Пятница, 27 декабря, 2024
-8.9 C
Бишкек

Мукталы ДҮЙШӨБАЕВ: “Максатыбыз айыл элинин турмушун жакшыртуу”

Жетекчи тууралуу маалымат

Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы Мукталы Бошокевич Дүйшөбаев 1968-жылы туулган. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун ветеринардык врач адистиги боюнча бүтүргөн.

Манас районундагы Покровка айылдык комитетинде, Покровка айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис, айыл өкмөт башчысынын орун басары, Кайың-ды айыл өкмөтүнүн башчысы, Манас райондук агрардык өнүгүү башкармалыгында жетектөөчү адис, 2013- жылдан тартып Кайыңды айыл аймагынын башчысы, Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Быйылкы жылы административдик территориалдык реформа жүргүзүлгөндө Манас районундагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчылыгына дайындалган.

Эмгектеги ийгиликтери үчүн “Муниципалдык кызматтын төш  белгиси, “Муниципалдык  кызматтын эмгек сиңирген кызматкери”, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин облустук, райондук деңгээлдеги Ардак грамоталары менен сыйланган.

Талас облустук мамлекеттик, райондук администрацияларынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

“Мыкты айыл өкмөт башчысы” номинацияларын жеңип алган. Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызматынын 1-класстагы чининин ээси. Жакында “КР айыл чарбасынын отличниги” төш белгиси менен сыйланды.

Аймак тууралуу

– Кыргызстан айыл аймагы – Талас облусунун  түндүк-батыш тарабында жайгашкан. Түндүгүндө  Казакстан Республикасы, түштүгүндө Кара-Буура району менен чектешет.
Райондук борбордон 20, облустун борборунан 120, жакынкы темир жол түйүнүнөн 45  чакырым алыстыкта турат. Деңиз деңгээлинен 750 метр бийиктикте. Климаттык шарты мээлүүн, орто температурасы кышкысы – 15, жайкысын + 35 градус.

Кыргызстан айыл аймагынын жалпы аянты 10350га. Айыл аймак 5  айылдан турат: Талас, Көк-Дөбө, Манас, Май, Новодонецк. 1790 түтүн бар. Калкынын саны – 9344 адам. Айыл аймак боюнча 5 мектеп, 3 бала бакча,  3 ФАП, 2 ҮДТ, 2 маданият үйү, 2 спорт зал,  № 51 кесиптик лицей, 3 кичи футбол аянтчасы бар.

“Кыргызстан айыл аймагы Талас облусундагы бакыбат, инфраструктурасы дурус өнүккөн аймактардын бири. Айыл өкмөтүнүн башкы милдети заман агымынан калышпай, айыл элинин турмушун жакшыртуу, экономикасын өнүктүрүү болуп саналат. Бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап жатабыз”, – деген Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы Мукталы Дүйшөбаев төмөнкүлөргө токтолду.

Жарыктандыруу, көрктөндүрүү 

– Аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.

“Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө”  Президенттин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 жарлыгын аткаруу максатында, Кыргызстан айыл өкмөтү жалпы айыл  боюнча 100 түп – ийне жалбырактуу көчөттөр, 20000 – терек, 5000 – мөмө-дарактары, бардыгы – 25100 түп көчөттөр отургузулду. Айыл өкмөтүнүн имаратынын кире беришине  ийне жалбырактуу көчөттөр тигилди.

Талас, Көк-Дөбө, Май, Новодонецк айылдарынын ичиндеги  172 мамылар акталып сырдалды, андан тышкары түнкү жарыктандыруу карагайлары сырдалды. 200 тал-теректер акталды. Талас айылындагы жол жээгиндеги түнкү жарык тартылган столбалардын башындагы лампочкалар уячалары менен кошо алмаштырылды.

Чачтан арбын, чарба иштери

– Жазгы талаа жумуштары боюнча “Манас – С” СПАсы тургундар менен бирдикте 15 км арык, каналды ашар жолу менен тазалады. Анын 1 км. механикалык жол менен
тазаланды.

“Манас – С” СПАсынын  260-контуруна 2 шлюз, 238 – контуруна 2 шлюз, айыл ичине – 1 шлюз салынды. Буга 75,0 миң сом өзүнүн бюджетинен, 45,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен берилип, жалпысы 120,0 миң сомго орнотулду. 2-7 талааларга кеткен  ички арыктарды тазалоо үчүн  35,0 миң сом жергиликтүү  бюджеттен берилди.

Ар бири 1,5 чакырымдык Бабенко, Атабай каналдары, жалпысы 3 чакырым канал тазаланды. Манас өнүктүрүү фондусу тарабынан  акча каражаты бөлүндү.

“Долоно” СПАсы  тургундар менен бирдикте 4,3 км арыктарды  тазалады. Монтокой арыгы – 2,5 км, Мечит арыгы – 1,8 км, Керимкул – 3,5 км. Манас айылынын кире беришине бюджеттин эсебинен 24,0 миң сомго көпүрө салынды. Монтокой менен Мечит арыктарынын бөлүнгөн жерине бюджет эсебинен 10,0 миң сомго эки бөлүштүргүч орнотулду.

“Дыйкан” СПАсы тургундар менен бирдикте 3,1 км жер арыктарын тазалады, анын 600 метри механикалык тазалоо жолу менен бүткөрүлдү. Лоток түрүндөгү сугат арыктарынын сынган беттери, бири-бирине кошулган жерлери цементтелип, монтаждоочу пео менен да каналдардын жаракалары, суу агып кетүүчү жылчык-тешиктери бүтөлдү. Жалпысынан цемент, күйүүчү майга 27,0 миң сом бюджеттин эсебинен сарпталды. Ашар иштерине 156 адам катышты.

Санитардык жана таштанды тазалоодо 25 тонна таштанды чыгарылып, жашылдандыруу көрктөндүрүү иштеринин үч айлыгынын негизинде ар бир аптанын ишемби күндөрү ишембиликтер өткөрүлүп, көчөлөрдү, сугат арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.

Май айылындагы 2 талаада жайгашкан силос чуңкуруна агын суулар кирбей тургандай кылып 200 метр арык казылды, ошондой эле 1 көпүрө салынды. Май айылындагы Бабаев көчөсүнүн башынан баштап Молдоналиев көчөсүнө чейинки аралыктагы жол жээги тазаланып, тегизделди.  Май-Төбө  конушунун жолдоруна 2 көпүрө орнотулду. Абиров көчөсүнүн башына кетүүчү көпүрөнүн үстүнө 2 машина тоо ташы төгүлүп тегизделди. Каратаев көчөсүнө жети мамы орнотулду.  Жергиликтүү бюджеттен 100 литр күйүүчү майга акча каражаты бөлүндү, демөөрчү  А.Райымбеков тарабынан 70 литр күйүүчү май берилди.

Социалдык турмуш

– Афган күнүнө  карата  афган согушуна катышкан жоокерге ар бирине 10000 сом  өлчөмүндө акча каражаты берилди, андан тышкары райондук деңгээлде Покровка айылында салтанаттуу майрамдык кече өткөрүлдү.

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата айылдан Покровка айылына 40 аялды, Талас шаарына 8 аялды салтанаттуу кечеге алпарып, белектер тапшырылды.

21-март Нооруз майрамында Май айылында “Май-Төбө”  жамааты боз-үй тигишип, майрам өткөрдү. Айыл өкмөтү тарабынан спорт оюндарына 20,0 миң сом акча каражаты берилди.

Иманкулов Сабыр туберкулез менен ооругандыгына байланыштуу айыл өкмөтү  тарабынан  5000 сом  жардам берилди.

Май айынын акыркы дем алышы “Энелер күнүнө” карата 100 “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” статусун алган энелер Май айылындагы маданият үйүнө чакырылып, чакан концерт тартууланып, белек берилди, буга жергиликтүү бюджеттен 47,0 миң сом сарпталды.

1-июнь “Балдар күнүнө” карата ар бир мектепке жана бала бакчаларга бал муздак таркатылды, андан тышкары Май айылындагы маданият үйүндө оюн-зоок уюштурулуп белектер  жана бал муздак таркатылды.

Жергиликтүү бюджеттен 110,0 миң сом аз-камсыз болгон үй-бүлөлөргө, гемодиализ, кургак-учук,  ДЦП, ЛОВЗ оорусу менен ооругандарга жардам берилди.

Инвестиция өнүгүүгө өбөлгө

– Талас өнүктүрүү фондусуна “Южный участогуна суу киргизүү боюнча ремонт иштерин  өткөрүү жөнүндө”  5539000,0  сомго долбоор  жазылып өткөрүлгөн, тендердин негизинде  5528315,0  сомго  ОсОО “Эрбек-Строй” утуп алып, бүгүнкү күндө ичүүчү  таза суу киргизилди. Андан тышкары цистернасы алмаштырылууда.

Май айылында “этти кайра иштетүүчү  цех” ачылды.

Май жана Новодонецк айылдарында АРИС программасынын негизинде “Таза ичүүчү суу” орнотуу боюнча жумуш аткарылып жатат.

Манас айылында 65 орундуу бала бакчасынын ремонт иштери жүрүп ,бүгүнкү күндө 90% жумушу аткарылды.

“Беккари чуңкуруна”  ремонт иштери өткөрүлүп, жергиликтүү бюджеттен 82 миң сом сарпталды.

“Дүйнөлүк банк” тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү”  жана  “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорунун  алкагында  Н.Цыренин атындагы билим берүү мектебинде “Керемет” кыска мөөнөттөгү бала бакчасы ачылды, жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом берилди.

Май айылында  Б.Сагындыков атындагы бала бакчасына очоккана курулду, Манас өнүктүрүү фондусу тарабынан 612,0 миң сом берилди.

Б.Узенов атындагы орто мектебине “Альянс Алтын”  өнүктүрүү фондусу тарабынан 324,0 миң сомго  жыгач эмеректер жана 2 компьютер, 1 түстүү принтер алынып берилди.

Б.Узенов атындагы орто мектептин жаңы  курулушу боюнча бүгүнкү күндө жер пайы (котлаваны) казылып, фундаменти курулуп жатат.

Көк-Дөбө айылына “кичи футбол аянтчасын” куруу
боюнча тендерге берилди.

С.Дүйшенбиев атындагы орто мектебинин жаңы курулушу боюнча тиешелүү иш кагаздары бүтүп жатат.

Май айылында  “Спорт зал капиталдык ремонт иштеринен өткөрүү” боюнча дем берүүчү грантка долбоор өткөрүлүп, тендерге берилип утуучу аныкталды.

Козубек ИМАНКУЛОВ, “Кыргыз Туусу”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар