Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарга, майыптарды шыктандырып, жан дүйнөсүнө жарык чачып, аларга ишеним жаратып, дем-күч берүү үчүн уюштурулган Паралимпиада оюндарынын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Паралимпиадалык оюндар Парижде 28-августта башталып, 8-сентябрга чейин уланат.
Бул иш-чара Эл аралык Паралимпиада комитети тарабынан уюштурулууда.
Эмне үчүн паралимпиада?
17-ирет өткөрүлө турган Паралимпиадалык оюндарга 185 мамлекеттен жалпысынан 4400 спортчу катышаары белгилүү болду. Анда спорттун 22 түрү боюнча күч сынашат. Жеңүүчү—лөр үчүн 542 комплект медаль даярдалды.
Паралимпиада оюндары — ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн эл аралык спорттук мелдеш. Англиялыктардын “parapledgia” деген сөзүнөн келип чыккан. Биздин тилибизде “кол-буту шал” дегенди билдирет. Анткени, паралимпиаданын алгачкы мелдешине омуртка оорусунан жабыркагандар катышкан. Кийинчерээк башка оорулардын айынан да майыптыкка чалдыккандар катышып, улам кулачы кеңири жайыла баштаган.
Паралимпиадалык оюндардын жаралышы
Оюндардын тарыхына учкай экскурс жасасак, англиялык нейрохирург Людвиг Гуттмандын эмгеги менен майыптар спорт чөйрөсүнө аралашкан. Ал Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Сток—Мандевиль госпиталында жүлүнү жабыркап, майыптыкка чалдыккан согуш ардагерлерин топтойт.
Майыптарды дарылап жатканда жаа тарттырып, бастырып, гимнастика жасатып, спорт менен машыктырып, алардын жашоого үмүтүн жандырган. Ошентип, жарым жан ардагерлерди спорт чөйрөсүнө жетелеп, ооруну да жеңүүгө болоорун далилдеп, алар үчүн мелдеш өткөрүүнү чечет. Майыптардын алгачкы спорттук мелдеши 1948-жылы госпиталдын атынан “Сток-Мандевиль” деп аталып, анда улгайгандар, согуш ардагерлери жана майыптар катышат. Ошол күндөн тартып, жыл сайын майыптардын мелдеши өткөрүлүп баштайт.
1960-жылы Италиянын Рим шаарында өткөн жайкы Олимпиада учурунда “Сток-Мандевиль” мелдеши тогузунчу жолу уюштурулуп, ал мелдеш алгачкы Паралимпиада оюну деп расмий аталып калат. Ал мелдешке 23 өлкөдөн 400 майып спортчу катышат. 4 жылдан кийин майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, 16 өлкө мүчө болот. 1964-жылы Токио Паралимпиадалык оюндарында расмий түрдө желек көтөрүлүп, гимн ойнотулат. Паралимпиаданын расмий эмблемасы да ошол жылы иштелип чыккан. Ал эми 1976-жыл кышкы Паралимпиада оюндары алгач ирет Швециянын Эрншельдсвик шаарында старт алып, ошондон бери төрт жылда бир ирет өткөрүлүп келе жатат.
Мелдештердин түрлөрү
Ден соолугу чың, колу—буту соо спортчуларга Олимпиаданын эрежелери жана мелдештери кандай болсо, майыптар үчүн да ошол эле эрежедеги мелдештер өтөт.
Быйыл Париж Паралимпиадалык оюндарында жаа атуу, ок атуу, бадминтон, жеңил атлетика, футбол, бочче, каноэде жарыш, веложарыш, ат спорту, голбол, дзюдо, кайыктагы парус жарышуу, отуруп ойночу волейбол, отуруп ойногон баскетбол, сууда сүзүү, арабадагы теннис, таэквондо, фехтования, триатлон, пауэрлифтинг жана арабадагы регби спорту боюнча мелдештер өтөт.
Кыргызстандан катышуучулар
Кыргызстандык спортчулардан жеңил атлетика боюнча көзү азиз жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева өлкө намысын коргойт. Ал кыргызстандык спортчулардан Паралимпиада оюндарына биринчи жолдомону жеңип алган.
Г.Жүзбаева Кыргызстандын азиздер федерациясынын негиздөөчүсү. Уюм
реабилитациялык тренинг аркылуу көрүүсү начар адамдарга көз карандысыз жашоо ыкмаларын үйрөтөт. Ал майыптарга ар тараптан жардам берип, жашоого болгон үмүтүн жандырып, спорттук жеңиштерге шыктандырып келе жатат. Гүлназ 2016-жылдан бери көрүүсү начар адамдар арасында билим берүү, маданий жана коомдук кайрымдуулук долбоорлоруна катышып, майыптарга камкордук көрүп келатат.
Пара-триатлон боюнча өлкө намысын Паралимпиадалык оюндарга квалификациялык системада стандартты аткарып лицензия жеңип алган Айтунук Жоомарт кызы коргомокчу. Триатлон – сууда сүзүү, велосипед жана кросс болуп үчкө бөлүнөт.
Айтунук триатлон менен 2021-жылдан бери алектенет. Ал эми 2022-жылы ал дүйнө Кубогунун этаптык мелдештеринде эки аралыкта коло медалга ээ болгон. 2023-жылы пара-триатлон боюнча Дүйнө Кубогунун күмүш байге ээси жана Азия чемпиону болгон.
Пара дзюдочу Маматибраим Суранов 73 кг салмакта килемге чыгат. Ал азиздер арасында дзюдо боюнча өлкө намысын коргойт.
Паралимпиадага төртүнчү жолдомо 39 жаштагы Миргүл Болоталиевага таандык, ал өлкө намысын пара-пауэрлифтинг, тактап айтканда, дубалдык пресс боюнча коргойт. Ал 86 килограммга чейинки салмак категориясында катышуучулар арасында күч сынашат.
Ал Кыргызстандагы пауэрлифтинг боюнча жалгыз майып спортчу айым. Буга чейин Болоталиева армрестлинг менен алектенип, 2024-жылкы Паралимпиадага бир нече ай калганда пауэрлифтинг боюнча өзүн сынап көрүүнү чечкен.
М.Болоталиева 86 кг салмакта пауэрлифтинг боюнча (оор атлетика) күч сынашат. Пауэрлифтинг оор штанганы 3 түрлүү жол менен көтөрүү. Аркадан далынын үстүндө штанганы кармоо, горизонталдуу отургучта стенд пресси жана штанганы көтөрүү.
Миргүл спорттук жашоосунан тышкары тигүү фабрикаларына уникалдуу үлгүлөрдү жаратат. Кесиби –бухгалтер.
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиўирген ишмер, спорттук баяндамачы