2000-жылдан кийин улуттук адабиятта эмне жаңылык болду? Дүйнөлүк адабиятка салым кошо турган кандай чыгармалар жаралды? Дегеле улуттук адабиятыбыз өстүбү, же артка кеттиби, же дымып калдыбы? Улуттук адабиятка 2000-жылдан кийин келген адабий күчтүн дымагы кандай? Жаш муундардын арасынан дүйнөлүк көчкө кошулуп, ат салыша алаар камчыга саптары барбы?
Суроолор мындан да арбын, бирок ал суроолорго дароо эле жооп таба албайсың.
Кайрадан эле Айтматов
Тилекке каршы, соңку 30 жылда, анын ичинде 2000-жылдан кийин улуттук адабияттын алтын казынасына кирерлик чыгармалар саналуу гана жазылды. Дүйнөлүк жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008) дүйнөнү дүңгүрөткөн “Кылымга тете бир күн”, “Кыямат”, “Кассандра тамгасы” 2000-жылдарга чейин жазылып, “Тоолор кулагандагысы” гана соңку кылымда (2006-жылы) жазылган экен. Арийне, “Тоолор кулаганда” улуу жазуучунун кезектеги мыкты чыгармасы болуп, адаттагыдай эле адабий сындын көз кырында турганы менен, аны “Кылымга тете бир күн”, “Кыямат” менен салыштыруу таптакыр мүмкүн эмес. Ч.Айтматовдун интерпретациясындагы маңкурт менен Понтий Пилат улам эстеген сайын жаңы кырынан ачыла берген образдар, ак менен каранын, жакшылык менен жамандыктын, акыйкаттык менен акыйкатсыздыктын түбөлүк күрөшү тууралуу баяндаган идеялар. Эмнеси болсо да, “Тоолор кулаганда” улуттук адабиятта жаңы кылымда жаралган азырынча жападан жалгыз бетке кармаар классикалык проза бойдон кала берет.
Ал эми поэзияда улуу муундагылардын арасынан жаңы кылымды жаңы бурулуштар, жаңы табылгалар менен уланткан калемгерлерибиз болгон жок. Уйкаштыктын устасы Сүйүнбай Эралиев да, эркин ырды эксперимент кылышкан С.Тургунбаев, Р.Рыскулов, О.Султанов да адабий чөйрөнү селт эттире турган эч нерсе жаратышпады. С.Эралиев “Кезиктиң күүлөр ээси поэзия” (2002), “Тандалмалар” (2003), “Жаңыл Мырза” жана “Шырдакбектин боз жорго” (2003), “Ак таңдар” (2003), “А мен өткөн жаштыгыма кусамын” (2006), Сооронбай Жусуевдин “Миң кайрык” (2000), “Канат менен Зарина” (2003), “Курманжан датка” (2004), “О, анда көктөм эле” (2004), “Ала-Тоо барда мен бармын” (2005), “Мен билген Чыңгыз” (2008) китептери чыгып, жемиштүү иштегендей туюлат. Эки фронтовик акындын бул китептериндегилердин канчасы эски ырлары, канчасы жаңы ырлар экенин териштирбей ак коелу, бирок, биз алардан баягы чыгармачылык баралына толуп турган кездегидей чыгармачылык демди, изденүүлөрдү, адабий табылгаларды байкай алган жокпуз.
Ал эми айтылуу “алтымышынчылардын” ирдүү өкүлдөрү, убагында дүбүрттөрү катуу чыгып, көптөн үмүттөндүрүшкөн Т.Муканов, А.Токтогулов, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, К.Сабыров, “жетимишинчилерден” Т.Бостонкулов, А.Жапаров жаш кездеринде дүйнөдөн өтүп, 21-кылымдын туз-даамын татышкан жок. Эгер булардын бирөө-жарымынын көзү тирүү болгондо, мүмкүн улуттук адабияттын түндүгүн бийик көтөрүп, дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кирип, дүйнөнү таң калтыра турган чыгармаларды жаратат беле, ким билет!?.
Жаңы замандын жаратмандары кимдер болушту?
Антсе да жаңы кылымда улуттук поэзияга жаңылык апкелип, табылгалары менен окурманды сүйүндүргөн акындарыбыз болбой койбоду. Алардын бири – Баяс Турал. Анын эркин үлгүдө жазылган ырларында ойлордун кенендиги да, тереңдиги да, окурмандын жан дүйнөсүн бир силкинтип, тирүүмүсүң деп селт эттире турган касиет бар. Тилекке каршы, анын ырлары менен окурмандардын кеңири чөйрөсү тааныш эмес. Адабий чөйрөдө да аны акын катары таанып билгиси келбегендер, Баяс Туралдын поэзиясын түшүнбөгөндөр четтен чыгат. Бирок, мунун өзү Баяс Туралдын кемчилиги же каталыгы эмес. Бул аны түшүнбөгөндөрдүн, түшүнгүсү да келбей ич тарлык кылгандардын кемчилиги, алсыздыгы.
Улуттук адабият үчүн каралуу жылдарда колунан калемин түшүрбөгөн жазуучу А.Стамов “Кышында чардаган бакалар”, “Эгиз тал” аттуу эки томдук китебин чыгарып, “Хан Тейиш” романын жазды. Тилекке каршы, жазуучунун бул чыгармалары адабий сында сөз болгон жок. Андыктан, ал чыгармалардын адабияттагы орду тууралуу айтылбай, баасы берилбей калды.
Өткөн кылымдын 90-жылдарынан саясатка, коомдук иштерге активдүү аралашкан жазуучу Казат Акматов “Архат”, «Эрика Клаустун 13 кадамы» романын, «Авария» пьесасын жазды. “Архаттын” жазылуу тарыхы боюнча адабий чөйрөдө ар кандай сөздөр айтылып жүрөт. Чыгарма мазмуну боюнча бизге бейтааныш тема, бирок анын өзүн кыргыз адабияты жаңылык болчу чыгарма деп айта албайбыз.
Эрнис Турсунов да 2000-жылдардан кийин өзүнө мүнөздүү эмгекчилдиги менен шымаланып, жакшы иштеди. Күжүлдөп котормо которуп, архив аңтарып тарыхый даректүү баяндарды жазып, “Балбай замана”, “Боронбай” романдарын, Жусуп Бала Сагын, Жаныбек казы тууралуу драмаларды жазды. Арийне, адабий процесс солгун болуп, кайсы жазуучу эмне жазып жатканы менен эч кимдин иши да болбогондуктан, Э.Турсуновдун котормочулугуна да, жазуучулугуна да, драматургиясына да баа берилбей, адабий коомчулуктан бир жылуу сөз укпай кете берди.
Сөз кылган мезгилде баса олтуруп иштегендердин бири – жазуучу жана акын, сынчы, адабиятчы Самсак Станалиев эле. Ал “Ак нурунан аккан жаш” (2004), Токтогулдун махабаты (2004), “Акзыйнат” (2004), “Атайдын күйдүмчогу” (2004), “Жүрөктөгү ыр”(2004), “Раймалы” (Э.Отунчиев менен бирге) (2005), “Залкарлар сүйгөн сулуулар” (2007) китептеринде Токтогул, Атай, Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев, Жоомарт өңдүү залкар таланттардын тагдыр-турмушун оозеки жана жазма маалыматтардын негизинде көркөм баяндаса, “Чагылгандын көз жашы” романында Касым Тыныстановдун, “Жылдын эң узак күнүндө” Ж.Бөкөнбаевдин, “Ак жарыктын айыкпаган сыныгында” Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын көркөм интерпретациялады.
Репрессияга кеткен кыргыздын залкарларынын бири тууралуу жазсам дечү. “Колдо материалдарым жетиштүү эле. Эми бир архивге кирип чыксам, жазганга даяр болуп калам. Андан кийин дагы башка чыгарма жазганга өмүрүм жетеби же жокпу, ким билет. Көз да карыгып калды” деп калаар эле. Тилекке каршы, жазуучу ал тилегине жетпеди.
“Топон” ж.б. чыгармалары менен дүйнөгө тополоң салган С.Раевдин чыгармачылыгын академиктер иликтеп жазып жатат. Ал ошол баага арзыйт.
Көп тил билгени менен көпчүлүктү таң калтырган жазуучу Турусбек Мадылбаев дүйнөлүк адабий коомчулукту таңдандырып, Россиянын “Русская премия”, “Добрая лира” сыяктуу абройлуу эл аралык сыйлыктарын алган чыгармалары менен кыргыз окурмандарын, анын ичинде кыргыз адабий коомчулугун таң калтыра алган жок. “Күкүнүс”, “Кичинекей Бердинин азаптары” ж.б. чыгармалары дүйнөнү дүң кылып, экөө да кытай тилине которулуп, бет ачарлары өтсө да, кыргыз окурмандарына жете элек.
2000-жылдардан кийин жазуучу Жылкычы Жапиевдин “Киотого кеткен жол”, “Махабат баяны”, “Бейиш тоо”, Бейшебай Усубалиевдин “Түтүн”, “Зоока”, Мамат Сабыровдун, Т.Шайдуллаеванын, Э.Ажыканованын прозалык китептери жарык көрдү. Бирок, алардын жазгандарынын тегерегинде адабий сында талкуу, же улуттук прозанын кийинки чейрек кылымдагы өсүү тенденциялары жөнүндө сөз болуп, баасын албаган соң, улуттук адабияттын жетишкендиктери же кемчиликтери тууралуу ооз толтуруп айта албайбыз.
Мамлекеттик ишке аралашып кеткен акын Акбар Рыскулов “Кудурет” (2003) ырлар жыйнагын чыгарып, “Атакенин акболот” романы менен жазуучу катары таанылды. Айтымда акын-жазуучу агабыз романдын үстүндө 20 жылга жакын эмгектенген экен. Роман да азырынча адабиятчылар тарабынан өз баасын ала элек.
Өткөн кылымдын 80-жылдары Сагын Акматбекованын ырларына кадимкидей суусап, ар бир жазган ырын, ыр китебин күтүп калаар элек. Замандын оома-төкмөлүгүнөн улам, акчалуулар этектей-этектей китеп чыгарып жаткан маалда (кийинки 20-30 жылда) Сагын эженин ырлары “сагындырып” келет. Не дейбиз, бир күн болбосо бир күн эженин ыр сандыгындагы ырлар китеп болуп чыгып калгысы бардыр.
70-80-жылдарда кыздар поэзиясы дүркүрөп өскөн эле. Акын айымдардын 2000-жылдардан кийинки акындык тагдыры андай болбоду. Адабият эмес, адам унутта калган жылдарда алар чыгармачылык менен канчалык узанды же узана алышкан жокпу, муну айта албайбыз. Биз билгенден акын А.Узакованын “Жүрөгүм менен сүйлөшүү” (2006) ырлар жыйнагы гана чыгыптыр…
Эгемендүүлүктөн кийин акындар А.Өмүрканов, Т.Бекболотов, Ү.Маматова,С.Орозобекова, Н.Капаров, К.Белеков, Э.Өскөналиев, Ө.Дөлөев, А.Акималиев, Жыпар Акунова, Бурулкан Карагулова, Б.Сарыгулова, Кожогелди Култегин, Жедигер Саалаев, Кыялбек Урманбетов, Өмүрбек Тиллебаев, А.Акбаров калемдерин таштап койбой жакшы иштешти. Айрыкча А.Өмүрканов, Т.Бекболотов күрөшчүл, атуулдук ырлары менен окурмандардын эсинде калды.
Өткөн кылымдын 80-жылдарында адабий чөйрөнүн көз кырына таланттуу жаш акын катары таанылып калган акын Алик Акималиев 2000-жылдардан кийин “Ай ааламга күйүп турган ыр чырак” (2002), “Ханда жок байлык” (2008), “Көрүнбөс калканыч менен арноолор” (2008), “Чырак” “2004–2005” ырлар жыйнактары менен өзүнүн чындыгында да гений акын экенин далилдегиси келди. Акындын “Герника” аттуу поэмасы Пабло Пикассонун “Герникасына” тете турмуштун зор полотносу тартылган, интеллектуалдуу чыгарма болчу. Тилекке каршы, адабий чөйрөдө ага карата бир ооз жылуу сөз айтылган жок.
Дагы бир таланты өз убагында бааланбай кеткен акын катары Дайырбек Стантегинди айтсак болот. Акын аганын чыгармачылыгы ар тараптуу иликтөөгө алынууга татыктуу.
Акындардан кийинки жылдары “Сууга жазылган ыр”, “Аты жок китеп” Бектуруш Салгамани, “Жүрөктөгү шамал”, “Эсимде”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, “Жолдо бастым ойлонуп” аттуу китептери чыгып, ырларынын тексттерине чыккан обондор хит болуп жаңырган Фатима Абдалова, кийинки муундан Атахан Кожогуловдун изденүүлөрүн кыргыз поэзиясынын жетишкендиктери катары карасак болот.
Жолдошбек Зарлыкбеков көзү тирүүсүндө китеби чыкпаган акын болсо да (азыр деле ырлары китеп болуп чыга элек), басма сөз беттерине жарыяланган ырлары аркылуу кыргыз адабиятындагы өзгөчө кубулуш катары улуттук адабиятка бурулуш жасай алды десек болот.
Жаштары бир топко келип калышса да, адабий чөйрөнүн эсинде чыгармачылык жактан “жаш” бойдон кала беришкен Т.Нуркемел, М.Токторов, Б.Көкөтөева, А.Эргешова, С.Сарбалаева, М.Тураева, А.Базарбаева, А.Эгембердиева, Д.Бейшеналиева, М.Исатов, Ш.Сулайманов, У.Рысалиев, ж.б. алды 4-5тен китеп чыгарып, чыгармачылык жактан такшалып калганы менен, булардын дүбүртү өткөн кылымдын 60-, 70-, 80- жылдарында адабиятка келгендердин дүбүртүндөй катуу чыкпады. Албетте, бул алар чыгармачылык жактан изденбейт, же поэзияга кандайдыр бир табылгаларды апкелген же апкелбегенинен эмес, мезгил ошондой болду.
Ал эми 2000-жылдардан кийинки муун тууралуу сөз өзүнчө болсун.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»