Акын, филология илимдеринин кандидаты. Жети илимий, окуу жана усулдук эмгектин, бир ыр жыйнактын автору. 40тан ашык илимий, публицистикалык макаласы жарыяланган. Мындан тышкары 4 китептин авторлошу. Чыгармалары немис, орус, түрк, казак, тажик, тилдерине которулган.
YouTube платформасында адабият жана маданият багытындагы ILHAM KG аттуу жеке каналдын негиздөөчүсү.
Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн доценти.
Эшикте жаан…
Эшикте жаан… Үйдө экөөбүз, үй жылуу.
Таптап ичкен чайыбыз да демделүү.
Сен өзүңдүн иштериңе алаксып,
Мен жумуштун кагаздарын барактап…
Ушул бейпил кечти кандай сүйөмүн.
Эшикте жаан. Үйдө экөөбүз. Үй жылуу.
От тамылжып, кеч биз менен кештелүү.
Сен эртеңки сапарыңын камын жеп,
А мен сенин кийимиңди белендеп…
Ушул куттуу саамды кандай сүйөмүн.
Эшикте жаан. Үйдө экөөбүз, үй жылуу.
Суу куямын колдоруңа шадылуу.
Радиодон сен сүйгөн ыр жаңырат.
Коломтодо казан кайнап, аш бышат…
Ушул чакты билсең кандай сүйөмүн.
Эшикте жаан, үйдө экөөбүз, үй жылуу.
* * *
Эсиңдеби биз баш кошкон ошол жыл…
Экөөбүз тең тал чыбыктай жаш элек.
Сен жалынып, мээримиңе мен толкуп,
Биз сүйүүгө ушунчалык мас элек.
Өзгөлөрдөн сен өрттөнүп кызганып,
Ыйлачу элем мен буркурап ызадан,
Сени арбаган ажарымдан ажырап,
Жаш өйдөлөп басмырт тартып баратам.
Эми ал кездей кызганыч жок, ыза жок!..
Анткен менен, бизден башка сезбеген
Бир сезим бар…өтө терең, өтө аруу
Жаш кезекте түшүбүзгө кирбеген.
Сүйүүбү ал? Сүйүү десем, андан зор,
Андан терең, сезилгенсийт андан кең.
Билем анын затын гана, аты жок,
Бул дүйнөдөн өчсө өчөт биз менен.
* * *
Жумушума барам күндө эртелеп,
Кагаз тиктеп, ката оңдоп күн өтөт.
Чарчап кечте жалгыз аяк жол менен
Үйгө кайтам. Кыйырсыз ой жүдөтөт.
Кагаздарым калбай ээрчип келишкен
“Тиргилигиң токтот, мени кара”, – дейт.
Кызым менен тогуз айлык неберем,
Конок болуп кечте кирип келишет.
Эрмек кылып, күлкүсүнө элжирейм,
Неберемдин. Кызым шашат үйүнө.
Өмүр деген турат тура ушундай
Билинбеген, кармалбаган күндөрдөн.
Казан кайнап от үстүндө барактайт.
Шамал ойноп бийлеп жатат короомду.
Мен суранып, күйөөм тиккен алмалар,
Гүлдөп алган. Тийгизбеген чолоомду.
Иштерим көп, өзүмө ээ кылбаган.
Жакындарым жай турмушун улантат.
Мени болсо кагаз, китеп, ноутбугум
Үйдүн жылуу илебинен азгырат.
Өмүрүмдү уурдайт бөлөк-бөтөндөр
Ар иш менен ар кай жерде жолуккан.
Не баалуу бул өмүрүмдө, не кымбат? —
деп ойлоого чама-чарк жок тоорулам.
Билем өмүр колдон кумдай агылып,
Көз ирмемде зуулдап бачым өтөрүн.
Кагаз-китеп арбап алган жашоомдон
Билбей турам кантип кечип кетерим…
Сен жашашың керек
Сен жашашың керек, күчтүүм, өмүрдө.
Токто илдет! Жан биргеме асылба!
Сенден башка эч бир нерсе сурабайм:
Бактым болуп турсаң болду кашымда.
Сен жашашың керек, күчтүүм, жашоодо
Мен табынган отуңду түк өчүрбөй.
Аздектедик аяр багып бакытты,
Тагдыр, бизди салба тайгак кечүүңө.
Сен жашашың керек, күчтүүм, дүйнөдө
Күн менен Ай берген бизге батасын.
Күлүп турсаң, кубат алып ошондон,
Мен ажалга боло аламын арачы.
Сен жашашың керек, күчтүүм, турмушта.
Бир күн келет… көктө чогуу жанабыз.
Ага чейин дагы далай мезгил бар…
Өтүнөрүм: жаша, жаша, жашачы!
* * *
Сен оорудуң, кошо мен да оорудум…
Жаның менен болуп жатып убара:
«Коркпо» дейсиң, сүртүп аяр көз жашым
Агып жаткан ээ-жаа бербей салаалап.
Ошол түнү мен Кудайга жалбарып,
А сен мага жалбарганың унутпайм.
Мен ошондо биринчи ирет өзүңсүз
Жоготорум туйдум жашоо маңызын.
Мен эмнеге сүйүүбүздүн тереңин,
Бактыбыздын тоодойлугун сезбегем.
Көр болгонум үчүн өксүп эки эсе
Өпкө кагып ыйлап жаным сыздаган.
Көрсө, биздин аздек тутар бактыбыз:
Сенин ишке күндө эртелеп кеткениң…
Балдар менен а биз үйдө чурулдап,
Күн-айлардын тура бейгам кечкени.
Биз ооруну жеңип ошол күндөрү,
Кайра баштан жаралгандай тазардык.
Өмүрдүн морт, сүйүү кымбат экенин,
Түшүндүк да, бир өзөккө айландык.