ӨКМ Ысык-Көлдө кайрадан сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.
Кыргызгидромет 15-16-августта нөшөрлөп жамгыр жаай турганын божомолдоду. Мындан улам Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу бар.
ӨКМ бул күндөрү бийик тоолорго жүрүш жасап, саякаттабай кое турууга, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууга чакырды.