«Той болот, тойдун эртеси да болот» дегендей ошентип Ысык-Көлдөгү быйылкы эс алуу сезону аяктап калды. Жай мезгилинин башталышы салкын, жаан-чачындуу болгондуктан быйыл сезон жылдагыдан кыскараак болду. Бирок, жайдын ортосундагы аптапта Кыргызстандын булуң-бурчундагылар Көлгө армансыз эле катташты окшойт. Шартка байланыштуу эки жыл Көлгө бара алган эмеспиз. Бул жылы эл катары биз да керемет Ысык-Көлүбүздө төрт-беш күн эс алып кубанып да, кейип да кайттык.
Көлгө барардан мурун интернеттен капчыкка ылайыктуу эс алуучу жай издеп, эң арзаны суткасына бир адамга 700-800 сом экенин билдик. Көлдөгү тааныштарга байланышсак тамак-ашы жок, шарты жупуну жайлардан суткасына жан башына 500 сомдон бөлмөлөр бар экенин айтышты. “Эски тажрыйбама” салып Бишкектин жаңы автобекетине барып Көлгө каттаган таксисттер аркылуу эс алуучу жай издештирүүнү туура көрдүм. Автобекетке келип Бишкек – Чолпон-Ата каттамындагы таксисттерден жол кире 1000 сом экенин угуп оозум ачылды. Мындай баа өтө кымбат экенин айттым эле бир айдоочу: “1000 сом кымбат болсо анда Көлгө барып эс албай эле кой! Азыр сезон. Көлдө баары кымбат. Бара элек жатып кымбатчылыкты айтасыңар!” деп кайра мени беттен алды. Мен эс алуучу жай издештирип жатканымды айтсам күңк-мыңк эткен алар дароо эле ал кызматы үчүн “чотур” сурашты. “Өзүбүзгө ушундай мамиле кылышкан булар чет өлкөлүк туристтерди көрүнөө эле тоноп алышат го” деген ой менен Көлгө каттаган маршруттук микроавтобустарга бардым. Аларда Чолпон-Атага чейинки жол кире 400 сом экен.
Бир жигит Көлгө барчуларды издеп жатканынан чоо-жайымды айта салсам ал арзан эс алуучу жай таап берерин убада кылды. Аты Элдияр экен. Номерин жазып алдым. Шыпылдаган Элдиярга анча ишенбей автобекеттен кетип бара жатып дагы бир таксисттен Ысык-Көлдөн эс алуучу жай таап берүүсүн сурандым. Ал Өрнөк айылынын күн чыгыш жагында балдарга ылайыктуу жакшы пляж бар экенин айтып, Медер (аты өзгөртүлдү) аттуу жигиттин номерин берди. Аны менен сүйлөшүп, Көлдүн жээгинде тигилген боз үйдү суткасына 2 миң сомдон алмай болдук. Медер телефондон башкаларга 2500-3000 сомдон берип жатканын кошумчалады. Жолго чыгар күнү баягы шыпылдаган Элдиярга чалсак албайт. Болору болду дедик дагы Өрнөк айылына жол тарттык. Көлгө бара жаткан кошунабыз үч саатта Өрнөк айылынын чыга беришиндеги боз үйлөргө жеткирип койду. Балдардын кубанычында чек жок. Боз үй ичинде тамактануучу үстөл, беш керебет бар экен. Кожейке жылуу кабыл алып, тамак бышыруучу ашкананы, муздаткычын, сырттагы очогунан бери көргөзүп берди. Ошентип Көл жээгинен жүз метрдей эле алыс тигилген боз үйгө жайгаштык.
Ал күнү балдар кечке Көлдөн чыгышкан жок. Эртеси таң эрте көл жээктеп бастым. Мелмилдеген тунук Көлгө суктанып бара жатып жээктеги үйүлгөн желим бөтөлкөлөргө, ар кандай таштандыларга көзүм урунду. Ага чейин таштанды челектерде тамак-аш калдыктары менен аралашып жаткан желим, айнек бөтөлкөлөрдү, картон, кагаздарды да көргөм. Жергиликтүүлөрдөн сураштырсам ал чөлкөмдө желим, айнек бөтөлкөлөрдү, макулатураны кайра иштеткен мекеме жок экен. Демек, жүздөгөн, миңдеген эс алуучулардан чыккан, кайра иштетүүгө жарактуу турмуш-тиричилик калдыктары Ысык-Көлдөн анча алыс эмес таштандыга ыргытылат. Ачык жерде жаткан андай калдыктар кандай болгон күндө да айлана-чөйрөгө зыян келтирери айтпасак да белгилүү. Туризм деп көкүрөк какканыбыз менен канча жылдан бери минтип турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштете албай келебиз.
Көлдөгү жайкы эс алуудагы эң орчундуу көйгөй баягы эле тейлөө сервисинин начардыгы. Айтайын дегеним, биз барган боз үйдө идиш-аяктар Кыргызстандын булуң-бурчунан чогултулгандай ар башка экен. Кожейкенин айтымында, ар ким сындырып кете берип ошондой болуп калыптыр. Ага да айла жок мейли дедик. Бирок, кирген адамдын көзүн ачыштырып, жийиркенткен дааратканасына чыдоо тирүүлөй тозок болду. Ошол себептенби, айтор, ал чөлкөмдөгү бадал, чычырканактын арасы адам тезегине толуп чыгыптыр. Эс алуучуларды кабыл алып жаткан боз үй ээлерин бул кымындай да ойлондурбасы көрүнүп турду. Менин болжолдуу эсебимде бир боз үй ээси бир айда эле 100 миң сомго чейин таза киреше табат экен. Жыйырмадай боз үй ээлери азыраактан акча чыгарса эле заманбап даараткана курулуп калгыдай. Анын үстүнө ал жерде суу, электр энергиясы да жетиштүү экен.
Менимче мындай акыбалды ал жердеги айыл өкмөт башчысы, айыл жетекчиси деле жакшы билсе керек. Бирок, эмне үчүн канча жылдан бери эс алуучуларды ушундай жийиркеничтүү акыбалда тейлөө уланып келе жатканына жооп таба албадык. Ал жакка жол түшүп калса өзүнө Өрнөк айылын камтыган Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө да ушул маселе менен кайрылабыз. Балким, ага чейин 2017-жылы 26 миң сомдук ичимдикти жерге төгүп элге өрнөк болгон Өрнөк айылынын тургундары Көл жээгине заманбап даараткана куруп, тазалык жагынан да кыргызстандыктарга өрнөк болуп калгысы бардыр.
Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”