Четверг, 26 декабря, 2024
-3.9 C
Бишкек

Кыргыз эл акыны Кыялбек УРМАМБЕТОВ «АДАМЗАР»

(Оптимисттик  элегия)

“Адамзар” оптимисттик элегиясы акындын соңку мезгилде жазылган көлөмдүү чыгармасы. Окурмандарга бир үзүм тартууладык. 

Алгы сөз

Асман  кезип, деңиз  кечип, кат  таанып,
Аң-сезимдүү  жан  экенге  мактанып,
Акыл  менен  айлантчудай  жер  шарын,
“Адаммын!”  деп  чыккан  элем  аттанып.

Абалтадан  адамзаттын  аты  улук,
Акыйкатка, аруулукка  чакырып.
Өрчүп  улам, ачат  жашоо  сырларын,
Өзүнүн  да  көп  былыгы  ачылып.

Айды, Күндү  шам-чырактай  болжосок,
Алтын  сахна – жердин  бети, ойлосок.
Өмүр  дешип  атап  коюп  адамдар,
Өздөрүнчө  түркүн  ролдо  ойношот.

Куйтулар  көп  куу  түлкүдөй  жойлогон,
Уурулар  көп  ач  бөрүдөй  тойбогон.
Чаңда  калсаң, чагып  алат  байкатпай
Чаар  жыланы  заар  чачып  сойлогон.

Баш  чайкатып, үрөйүңдү  учурар
Балакеттей  ити  да  бар, кушу  бар.
Татаалдатып  эң  жөнөкөй  турмушту,
Так  талашып, тайраңдаган  ушулар…

Эл  жегендер  айыптары  такталып,
Эчен  курдай  соттон  чыкса  акталып,
Арамдыктын  түшүп  кетпей  жолуна,
Адам  бойдон  калам  кантип  сакталып?

Ак  ийилип, каран  түнгө  капталып,
Акыйкаттык  жерде  жатса  тапталып,
Айнып  кетпей  ата-баба  салтынан,
Адам  бойдон  калам  кантип  сакталып?

Кара  күчтөр  көбөйгөнү  катталып,
Кан  төгүлүп, атпай  журтуң  апкаарып,
Акыл-эстен  танып  турса  бул  заман,
Адам  бойдон  калам  кантип  сакталып?

Жабыксам  да, кимге  барам  даттанып?
Жалындайын  караңгыны  как  жарып:
Аруулукка  дем  байладым  өмүрдө
Адам  бойдон  калыш  үчүн  сакталып…

Биринчи  дем

Мээнеттенип  бал  чогулткан  аарыча,
Мен  жашоону  баштайм  бүгүн  жаңыча!

Ант  бергендей  жар  салам  да  жалпыга,
Айтылган  соң  бекем  туруп  антыма,
Таштагандай  жылан  эски  терисин
Таштайм  жаман  сапаттарды  артыма.

“Ыйман  бер”  деп  жалдырабай  Теңирге,
Ырысыма  буюрган  бул  демилге.
Мээни  жеген  ушактарды  унутуп,
Мерездикти  алмаштырам  мээримге.

Жеңил-желпи  үмүт  жолду  торобой,
Жемиш  берсин  күндөр  бекер  коробой:
Жалкоолукту  жардан  алыс  ыргытам,
Кайдыгерлик  качат  мага  жолобой.

Өкүм  кылам: шордуулукту  тыйгының!
Өткөн  күндө  калат  арман, ый-муңум.
Кесип  салам  каражолтой  ойлорду,
Кескелдирик  кескен  өңдүү  куйругун.

Өпкөлөнбөй  өзгөлөрдү  табалап,
Өзүмчүлүм  капас-торго  камалат.
Жараланбай, ызаланбай, кекенбей,
Жаңыланып  жаным  кайра  жаралат.

Адатымды  акылга  баш  ийдирип,
Алыс  калат  көрөалбас  ич  күйдүлүк.
Аракеттин  берекети  болгондой,
Алды  жакта  күтөт  анан  ийгилик.

Жаркын  ойду  алдым  мына  сүрөөгө,
Жалганчы  деп  баткым  келбейт  күнөөгө:
Кара  баспай, Адам  болуш  парызым,
Кантип  жетем  мындай  асыл  мүдөөмө?

Мээнеттенип  бал  чогулткан  аарыча,
Мен  жашоону  баштайм  мына  жаңыча!

Кечээги  күн  кетти  бизден  айрылып,
Кейигенде  келмек  беле  кайрылып.
Жетиш  керек  бүгүнкүнүн  баркына,
Кетпесин  ал  таарынып  да, кайгырып.

Өткөн  күндүн  өкүттөрүн  ойлонбой,
Өрнөк  алып  кемчиликти  жойгондой,
Керемет  бир  иш  жасоого  белсенем
Кечээгиден  бүгүн  жакшы  болгондой.

Эртеңкинин  эшигин  да  каккылап,
Эмне  пайда  алдын  ала  бак  сурап.
Улуу  урматтуу  коногумдай  күтүнүп,
Узатайын  бүгүнкүнү  жакшылап.

Өкүндүрүп,  ушул  күн  да  билинбей,
Өтпөсө  дейм  көп  күндөрдүн  бириндей:
Жалгызым  го  өмүрүмө  бир  келген,
Жашап  өтөм  эң  акыркы  күнүмдөй!

Каухардан  канча  кымбат  көз  ирмем,
Кайып  өткөн  ок  сыяктуу  сезилген.
Тегирмендей  тегеренип, бир  да  күн
Текке  кетпейт  дем  байлаган  кезимден.

Канча  жандын  каңырыгын  түтөткөн,
Кандай  майнап  чыкты, кана, пикеттен?
Толтурамын  жан дүйнөмдүн  боштугун,
Топ  берметти  терип  алып  китептен.

Жалган  дүйнө  болбос  үчүн  бири  кем,
Жаркын  ойго  берилип  жан-дилимен,
Билермандар  осуяты – бал  кымыз,
Бир  тамчысын  төкпөй-чачпай  шимирем.

Макал-лакап  сөздөрүмдү  саймалап,
Маңдай  терим  акталаары  Айдан  ак.
Жакшы  адаттар – ийгиликтин  ачкычы,
Жаныма  дем  каада-салтка  айланат…

Мээнеттенип  бал  чогулткан  аарыча,
Мен  жашоону  баштайм  бүгүн  жаңыча!

Ачуу-таттуу  өткөн  жылдар  сабагы,
Адаштырбай  сактап  мени  калабы?
Акыл  кошкон  мезгил – мыкты  мугалим,
Аттиң, бирок  өмүр  жашым  саналуу.

Жайбаракат  үч  жүз  жылдай  ташбака
Жашайт  экен, жарашат  го  шашпаса.
Жазып-тайып, көп  нерсеге  үлгүрбөй,
Жанталашкан  Адам  жөнү  башкача.

Таалими  көп  өзүмдөгү  өмүрдүн,
Тагдыр  күтүп, агылдым  да, төгүлдүм.
Турмуштагы  туйганыма  таянсам,
Туу  чокуга  жетпечүдөй  көрүндүм.

Канча  кылым  казанында  кайнаган
Касиеттүү  китептерге  байланам.
Көсөмдөрдүн  акылмандык  үрөнүн
Көңүлгө  сээп, дыйканга  мен  айланам.

Түшүнүксүз  арсар  жолго  түшпөймүн,
Түбөлүгү   бекем  жолду  түптөймүн.
Өрнөк  болор  адаттарды  сиңирип,
Өргө  чапкан  талабымды  күчтөймүн.

Ой-тилектин  күлүктөрүн  ноктолоп,
Оголе  бай  тажырыйба  топтолот.
Сүйүнүчкө  толуп  улам  жандүйнөм,
Күйүнүчкө  бир  да  орун  жок  болот.

Өзүмдү  өзүм  оңой  бекен  жеңишим,
Өжөрлүгүм  берет  анан  жемишин:
Чочуркабай  арыштаймын  алдыга,
Чогоол  заман  кооптуу  болбой  мен  үчүн…

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар