Сен эл үчүн эне болуп ойготтуң,
Сен эрлерге терең акыл ойлоттуң
Сен булбулга сайрай турган гүл болуп,
Сен жаштарды көкөлөтүп ойноттуң
Сенин алтын барагыңды биринчи –
Адабият музейине коймокмун.
А.Токомбаев (“Кызыл Кыргызстан”
1939-жыл, 23-ноябрь).
“Эркин Тоонун” тарыхына кайрылганыбызда сөзсүз түрдө Аалы Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ыры көпчүлүгүбүздүн эсибизге келет. Муну мектеп программасынан баштап угуп, окуп келе жатабыз. Аталган ыр туңгуч гезитибиздин биринчи санына кандайча жарыяланып калганы да өзүнчө сөз кылууга арзыйт.
“Туңгуч гезитибизде акын үнү угулсун…”
Гезиттин чакан редколлегиясы “Эркин Тоонун” биринчи санына кете турчу материалдарды өз ара кеңешип, кылдат тандашкан. “Касымдын Кеңеш өкмөтүнө арнап казак тилинде жыйырманчы жылы эле жазган “Таң”, “Бүгүнкү күн” деген ырларынын бирин чыгаралы. Туңгуч гезитибизде акын үнү угулсун, – деген пикирди Касым кубаттап, мурдатан өзүм уюштуруп жүрүп өз ырымды басканым уят болор. Арабызга жаңы келген Сыдык Карач уулунун кезитке арнаган “Эркин Тоо” деген ыры басылсын, – дейт.
Анда Сыдык:
– Жаңы келсем да мени жооптуу катчы койдуңар. Өзүм чыгарып жатып, өз ырымды басканым кандай болор экен. Ушунда бир сары жигит ыр жазып жүргөндөй көрүнгөн. Сураштырып көрөлүчү, – деп Сыдык иликтеп, ошол кезде Ташкенден чыгып турган “Ак-жол” деген казак кезитинин башкармасынан (редакциясынан) Аалы Токомбай уулунун “Өктөбүрдүн келген кезин” алып, биринчи санга чыгарышат (К.Карасаевдин эскерүүсү, “Хусеин наама” китебинен).
Эмгекчил элдин ыры – “Октябрдын келген кези”
Анын үстүнө гезиттин жооптуу катчысы С. Карачев Улуу Октябрь майрамы күнү чыга турчу гезит бетинде эркиндик тартуулаган Октябрь революциясы тууралуу ыр жарыялануусун туура көргөн. Ошентип “Эркин Тоонун” биринчи санына ошол учурда Орто Азиянын коммунисттик университетинде окуган жаш акын А. Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” деген ырын саясий ыңгайга тууралап туруп гезиттин биринчи санына жарыялашат. Улуу Октябрдын жеңиштүү желегин булгалап, жалпыга келген жаңы заманды даңазалаган Токомбаевдин бул 10 куплет ыры гезиттин үчүнчү бетине басылган.
Токомбаевдин бул ырын жаш-кары дебей жакшы кабыл алышып, ал түгүл жатка айта башташкан. Бул тууралуу Кубанычбек Маликов “Улут маданиятынын төл башы” деген макаласында мындайча эскерет: “Эркин Тоонун” биринчи санынын 3-бетинен “Октябрдын келген кези” деген ыр окудум. Ал ыр ошол биринчи окуганымдай эле ушу бүгүн да менин көңүлүмдө жат. Аалы Токомбаевдин ушул ырлары “Эркин Тоонун” барагынан өзүнүн албырттап турган илеби менен Октябрдын маанисин ал кездеги жаш бала мага жеткире түшүндүргөн эле.
“Октябрдын келген кези” ал кезде саясы сабаты ачылып калган акындын жүрөгүнөн атылып чыккан, жалпы элдик революция-лык сезимди москоол элестеткен программдык ыр экен. Ырдын мааниси менен көркөмдүк кубаты бирдей келип калгандыктан “Октябрдын келген кези” кары-жашы дебей бүткүл эле эмгекчил элдин ыры болуп кеткени ошол себептен экен.
Октябрь революциясынын терең маанисин поэзия менен да бир ирет түшүндүргөндүгү үчүн “Эркин Тоо” газетасынын биринчи санына чоң рахмат! (“Советтик Кыргызстан” 1964-жыл, 25-ноябрь).
“Биринчи газетага чыккан ырым менен сыймыктанам”түбөлүк
А.Токомбаевдин өзүнүн эскерүүсү боюнча бул окуя мындай болот. Улуу Октябрдын 7 жылдык майрамы жакындаганда “Октябрдын келген кези” деген ырды кыргызча жазып, казак тилиндеги “Ак-Жол” газетасына почта аркылуу салып жиберет. Бирок, чыгарына анча деле үмүт кылбай жүргөндө кыргызча гезиттин кызматкери болом деген бирөө Аалыны издеп келет.
Анын “Ак-Жолго” жиберген ырын алар алганын айтып: “Эми биз дагы өз тилибизде жазабыз, өзүбүздүн басмабыз болот. Биз эми газеттүү, китептүү элдердин катарына өттүк”, – деп кубанганын жашыра албайт. Анан Аалыга бир дарек жазылган кагазды берип жатып, анын кыргызча жазганын көрүп, сакалдуу эле мугалим го деп ойлогонун айтып, орусчалап “молодец!” деп далыга таптап коюп чыгып кетет. Анын “молодец” дегенин жөн эле көңүл улап мактаганы, далысына таптаганын теңине албаганы деп түшүнөт. Жада калса теңине алып фамилиясын айтып койгон жок деп куру ызага алдырып, берген даректи тытып салат.
“Октябрь майрамынын парадында баратабыз. 1-сандуу “Эркин Тоо”! Окугула, окугула! Мына “Эркин Тоо”! Кара кыргыз тилинде чыккан газета, газета саткандарды тегеректеп калышты. Менин “көзүмө” “алда-качтыга” киришкен көк бөрүчүлөр элестеди. Ким эмне дегенин ким билсин, кыжы-кужу. Ар кимдин колунда бирден газета, ар ким өзүнчө үңүлүп, өзүнчө алактайт, күдүңдөп күлүшөт, бир кезде газетти эки колдоп төбөсүнө көкөлөтүп, кайта бетине кармай салып тартаңдап Сейит келатат, ал куудул, шамдагай, жамактап сүйлөгөн шайыр болчу.
Мага жакындай бергенде:
– Сүйүнчү сага булбулум,
Берчүүсүн берип салыптыр
Октябрың мынакей деп,
“Эркин Тоону” мага бере койду да, кайта колумдан жулуп алып өзү окуду.
– Октябрь күлүмсүрөп келген кези,
Энчисин өз-өзүнө берген кези.
Мурунку чынжыр курган заалимдерди-
Ичинен момундардан терген кези…
Ме, башын мен окудум, аягын эми өзүң оку…
– Айланайын “Эркин Тоо”
Аман эсен болгун соо,
Айланайын эне тил,
Мындан ары өзүң бил.
Сейит жамактап ырдап да жиберди. Кубандымбы, таң калдымбы, же кал-таарып кеттимби, билбейм. Ырдын эң аягындагы түрмөгүнө келгенде үнүмдү чыгарып окудум.
…Жашасын Лениндин түзгөн жолу,
Жоголсун караңгынын салган тору.
Жолуна октябрдын кедей түшүп,
Жетишсин муратына созгон колу!
1924-жыл деп атымды окуганда ата-энем ушул күндү көрбөй кетти ээ! деген өкүнүч эске түштү… Мен кыргыз тарыхындагы биринчи газетага чыккан биринчи ырым менен түбөлүк сыймыктанам. Бул бир тамчы эстелик качан да болсо менин көңүлүмдө жаркырап жүрөт” Аалы Токомбаев (Балка) (“Советтик Кыргызстан” 1964-жыл, 18-ноябрь, “Эненин тили” макаласынан).
Чындыгында эле ушул ырынан тартып жаш акындын чыгармачылык өмүрүнүн даңгыр жолу башталып, ал жол кыргыз совет адабиятынын башатына чейин жеткирген. Жаңы совет доорунун башталышын билдирген бул күндү өзүнүн жаңы жашоосунун башталышы катары, туулган күнү катары белгилеп алганы жөн жерден эместир.
Чалкандуу “Чалкар”, “Балка”
“Эркин Тоо” түптөлгөн алгачкы жылдардан баштап А.Токомбаев гезиттин активдүү кабарчысына айланган. Гезитке жарыялаган дээрлик бардык материалдарын жашыруун ат менен жарыялап турган. Анын алгачкы псевдоними “Чалкар” болгон. Ал өзүнүн лакап аты тууралуу “Чалкар менмин” аттуу ырында:
“Чалкар” менмин “деңиз” болуп чалкыган.
Кезегинде чынды жазам талпынам.
Калың дыйкан эмгекчилдер ишинде
Тапка келген тулпар сындуу алкынам.
“Чалкар” менмин “чалкар” көлдөй чалкыган,
Курман болом ишчи, кедей калкыман.
Күндө каным сыздап-сыздап акса да,
Ошолордун бактысына талпынам! – деп ачыкка чыккан (“Кызыл Кыргызстан” 1934-жыл, 20-май).
Ал эми 1928-жылдын башынан тартып А.Токомбаев “Чалкар” деген лакап атын калтырып, “Балкага” көчкөн. Анын бул тууралуу “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1935-жылдагы 5-майдагы санына жазган мындай эскерүүсү бар:
“Эчен какшыктарды жазып, “Кызыл Кыргызстандын” бетине бузуктардын жүрөгүн солкулдата турган чалкандуу “Чалкар” болдум. Качан менин “Чалкар” деген атым билине баштагандан кийин, ал атты таштап кеттим. Андан кийин “Балка” деген лакап атка көчтүм.”
“Кандуу жылдардын” түйшүгү жана үзүрү
А.Токомбаев “Эркин Тоо” (“Кызыл Кыргызстан”) гезитинин кабарчысынан тартып, жооптуу редакторлук милдетин да аркалаган. Интернет булактарында 1927-1929-жылдары “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редактору болгон деп жүрөт. Бирок, архивдеги гезиттин түп нускаларынан көрүнүп тургандай, ал 1928-жылы жана 1936-жылы убактылуу жооптуу редактор, 1934-жылы редактордун орун басары болгонун көрүүгө болот.
1935-жылдын 10-октябрдагы санынан баштап гезиттин бир нече санына А.Токомбаевдин үркүн учурундагы кыргыздардын кайгылуу турмушун көркөм чагылдырган “Кандуу жылдар” романынан үзүндүлөр берилип турган. А. Токомбаевдин ыр менен жазылган бул романы 4 жолу китеп болуп чыгып, 4 жолу тең сатыктан алынып, кызуу талкуу жараткан. Бирок, 1967-жылы Токомбаев дал ушул чыгармасы үчүн Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты болгон.
Айгерим Качкынбекова, “Кыргыз Туусу”