Среда, 25 декабря, 2024
-16.9 C
Бишкек

Калкылдайт Соң-Көл жарыктык, Кашыкта суудай чайпалып…

Аты ааламга тараган Соң-Көл жайлоосун ким билбейт? Анын даңазасын угуп, ат арытып, алыстан келген чет элдик туристтер үзүлбөгөн ажайып жер. Анткени, дүйнөдө деңиз деңгээлинен 3016 метр бийиктикте турган сейрек көл. Башкача айтканда, Соң-Көл – экотуризмдин потенциалдуу объектиси болуп саналат жана өлкөбүздүн эң мыкты 10 кооз жерлеринин катарына кирет.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туусу”

“Аккуланын мамысы”… “Тулга таш”…

Соң-Көлдүн пайда болушу орто эсеп менен төрт миң жылга барабар деп айтылат. Аянты  боюнча Ысык-Көлдөн кийинки орунда. Көлдүн жалпы аянты 278 кв.метр болсо, туурасы 16, узуну 27 км. Эң терең жери 14 метр. Соң-Көлгө ар тарабынан 20дан ашуун агын суулар куйганы менен андан бир гана Кажырты суусу агып чыгат. Соң-Көлдө балыктын жана канаттуулардын бир нече түрлөрү бар. Алардын көпчүлүгү Кызыл китепке киргизилип, коргоого алынган.

Айрыкча, Соң-Көлдүн пеляд аталган, кылкансыз балыгын “Кремль балыгы же падышалар балыгы” деп аташат. Бул балыкка кызыккан броконьерлер түбүнө жетейин деп калганда, акыры мораторий жарыяланып, бүгүнкү күндө балык улоого тыюу салынган.

Соң-Көл тарыхый-маданий эстеликтерге бай. Бул жердеги “Аккуланын мамысы”, “Тулга таш” аталган жерлер Манаска байланышкан.

Асманга жанашкан ак боз үйлөр

Туризм тууралуу сөз кыла турган болсок, жайкысын туроператорлор тиккен кыргыз боз үйлөрү көп. Туристтер көбүнчө ат, топоз, төө минип, Соң-Көлдүн керемет жаратылышы менен таанышканга кызыгышат. Ошондой эле, короо-короо койлор, жылкылар, бодо малдар жайылып жаткан жайлоонун көрүнүшүнө  суктанышат.

Жылдыздарды колуң менен кармагың келет

Жаратылышына токтолсок, “Соң-Көлдүн” айланасы ак карлуу тоо чокулары менен курчалган. Ал эми көк шиберге жаткан кезде, жылдыздарды колуң менен кармай ала тургандай сезимди жаратат. Ал эми кечинде суук болуп, күн күркүрөп, жамгыр жааганы кадимки көрүнүш. Бул учурда боз үйдө элдик ырлар менен эстен кеткис кече өткөрүү жакшы. Боз үйдүн ичине орно-тулган “карын мештин” жанында сырттагы аба ырайынын үнүн угуп отурган кандай сонун! Көптөгөн чабандардын аялдары элдик ырларды ырдаганды жакшы көрүшөт. А мен кыргыздын күүлөрү аркылуу кыргыздын жан дүйнөсүн түшүнгүм келет!” – деп жазган “Asia Mountains” туристтик агенттигинин директору Сергей Дудашвили өзүнүн китебинде.

Соң-Көлдүн сонунун кетирбесек…

Соң-Көл жайлоосу эзелтеден жайыт катары белгилүү. Союз мезгилинен бери Нарын облусунун төрт районунун малчылары жайлап келет. Бирок төрт түлүк малдын санынын көптүгүнөн жана жайытты сарамжалдуу пайдаланууга маани берилбегендиктен, “Соң-Көл” жайлоосу деградацияга учурап, жайытынын сапаты жыл сайын 2,5%га төмөндөп баратат дешет экологдор.

Анан калса “Соң-Көл” жайлоосунун көпчүлүк жерлери түз болгондуктан, айрыкча жер көргөнү барган өзүбүздүн эле ички туристтер машиналарын каалагандай айдашып, жайыттарды тебелеп кетип жатышат. Ар жакта жакшынакай салынган жол деле турат. Ошол жерге машинасын токтотуп коюп, “Тулга ташты”, “Аккуланын мамысын” көргөнү баргандар, азыраак жерге жөө баргандын ордуна, адыраңдап машина менен баргандыктан, бетегеси уйпаланып, чаңы чыгып калганын көрөсүң.

Негизи эле Соң-Көлдүн жайыт жерлери деградацияланып, сарамжалсыз пайдаланылышынан мамлекет жылына 250 миң долларга жакын, он жылда 2 млн. долларга жакын чыгымга учурайт дейт окумуштуулар.

Андыктан Соң-Көлдүн жаратылышын сактоо, анын ата-бабалар калтырган калыбында кийинки муундарга өткөрүп берүү башкы милдетибиз болуп саналат.

Айлуу түн… Соң-Көл… Аруу кыз…

Бетеге жыттуу жел келип,
Бешиктен бетер термелип.
Беймарал Соң-Көл мелтирейт,
Бейиштин төрү өңдөнүп.

Каалгып тоодон ай чыгып,
Караңгы качты камчы уруп.
Кашкая түштү боз үйлөр,
Каркыра болуп тартылып.

Тунжурап ойго чөмүлүп,
Тулпар-Таш турду көрүнүп.
Түрүлүп үркөт жылдыздар,
Түндүктөн үйгө төгүлүп.

Карасам бетин Ай чалып,
Касиет-куту байкалып.
Калкылдайт Соң-Көл жарыктык,
Кашыкта суудай чайпалып.

Ажарын көлдүн талашып,
Аккуудай жалгыз адашып.
Алдыман чыкты бир сулуу,
Абайсыз жүрөк канатып.

Жомокто куштай түрлөнүп,
Жоголгон кыяк үндөнүп.
Жоодурап турду садага,
Жолумдан өтпөй ийменип.

Кыз экен аруу, наз дагы,
Кызгалдак гүлдөй жаздагы.
Кызганып менден Ай дагы,
Кырынан кете жаздады.

Көз мончок Соң-Көл сулуусун,
Көргөнү келген экемин.
Өзөктү өрткө чалдырып,
Өлгөнү келген экемин…

Сонун түш сымал тимеле,
Соң-Көлдүн айлуу түнү эле.
Көөдөндө күйөт тилегим,
Көрсөм деп кайра бир эле.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар