Кыргыз адабият тарыхында Салижан Жигитовдун “Дарбыздан дарбыган сөздөр” деген пародиялары белгилүү. Дарбыздан дарбытып тамаша чыгарган Салижан агабыз жалгыз эмес. Дүйнөдө дарбызга байланышкан майрамдар, түрдүү оюндар, шаан-шөкөттөр көп. Дарбыз дүйнө элинин сүйгөн жемиши, жер берекеси, кайсы элдин болбосун дасторкон көркү. Ага жараша ааламда дарбыздын 1200 түрү бар экени айтылат. Жер-жемиштердин биринин да мынчалык сортторунун жоктугу, дүйнө элинин дарбызды канчалык жакшы көрүп, аны өстүрүүгө кумар экенинен кабар берет.
Дарбыздын 1200 түрү бар
Буга ишенүү кыйын. Бирок, бул чындык. Алардын көбү адаттан тыш көрүнүшкө ээ болгондуктан, көпчүлүк адамдар анын дарбыз түрү экенин аныктай алышпайт. Ошондуктан адистер дарбыздын классификациясын жөнөкөйлөтүү үчүн негизинен дарбызды: эргежээл, дөө, үрөндүү, үрөнсүз жана сары деп шарттуу категорияларга бөлүшөт.
Чыпалак дарбыздар
Ал эми эң кичинекей дарбыздардын көлөмү, узундугу 3-4 сантиметрден ашпайт. Муну дарбыздын эргежээл түрүнө кирген «Мексика мелотриясы» деп коёт. Даамы бадыраңга окшошуп кетет. Аны кабыгы, үрөнү менен кошуп жей берсең болот.
Төрт чарчы дарбыз
Ааламда дарбыздар негизинен тоголок келет. Бирок, таппаганы жок япондор дарбыз өстүрүү өнөрүн өркүндөтүшүп, аны жыйганга, эки-жакка жөнөткөнгө, стандарттуу муздаткычтарда сактаганга ыңгайлуу кылып өстүрүшөт.
Бул үчүн бышып келе жаткан дарбызды төрт чарчы кубдарга жайгаштырышат. Дарбыз өскөн сайын деформацияланып отуруп, төрт чарчы болуп өсүп чыгат. Мындан тышкары, япон фермерлери дарбыздарды жүрөк, пирамида жана ал тургай адамдын бет келбети формасында өстүргөндү жакшы көрүшөт.
Рак оорусун ыраак качырат… жашартат…
Дарбыз рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын бир нече түрлөрүн азайта турганын көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөн. Анткени, дарбыз В. С. А. витаминдеринин булагы. В1, В2, В3, В6 жана В9 витаминдери иммунитетти чыңдоого, теринин жана чачтын абалын жакшыртууга, гормондордун балансын көзөмөлдөөгө, тамак сиңирүү, нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын иштешин колдоп, чарчоодон арылууга жардам берет. С витамини белгилүү антиоксидант. Сезгенүүгө каршы жана иммундук системабызды коргойт. А витамини өз кезегинде, «жаман» холестеринден арылууга жардам берет жана организмде адамды жашарткан коллагендердин көбөйүшүн шарттайт.
3-август Дүйнөлүк дарбыз күнү
АКШда бул күндү Улуттук дарбыз күнү катары майрамдашат. Бул күнү АКШда жергиликтүү тургундар пикниктерге чогулушуп, ар кандай күлкүлүү тамашаларга катышышат. Мисалы, дарбыздан ар кандай гүлдөрдү, жаныбарларды жана канаттууларды тез кесип жасоо боюнча мелдешке түшүшөт.
Бул күн бардык жерде ар кандай белгиленет. Мисалы, Азербайжанда атайы дарбыз фестиваль уюштурулат: анда экзотикалык тамактарды даярдашат, мөмө-жемиштерден көркөм оюмдарды жасашат, ал эми майрамдын туу чокусу – дарбызды баш менен жаруу болуп саналат.
Азербайжанда дарбыздын мекени Кура суусунун оң жээгинде, Бакудан 120 км алыстыкта жайгашкан Сабирабад болуп саналат. Ал эми Орусияда бул күнү фестивалдар, жарманкелер өткөрүлөт.
Кууруп жегендер да бар
Кытайда дарбыздын кабыгынын кесиндилерин кууруп да жешет. Ал эми америкалыктар маринаддалганын жакшы көрүшөт. Жакынкы Чыгышта жана Азияда дарбыздын үрөндөрүн кургатып, кууруп, андан кийин алардан жеңил, кытырак “закүскө” даярдашат. Бул турган турушу менен медицинада антиоксидант катары бааланат.
Бир дарбыз 6300 долларга сатылган
Дүйнөдөгү эң кымбат кара дарбызды жапондор өстүрүшөт. Ал Хоккайдодо өстүрүлөт жана «денсуке» деп аталат. Бул дарбыздын дүйнөдөгү эң кымбат сорту болуп саналат. 2008-жылы жаңы түшүмдүн биринчи дарбыздарынын бири аукциондо 6300 долларга сатылган. Бул дарбыздын орточо баасын айтсак, бир даанасы 250 доллар турат.
Азербайжандын дөө дарбыздары
Дарбыз өстүрүү жагынан албетте, Кытай биринчиликти бербей келет. Андан кийинки орундарды Иран, Түркия, Индия, Бразилия, Өзбекстан ээлейт.
Ал эми Азербайжан дөө дарбыздарды (Каролина Кросс сорту) өстүрүү боюнча дүйнөдө АКШдан кийин экинчи орунда. Бул өлкөдө 2016-жылы дарбыздын ушул сорту боюнча 119 кг келген дөө дарбыз өстүрүлгөн. Мындан тышкары «Элит», «Долви», «Талисман» деген сортторду өстүрүшөт.
Дарбыз эмес эле Кожомкулдун ташы
Бүгүнкү күнгө чейин эң чоң дарбызды АКШнын Теннесси штатындагы Севервилл шаарында жашоочу Крис Кент өстүргөн. Ал 2013-жылы 159 кг салмактагы дарбыз өстүргөнгө жетишкен адам катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген.
Дарбыздын атасы – Нумибия
Жер жүзүнө адамзат жаралганы дарбыз да ошондон бери өстүрүлүп келет. Башкача айтканда буу-дайдан кийинки эле байыркы өсүмдүк. Анын данектерин Египет пирамидаларынан табышкан. Ошондой болсо да немец окумуштуулары эң алгач дарбыз неолит доорунда (жаңы таш доору) байыркы Нубия – азыркы Суданда өстүрүлгөн, андан кийин дүйнөгө тараган деген ойлорун айтышкан.
А.АКИМБАЕВА