А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин директору Мелискан АСАНОВА менен маек.
– Мелискан Биримкуловна, жаңы келген жетекчи жаңы демилгелер менен ишин баштайт эмеспи, жетекчилик кызматка келгенден бери кандай жаңыланууларды, өзгөрүүлөрдү киргиздиңиз?
– Бул мектеп-лицейде эмгектенгениме 25 жыл болду. Өткөн окуу жылынын 23-апрелинде директор болуп дайындалдым. Мектеп-лицейдин мага чейинки директорунун жетекчилиги менен акыркы беш жылда мугалимдер санариптештирүүнүн алкагында билим берүүнүн оптималдуу жолу катары 1-класстан 11-класска чейин бардык предметтер боюнча электрондук китептерди түзүүнүн үстүндө иш алып бардык. Анткени окуучу кайсы жерде жүргөндүгүнө карабай смартфон, ноутбук аркылуу электрондук китепти колдоно алат жана тапшырмаларды аткаруу мүмкүнчүлүгү да жогору болот.
Билим берүү системасынын окуу программасынын негизинде мисалы, бир жыл ичинде жумасына 1 сааттык предмет болсо – 34 саат, жумасына 2 сааттык предмет болсо – 68 сааттык электрондук китептерди түзүп, окуучуларга бергенге жетиштик. Албетте, иш болгон жерде кемчилик болбой койбойт. Электрондук китептер ар бир адамдын купулуна толот деп айта албайбыз. Себеби, бир мугалимдин эмгегин экинчи бир мугалим колдонгондо өзгөрүүгө дуушар болушу мүмкүн, ошондуктан акыркы жылдарда улам жаңылоонун, кошумчалоонун үстүндө иш алып баруудабыз. Электрондук китепке биз китептин мазмунун, презентациясын, видеосун жана тестти камтыдык.
Окуучу китеп окуганда тажаса, ал презентациясын көрсө болот. Презентация – мазмундун негизи жана сүрөттөр менен коштолот. Айрым окуучулар окуп жакшы кабылдаса, айрым окуучулар көрүп жакшы кабылдагандыктан видео аркылуу да маалымат ала алышат. Андан соң билимин тест аркылуу текшерсе болот. Тесттен берилген тапшырманын канчасына туура жооп бергени дароо көрүнөт жана окуучу туура эмес жооп берген суроонун үстүнөн кайра иштөөгө мүмкүнчүлүк жаралат. Менимче электрондук китеп, окуучунун билим алуусуна абдан ыңгайлуу.
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында быйылкы окуу жылына карата Россиянын окуу программасынын негизинде окуу планын түздүк. Биз алардын программасын сатып алып, кыргызчага которуп чыктык. Быйыл кыргыз контентиндеги платформага ылайык электрондук китептерди түзүүнүн үстүндө иш алып баруудабыз.
–Сиз жетектеген мектеп-лицейден союз кезинде кыргыз элинин чыгаан уул-кыздары билим алган. Алар менен жолугушууларды уюштуруп турасыздарбы?
– Биздин мектеп-лицей Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы легендарлуу мектеп. Бул мектептен өлкөнү башкарган адабият, маданият, экономика жана башка тармактардагы инсандар чыккан. Алар менен сыймыктанып келебиз. Алардан таасир алсын деген максатта окуучулар менен жолугушууларды уюштуруп турабыз. 2026-жылы мектеп-лицейдин 100 жылдыгы болот. 100 жылдыкты утурлап, музейибизди жаңыртсак деп жатабыз. Музейди мектептен билим алып, өлкөнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон, бирок ысмы аталбай көмүскөдө калган инсандар менен толуктасак деп атабыз. Окуучуларыбыз алар менен таанышсын, таасирленсин деп турабыз.
– Быйылкы окуу жылына карата окуучулардын контингенти кандай?
– Бүгүнкү күндө жалпы 3225 окуучу билим алат. 217 бүтүрүүчү аяктады. Бирок биз быйылкы окуу жылында 1-класска 350 окуучу кабыл алдык. Окуучулардын саны көп болгондугуна байланыштуу аларга 160 мугалим билим беришүүдө.
– Мектеп-лицей кайсы багыттардагы предметтерди тереңдетип окутат?
– Биздин мектеп-лицейде 1-класстан 7-класска чейин жалпы билим берүү прог-раммасынын алкагында, ал эми 8-класстан 11-класска чейинкилер 2 багыт боюнча билим алышат. Тактап айтканда, физика, математика, информатика сабактары тереңдетилип окутулган “М” класстар жана химия, биология сабактары тереңдетилип окутулган “Т” класстар.
– Мектептердин ата-энелерден акча чогултуусуна тыюу салынды. Бул жагдай сиз жетектеген мектепте кандай жолго коюлган?
– Ооба, айрым мектептерде ата-энелерден акча чогултуп жатышат деген ар кыл маалыматтар социалдык түйүндөргө жарыяланып жаткан учурлар бар. Мектептерде мурда техперсоналдардын айлыктарын көбөйтүү үчүн жана кароолчулардын айлык маянасы үчүн акча чогултулчу. Учурда күзөт кызматындагы кароолчуларга да мамлекет айлык төлөп берип жатат. Бүгүнкү күндө өлкө башчынын жарлыгынын алкагында Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын буйруктар чыгып, акча чогултуу токтотулган.
Азыркы тапта биздин мектеп-лицейге мамлекет тарабынан 185 миллион сом бөлүнүп, чатырынан тартып жатакананын бөлмөлөрүнөн подвалга чейин капиталдык ремонттөн өткөнү турат. Бир жылдык мөөнөттө ремонт иштери толук аяктайт деп пландаштыруудабыз. Учурда мектептин имаратынын чатырынын ремонту аяктайын деп калды. Ремонт жүргүзүлүп жатканда окуу процессин үзгүлтүккө учуратпастан, корпустарды этап-этап менен бөлүп жасатабыз. Мындан тышкары Улуттук мектеп- лицей болгондуктан окуу имаратынын алдындагы аянтты улуттук колоритте жашылдандырып, таштарга жазууларды калтырууну пландаштырып жатабыз.
– Адам турмушуна интернеттин кирүүсү менен китеп дээрлик окулбай калды. Аны менен жаштардын эске тутуусу, тил байлыгы жоголуп, М.Шаханов айткандай муздак логикалуу, компьютер баштуу муун өсүп келаткандай. Бул боюнча пикириңизди билсек…
– Албетте, китептин электрондук версиясын чыгарууда биз китепти көтөрүүдө жүк болбосун деген максатты көздөдүк. Туура айтасыз, бүгүнкү күндө көркөм адабиятты окуган окуучулар аз. Албетте, электрондук китепти, андагы презентацияларды, видеолорду колдонуунун дагы өзүнчө бир нормасы болуш керек. Сабак 45 мүнөт болсо, видеого анын 3 мүнөт убактысы берилет. Бирок, биз түзгөн видео сабактардын 8 мүнөткө чейинкилери бар. Мугалим ошол видеонун баарын көрсөтпөстөн сабактын тиешелүү учуруна жараша колдонуусу керек. Анткени жалаң видео сабак жыйынтыгын бере бербейт. Окуучуларды китепке кызыктыруу үчүн сабактан сырткары “Мыкты окурман” деген аталыштагы конкурстарды уюштуруп келебиз. Улуу педагогдор билимдин сапаты мектептеги мугалимдердин билим сапатынан көз каранды экендигин айтышкан. Эгер, мугалимдер өзүлөрү китеп окушпаса, анда окуучулардын билим деңгээли да тайкы болот. Ошон үчүн мугалимдердин арасында да “Мыкты окурман мугалим”, “Мыкты тарбиячы” деген конкурстарды уюштуруп турабыз.
– Мугалимдердин квалификациясын жогорулатып турасыздарбы?
– Ар бир беш жылдыкта мугалимдердин билимдерин өркүндөтүп туруу белгиленген. Беш жылга чейин күтүп отура бербестен биздин мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтуна барып, жалпы предметтер боюнча эки жумалык курстан өтүп келишет. Андан сырткары билим берүү тармагындагы жаңыланууларды билүү максатында онлайн курстарга жазылышып, билимдерин өркүндөтүп жатышат.
Мындан тышкары төрт жылдан бери Россиянын “Я” класс деген электрондук платформасынын негизинде 1-класстан 11-класска чейин окуучулардын логикасын өстүрүү багытында окутабыз. Ал платформада бир типтеги эбегейсиз көп мисалдар, маселелер бар. Эгер, окуучу кайсы бир маселени чыгара албай калса, ошол эле типтеги маселенин башкасын берет. Ошол программаны колдонуу аркылуу Олимпиадаларда алдыңкы көрсөткүчкө жетишкен жана “Айфон” смартфонун утуп алган окуучуларыбыз болду. Аталган платформага биздин ар бир мугалим катталган. Платформа тарабынан жумасына 3-4 жолу билим берүү тармагындагы жаңылыктар жана балдарга тарбия берүү боюнча вебинарлар уюштурулуп турат. Анын жакшы жагы вебинар учурунда мугалим кире албай калса, өтүп кеткенден кийин аны көрүп алуу мүмкүнчүлүгү болот.
Мындан тышкары немец тилинин мугалимдери германиялык программанын алкагында бир жумага чейин сабак окушат жана тандем сабактарды көрүшөт. Ошондой эле алар жыл сайын бир мугалимди Германиядан окутушат. Ал эми англис тили мугалимдери Оксфорддун окуу китеби менен билим беришет жана алар да чакыруу менен Англияга барып, билимин өркүндөтүп турушат. Башталгыч класстын мугалимдери да “Бирге окуйбуз, “Окуу керемет” деген программанын алкагында окушуп, сертификатка ээ болушту. Бул программада билим берүүнүн жаңы ыкмалары бар. Мындан сырткары былтыр 65 мугалим Роза Отунбаеванын демилгеси менен ЮСАИДдин билим берүү жана инновациялык технологиялар боюнча STEN программасынын алкагында иш алып барышты.
– Сиз сыймыктанган бүтүрүүчүлөр барбы жана республикалык ЖРТнын жыйынтыгы тууралуу айтып берсеңиз…
– Учурда жогорку окуу жайларга өткөндөр тууралуу сурамжылоо жүрүп жатат. Былтыркы жылы бир бүтүрүүчүбүз Американын 5 университетине тапшырып өткөн. Албетте, билим берген окуучуларыңдын жетишкендиктерине сыймыктанбай коё албайсың, ал мектепте эле мыкты окучу. Бизде предметтер тереңдетилип окутулгандыктан республикалык ЖРТнын көрсөткүчү да жогору. 200 баллдан жогорку балл топтогон окуучуларыбыз арбын. Бул жылда бир окуучубуз 224 балл менен “Алтын тамга” сертификатына бир балл жетпей калды. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн көпчүлүгү чет өлкөлөрдөгү белгилүү окуу жайларда билим алышууда.
– Бүгүнкү күндөгү балдардын билим деңгээлине берген бааңыз?
– Бул суроо мугалимди эле эмес, ар бир ата-энени, ар бир жаранды ойлондура турган суроо. Кайсы мекеме болбосун жетишкендиктер менен кемчиликтер болбой койбойт. Окуучулардын билим деңгээлинин төмөндүгү алардын билим алууга болгон кызыгуусунун жоктугунан келип чыгат. Менимче, билимдүү болуу жалгыз эле мугалимден көз каранды деген туура эмес, биринчи кезекте баланын окууга болгон кызыгуусунан жана ата-энесинин көзөмөлүнөн да көз каранды.
Алгач ата-эне баласын мектепке берерде жакшы мектепти, анан жакшы мугалимди издейт. Мыкты педагог билим берсе да, балага көзөмөл эки тараптуу болбосо, жыйынтыгы жакшы боло бербейт. Баланын билим деңгээлинин төмөндөп кетишине ата-энелер өзүлөрү да кайсы бир деңгээлде күнөөлүү. Балага ата-эне тарабынан туура таалим-тарбия берилсе, ал бала сабагына да жоопкерчилик менен мамиле жасайт. Андыктан ата-эне баласынын курсагынын тойгону менен кийиминин бүтүнүнө сүйүнбөй, баланын жан дүйнөсү канчалык деңгээлде байып жатканын баамдап, баарлашып, сабактары боюнча сүйлөшүп турушу керек. Мугалим канчалык аракет кылбасын, эгер балага эки тараптуу көзөмөл болбосо, анын жыйынтыгы жакшы боло бербейт. Эгер, ата-эне баласынын окуусуна кызыгып, көзөмөлдөп турса, мектептен мугалим сапаттуу билим берсе, албетте, ал баланын билими жогору болоруна шек жок.
Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”