комплексин колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган чаралардын комплекси каралган.

Колдоо жана кубаттоо чараларынын арасында фермердик чарбалардын натыйжалуулугун арттыруу жана ири товардык өндүрүштү көбөйтүү үчүн алардын кооперативдерге ыктыярдуу биригүүсүнө түрткү берүү, жеңилдетилген кредиттөөнү өркүндөтүү, агроөнөр жай ишканаларын колдоо, тармакка чет элдик инвесторлорду тартуу, заманбап технологияларды киргизүү, сапаттын стандарттарын колдоо, мамлекет менен өндүрүшчүлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү сыяктуулар бар.

Бул жарлыктын чыгарылышын кубаттагандардын арасында Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Эрлист Акунбеков да бар. Анын пикиринде, көрүлгөн чаралар ишканаларга, фермердик жана үрөнчүлүк чарбаларга, кайра иштетүүчү ишканаларга жана агроөнөр жай комплексинин башка субъектилерине өнүгүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, инновациялык технологияларды киргизүүгө жана жеңилдетилген финансылоого жеткиликтүүлүктү алууга, аны менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк бермекчи.

Жарлык эмнеси менен аграрийлерге жагууда?

Анткени, анда агрардык сектордун бардык проблемалары комплекстүү каралган. 40тан ашуун пунктта жеңилдетилген кредиттөөдөн баштап, жайыттарды жакшыртуу, кайра иштетүү, инвесторлорду баш кылып иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүү, логистикалык борборлорду түзүү жана жаңы рынокторду издөө маселелери бар.

Ун тартуучу ишканалар ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушовдун пикиринде, колдоо чаралары мурда ун тартуу тармагында сыналып көрүлгөн. Натыйжада 20 жаңы жана токтоп турган ишканалар иштей башташкан.

Канаттуулар ассоциациясынын директору Динара Керимкулова жарлыкта тамак-аш коопсуздугуна көңүл бурулуп жана айыл чарбасын андан-ары өнүктүрүү пайдубалы түптөлгөнүн белгилейт.

Сүт бирикмесинин аткаруучу директору Сыймык Тайчабаровдун пикиринде документте жайыт жерлерди жакшыртууга көңүл бурулган. Бул жумшоолорду кыскартууга, малды сапаттуу тоют менен камсыздоого мүмкүндүк бермекчи.

Кошумчалай кетсек, мындай ирилешүү менен менен продукцияларды (жашылчаларды, мөмө-жемишти) ошол эле Россия менен Казакстанга, Өзбекстанга чыгара алмакпыз. А эгерде кайра иштетүү менен кошумча нарк киргизип, экспорттосок, пайдабыз андан да көп болмок.

“Баягыдай” эле болуп калбайбы?

Мындай күмөн саноо да жүйөөлүү. Анткени, 1990-жылдардын аягында 2000-жылдардын башында кооперативдерди түзүү жана өнүктүрүү боюнча аракеттер көрүлүп, атүгүл, эл аралык финансы уюмдарынан кредиттер алынган. Бирок, ишке ашыруу боюнча талаптагыдай иштер жүргүзүлбөгөндүктөн, баары кагаз жүзүндө калып, а кредиттер кумга сиңген суудай жок болгон.

Ошондон улам азыркыга чейин өлкөбүздө майда чарбалар басымдуулук кылып, ар бир элет жашоочусу өз киндигин өзү кесип келет. Натыйжада, дыйкандарыбыздын өндүргөн продукциялары бирде сатылбай коромжуга учураса, бирде фермерлерибиздики текейден арзан кетип, жумшаган чыгашаларынын орду жабылбай калууда.

Ошондуктан жарлык ишке ашып кетсе, ушул көйгөйлөр болбой калмак.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, жыл башынан бери өлкөдө 47 айыл чарба кооперативдери түзүлгөн. Жалпысынан кооперативдердин саны – 741. Алар 53 127 га жер аянтын иштетишет.

Аймактар боюнча алганда, Жалал-Абад облусунда – 247 (жер аянты – 4 712 га), Чүй облусунда – 102 (31 996), Ысык-Көл облусунда – 65 (4 982), Ош облусунда – 98 (3 988), Талас облусунда – 85 (1 849), Нарын облусунда – 66 (2 705), Баткен облусунда – 78 (2 895) кооператив бар.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар