БАМ: «Большой Акималиевский Магистрал»
Кыргыздын дагы бир чыгаан уулдарынын бири Акматбек Сүйүмбаев. Бул киши менен да үзөңгүлөш иштешип, ага-инидей туздаш-даамдаш болуп, өзүн жакындан билип калдым. Ал 1941-жылдан Ата Мекендик согушка кетип, баштан аяк катышып, андан кийин да 1947-жылга чейин Германияда аскердик чалгындоо кызматында болгонун айтчу. Немис тилин суудай билчү.
Адамды тааный билген көсөм И.Раззаков 1955-жылы А.Сүйүмбаевди туптуура 35 жашында Кыргыз Республикасынын финансы министри кылып дайындаптыр. Ошондон тартып А.Сүйүмбаевдин жылдызы жана баштайт. 1960-жылы Ош облаткаруу комитетин жетектесе, 1962-жылы партиянын Ош обкомунун биринчи катчысы болуп дайындалат. Андан кийин 1968-78-жылдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасы болуп турду. Мен ал киши менен төрага катары төрт тарабы кыбыла болуп турганда да, кийин кызматынан саал төмөндөп Турак-жай жана коммуналдык чарбасы министри болуп ылдыйлай түшкөндө да мамилелеш болуп жүрдүм. Көп кеп-кеңешин угуп, жакшылыгын көрдүм.
1968-жылы мен айыл чарба министринин биринчи орун басары кезимде А.Сүйүмбаев өкмөттүн башына келип калды. Бир-эки курдай ал киши менен биргеликте Чүйдү кыдырып чыктык. Иш боюнча далай тилин уктум. Бирок, ак көңүл эле. Урушканын ошол замат унутууга аракет кылып, кайра өзүнө тартып алчу. Ошондуктан ага таарынган деле киши болчу эмес. Туура сынга ким теригет. 1971-жылы Сокулук райкомунун биринчи катчысы болуп дайындалып калдым. Сокулук району түз эле республикага баш ийчү. Ортодо «обком» деген «ортомчу» жок болчу. Мени А.Сүйүмбаев өзү келип райондук партконференцияда дайындап кетти. Ошону менен ал киши кызматтык өкүл атам да болуп калган.
Бир күнү А.Сүйүмбаев телефон чалып «Фрунзе – Кара-Балта» айланма жолу салынган жатат, сенин кандай пикириң бар?» деп калды. Сөзүнө караганда айланма жол шаардын сыртынан кетмей болуп жатыптыр. Мен айттым: «Айланбай эле Кызыл-Аскерден бери чоң трасса салынса түз да болбойбу, элге да жакшы болбойбу»-дедим. «Ырас эле» – деп калды. Азыркы Кызыл-Аскер агезде Сокулук районуна карачу. Жолу начар болчу. Ошого токтолушуптур. Ошону менен Кызыл-Аскерден башталган кош жолдуу трассанын салынышына менин да салымым болуп калды окшойт. Жол куруу башталды анан. Акча бөлүндү. Эки күндүн биринде келип, жолдун салынышына көз салып турам.
Жол «Маловодное» айылынын тушуна жетип калганда А.Сүйүмбаев келип калды. Экөөбүз жумушчуларга басып келдик. А.Сүйүмбаев барк этип:
– Эмне деген жол салып атасыңар? –деп сурап калды. Жолчулардын көбү орус болчу. Анан орустун тапаны да укмуш болот окшойт, бирөө жооп берип жатат:
– «БАМ» деген жол куруп атабыз.
– Аныңар эмне?
– «Большой Акималиевский Магистрал»…
А.Сүйүмбаев катуу күлдү. Анан мага карап: « Орустар калыс эл. Күнү-түнү ушерде жүргөн эмгегиңди баалап айтып атышат» – деди. Сүйүнүп калдым ичимен. Ошол жол мен Сокулуктан кеткиче бүткөрүлдү. Фрунзеден башталган кош жол Сокулуктун борборуна чейин жетип токтоду. Андан ары каражат болбой калдыбы ошол боюнча кеңейтилген жок. Бирок, жолду салдыраарын салдырып алып балээге калсам болобу.
Ал «балээ» мындай болчу. Жолубуз жакшы, район жакын болгондуктанбы рес-публикага келген меймандардын баарын эле бизге алып келе беришчү. Деле, күн кур эмес. Ал кезде «социалисттик лагердеги» Польша, ГДР, Чехословакия, Болгария өңдүү өлкөлөрдүн карым-катышы абдан күчтүү эле. Тажрыйба алмашабыз деп эле келе беришчү. Андыктан райондун экономикасын да ошого жараша бийик көтөрүү, менин, биринчи катчы катары милдетим болчу. Эс алуу кайдан? Тыным билбей чапкылап иштечүбүз. Иш десе ишке тойбой турган жалын курагым окшойт Сокулук районуна бир топ эле кызмат кылгамын. Бул тууралуу эби келсе кийинчерээк кенен-чонон сөз кыларбыз.
20 бөтөлкө «Боржомдун» азабы
Бир күнү өкмөт башчы А.Сүйүмбаев дагы келип калды. Ээрчишип-чиркешпей өзү эле келди. Күн ысык. «Жаңы пахтадан» баштап, чарба менен тааныштырып жүрөм. А.Сүйүмбаев костюмун чечип салып жеңилденип алган. Феликс деген шоопуру бар эле аны жол боюна токтоттуруп «алып кел баягыдан» деди. Анысы «Боржоми» суусу экен. Табылбаган суу болчу.
– Ач, – деп жатат шоопурун. Мен:
– Болот Мамбетовдон үйрөндүм эле. Ысыкта суу ичпей, ысык чай ичиш керек экен. Мен ошентем дайым. Термосто ысык чай бар эле, ошондон ичиңиз – дедим.
– Сен кызык экенсиң! Ысык бул болсо, үфүлөп чай ичмек беле киши? – деп «Боржомдон» бастырып атат. Мен көнгөн чайымдан ичтим.
Ошону менен районду кыдырып, баш аягы 60 чакырымдай жол жүрдүк. «Камышановкага» чейин жеттик. А.Сүйүмбаев: – Кой кайталы. Кечинде жыйналыш. Бул жактагыларыңды мен жокто деле тилдеп аларсың, – дегенинен райондун борборуна кайра тарттык.
Ал күнү райондун активи болмок. А.Сүйүмбаев кабинетке келип эле «бут болбой калды» деп туфлийин чечип жиберди. Бир аз эс алып жыйналышка чыгалы десек эле, баягы туфлийи бутуна батпай калыптыр. Көрсө, 20 бөтөлкө «Боржом» суусун өзү жалгыз ичкендиктенби, буттары барсайып шишип кетиптир. Жарыктык киши «эмне кылсак да батырыш керек, жыңайлак кетемби» деп жатат. Эми, ошо кездеги жетекчилердин жупунулугу укмуш да. Амалды мен таптым. Райпотребсоюздун башчысы Валентина Никалаевна Куликовага телефон чалып, «тез арада 43-45 размердеги туфли таап кел» дедим. Бат эле келип калды. Бирөө батты окшойт. Шопурун чакыртып мурдагы туфлисин машинага салдырып коюп, райондун активинин жыйналышына чыгып кеттик. Жыйналыштан кийин бир жерге барып чай ичтик.
Байкаганым А.Сүйүмбаев эски сөздөрдү, санжыра кептерди жакшы билчү. Көп эле жерден чай ичишип калдык, өзү Орто-Алыштан болгондуктанбы Байтик баатыр баянын айтып түгөтө алчу эмес. Байтиктин Кокондун Бишкек чебинин башчысы Рахматулланы алдап конокко чакырганын, баарынын аттарынын басмайылын кыйдырып койгонун, анан эшикке чыгып белги бергенде даяр турган жигиттери басып калганын, ошондо да болбой Рахматулланын жигиттери боз үйдүн керегесин көтөрүп жиберип чыгарып кеткенин, аттарына минебиз деп ооп жыгылышкандарын, Рахматулла боз аргымагына минип түтүндөй созулуп качканын, Байтиктин Көкүм деген жигити, ошондо эки асый айтылуу Керкашка менен артынан түшүп, кууп отуруп азыркы Ж.Баласагын атындагы университет турган жерде Кара-Суу аталган арык бар экен ошерден жетип сайып түшүргөнүн ушунчалык берилип, көркөмдөп, образга кирип айтчу…Сөз баалаган залкар эле А.Сүйүмбаев. Ошондон уламбы ашык сүйлөчү эмес, айтса аткарчу.
Немис кызын жалтанткан жигиттиги
Дагы бир жолу жайдын сонун мезгилинде телефон чалып «тоонун салкын абасын сагындым, бир шамалдатып келсең боло» деп калды. «Келиңиз» – дедим. Өзүм да сүйүнүп кеттим. Анткени, бул киши менен сүйлөшүп отурсаң, не бир укмуштарды айтып кулагыңдын курчун кандырчу. Дасторкон үстүндө өкмөт башчы эмес эле күндө көрүп жүргөн өз кишидей алып отурчу өзүн. Камдана баштадым. XXI партсъезд колхозунун төрагасы Алексей Пак деген корей жигит бар эле, ага дайындадым. «Жыламыштын» суу боюндагы жакшы жерине боз үй таппай чатыр тиктирип коюптур. Бардык. Жайдын келберсип турган мезгили. Көк шибер белден. Ошо шиберге шырдак салдырып, дасторкон жайдырып сыртка эле отура кеттик. А.Сүйүмбаев ачылды анан. Жаш баладай шиберге оонады. Таза абадан кере-кере дем алып, не бир укмуш сөздөрүн айтып, чечилип отурду. Башкарма Пак өзү менен иштеген бир аялды ээрчите келиптир. Немис улутундагы келбети келишкен аял экен. Дасторкон жайып тейлеп жүрөт. Бир маалда А.Сүйүмбаев баягы аял менен биз түшүнбөгөн тилде сүйлөшө баштады. А.Сүйүмбаев сүйлөгөн сайын тиги аял кызарып баратат. Бир маалда эле «Алексей Василевич, спасите меня» деп эле кызарып-татарып, күлүп-жайнап тура качты. А.Сүйүмбаев да күлүп атат. Көрсө, экөө немис тилинде сүйлөшүшүптүр. Анан А.Сүйүмбаев тамашалап тийишип койсо керек. Аны «эмне дедиңиз эле» деп аста сурасак өзү айтып жатат. Ал аял ошого кызарып чыгыптыр. А.Сүйүмбаевдин ушундай жигиттик жагы да бар эле.
Караңгыда көз тапкан кайран киши
1978-жылы А.Сүйүмбаевди Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасы кызматынан алышып, Турак-жай жана коммуналдык чарба министри кылып дайындашты. Ордуна С.Ибраимов келди. Бир күнү ал-акыбалын сурап коеюн деп А.Сүйүмбаевге бардым. Киргенде эле сөз баалаган кишиге бул тамашаны айтып көңүлүн уладым. Мен: «40-жылдар болсо керек. Нарын театрынын профсоюз уюмунун төрагасын дайындоо керек болуп калат. Жогору жактан башка бирөөнү айтышса артисттер болбой «Мусакем эле болот» дешип жаалап туруп алышат. Ошондо Муса Баетов чыгып: «Ой, силердин көтөргөнүңөргө чоң рахмат. Бирок, түшүргөндө этимди оорутпай, бир жеримди көгөртпөй акырын түшүрсөңөр болду» дептир. Анын сыңарындай анча-мынча этиңиз оорубай, жеңил-желпи эле түштүңүзбү» – деп тамашага чаптырсам, өзү да күлүп, буларды айтты: «Рахмат келгениңе. Чынында өтө чоң кызматта жүрүп, бир министрликтин алкагында калсаң кыйын эле экен. Кызматка деле кейибейт элем, бирок кызмат деп жүрүп, ушу турган Орто-Алышка үй салдырып койбоптурмун. Баарынан да мамлекеттик дачадагы кызматтык үйдөн чыгарышканда жаман болбодумбу. Азыр өкмөт берген квартирада турам. Мага өзүнчө эле короо-жайы бар жер там бергиле десем болушпады. Эми мындай үйдө деле жашаса болот дечи, бирок, мени элдин баары тааныйт экен, жолукканда ар нерсени сурай беришсе ыңгайсыз абалда калат экенсиң» деген эле.
Көп өтпөй 1979-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтуна ректор болуп дайындалып иштеп жүргөн кезим. 1982-жылы институт атын алып жүргөн К.И.Скрябиндин эстелигин институттун алдына койдурдум. 1983-жылы институттун 50 жылдык юбилейи белгиленмек. Байкасам институттун ичи-тышынын кебетеси кетип, полунун паркеттери сыйрылып, ремонт талап кылып тургансыйт. Анын үстүнө институттун элүү жылдык юбилейи жакындап келат. Бул кебетеси менен келген кишиге уят болобуз го деп, кантип оңдотуп алуунун жол-жобосун ойлой баштадым.
Анан А.Сүйүмбаев эсиме түшүп «ушул кишиге акылдашып көрөйүнчү» деп атайы бардым. Барсам караңгыда көз тапкан кайран киши мындай кеңеш берди: «Бул үчүн өкмөт башчысы А.Дүйшеевге кирип, юбилейи келатат деп жайыңды айтып, эң биринчи өкмөттүн атайын токтомун чыгарт. Токтом чыкса акча бөлүнөт. Анан ошол токтомго бул ремонт иштери Турак-жай жана коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылсын деп жаздырып койсоң, бизге да жумуш табылат» дебеспи. Сүйүнүп кеттим.
А.Дүйшеевге кирсем «токтомдун долбоорун өзүң эле жазып келе кал, биз чечим чыгарып беребиз» – деди. Токтомдун долбоорун жазып, «ушундай жаздым» деп А.Сүйүмбаевге алып бардым. Шашпай карап кээ бир жерлерин оңдоду. Анан дапдаяр токтомду алып барып А.Дүйшеевге киргизе салдым. Бат эле токтомго кол коюлуп, акча бөлүндү. Мурда сүйлөшүлгөндөй ремонтту А.Сүйүмбаев жетектеген Турак-жай жана коммуналдык чарбасы министрлиги жүргүзмөй болду. А.Сүйүмбаев өзүнүн орун басары Федоров дегенди ошерден чыкпайсың деп дайындап койду. Эки айдын ичинде институттун ичи-тышын, актовый залын кошо жаркыратып бүтүрүп беришти. Полунун паркети алмашылды. Бүткөндө А.Сүйүмбаевдин айткан кеңеши бул болду: «Эми эч качан полду суу менен жуудурба. Сен эки штат алып, атайы «полотёр» деген болот, ошону менен тазалат, болбосо, кайран эмгектин баары талаага кетет» деген эле. Мен ошондой кылдым. Ошону менен институттун 50 жылдык юбилейин жаркырап-жайнап өткөрдүк. Институт «Ардак белгиси» ордени менен сыйланды. Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Т.Усубалиев өзү келип тапшырды.
Ошентип, бул ишке да залкар инсан А.Сүйүмбаевдин жарыгы тийген эле. Ал киши 1984-жылы пенсияга кетти. Кийин да көзү өткөнчө саламыбызды үзгөн жокпуз.