(дээрлик фельетон)
Юриспруденция илими математика илиминен кем калышпаган так илим, а юристтер математиктерден кем калышпаган так, ар сөзгө, тыныш белгилерине чейин маани берип, кынтыксыз документтерди түзгөн адистер болууга тийиш. Анткени, бул тармакта адам тагдыры бир тамгадан эле эмес, тыныш белгисинен да көз каранды. Орус падышаларына тиешелүү болуп айтылып жүргөн “Казнить нельзя помиловать” деген фраза мына ушунун так далили.
Чынында эле, бул сөз айкашында “казнить” деген сөздөн кийин үтүр коюлса, анда адам өмүрү кыйылып, “нельзя” деген сөздөн кийин үтүр коюлса, анда адам өмүрү сакталып калат. Демек, укуктук документтерде ар бир сөздүн туура, так жазылышы, тыныш белгилеринин туура коюлушу чоң мааниге ээ.
Ошентсе да, бизде кыргыздын көкүрөккө көк таштай тийген “боло берет” деген “кыргызчылыгы” калбай келет. Мунун мисалын, бир талашка байланыштуу прокуратуранын бир жообунун жана Жогорку соттун Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын бир чечиминин негизинде көрсөтүп коюу ашыкча болбойт деп ойлойм.
Биринчи мисал. Бишкек шаарынын прокуратурасынын шаар тургуну Т.И.Джанузаковго берген 08.08.2024-ж. №8/735-24 номерлүү жообунан цитата алалы. “Прокуратурой г.Бишкек Ваше обращение о не возбуждении уголовного дела (алдын сызган мен – Т.М.) в отношении сотрудников Бишкекского филиала ГУ “КАДАСТР” (бул жерде үтүр болууга тийиш ко – М.Т.) составивших топографическую съемку по адресу: г.Бишкек, ул. Чодронова 111, рассмотрено.” (цитатанын аягы).
А чынында Т.Джанузаков бизге түшүндүргөндөй, ал ошол “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгоп берүүнү өтүнүп кат жазган экен.
Анан шаардын прокуратурасынын кызматкери Ж.Мурзалиев (аткаруучу) арызды теңирден тес-кери түшүнүп, жооп даярдап, ага бөлүмдүн прокурору А.Жолдошбеков окубай туруп кол коюп жатат!
Ушул кантип логикага сыйсын! Же, чынында эле азыр жарандар “Кылмыш ишин козгобо” деп да прокуратурага кайрыла башташканбы?!
Эгер, андай болсо, ак чөп башта!
Экинчи мисал. Документтердеги тактык жагынан прокуратурадан да катаал мамиле жасоого тийиш болгон соттун, болгондо да соттук иштердеги акыркы жана даттанылууга жатпай турган чечимди чыгарчу (соттун чечимдеринде ушинтип жазылат эмеспи)! Жогорку соттун Жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын (төрайымдык кылуучу А.А.Сейдакматова, судьялар А.К.Молдакунов жана М.А.Сатыев) 28.05.2024-ж. чечиминен: “В материалах дела приобщена, (үтүр ашыкча – М.Т.) топографическая съемка, произведенная 17 февраля 2023 года, где установлена граница и определен размер земельного участка Джанузакова Т.И., на котором видно, что юридическая граница его земельного участка с северной стороны приходит с отступом на 1 метр от стены принадлежащего ему жилого дома.” (цитатанын аягы).
Эми чечмелей кетели.
“Чек (чек ара) өтөт (“проходит”)” деген түшүнүк бар эле, “келет” (“приходит”) деген түшүнүктү биринчи жолу угушум. Мүмкүн, Жогорку соттун судьялары ушундай жаңы түшүнүк киргизе башташкан окшойт.
Эгер андай болсо, дагы бир жолу ак чөп башта!
Кыргызча эле жазсак, бирөө урушабы?
Ушул жерден кептин кезеги келгенде дагы бир нерсени айта кетели.
Прокуратурага арыз жазган адам (Т.Джанузаков) кыргыз, жоопту даярдаган (аткаруучу Ж.Мурзалиев) жана кол койгон жооптуу кызматкер (А.Жолдошбеков) да кыргыздар.
Сотко доо арыз менен кайрылган да (Т.Джанузаков) кыргыз, жоопкер да (А.Биримкулова), караган судьялар да (төрайымдык кылуучу А.А.Сейдакматова, судьялар А.К.Молдакунов жана М.А.Сатыев) кыргыздар!
Анан ушинтип каталарды кетирип орусча жазып отурбай, кыргызча эле жазышса не болмок!?
Прокуратура жана сот органдарына чоң урмат көрсөтүү менен, Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”