Мен Төрөбай Кулатовду жакшы билип калдым. Көп жолу көзмө-көз баарлашып, нускалуу сөздөрүн угуп, жетекчилик да, адамдык да таалим-тарбиясын алгамын. Ал баш-аягы кырк жыл кыргыз бийлигинин башында турган инсан. Мына карап көргүлө, Кызыл-Кыяда шахтер болуп иштеп жүрүп депутаттыкка шайланып, анан 1938-жылы Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин Төрагалыгына дайындалып 7 жыл, андан 1945-жылдан 1978- жылга чейин Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Президиумунун Төрагасы катары 33 жыл, баш аягы мамлекеттин башында кырк жыл иштептир. Иштегенде да Ата Мекендик согуштун, андан кийинки хрущёвдук валюнтаризмдин тушундагы кыл чайнашкан кыйчалыш заманда иштеп, эмнелерди гана баштан өткөрбөгөн.
Төрөбай Кулатов узак жылдар бою мамлекетти башкаруу бийлигинде Фидель Кастро, Анастас Микояндан кийинки эле орунда турат десек да жаңылбайбыз. Эми ал кимдер менен гана иштебеген? Вагов, Боголюбов, Раззаков, Усубалиев өңдүү Кыргызстандын биринчи жетекчилери; Сталин, Молотов, Брежнев, Микоян, Подгорный, Косыгин сыяктуу тарыхта изи калган алптар менен үзөңгүлөш жүргөнүнүн бир сыры бардыр? Ооба, бар болчу. Ал сыр менимче Төрөбай Кулатовдун иштин көзүн таба билгендиги, уюштургучтугу, мээнеткечтиги, таңгалычтуу карапайымдыгы, эң башкысы тубаса дипломаттыгы, көкүрөгүнүн, акылынын тунуктугу болчу. Болбосо, ал кишинин фундаменталдуу билими деле жок эле. Мамлекеттин башында туруп ал чечкен маселелер эмне деген гана даярдыкты, көсөмдүктү талап кылбаган?! Анын баары Төрөбай Кулатовдо тубаса болсо керек. Бир мисал айтайын. Ал кишини орусча чачырата жакшы сүйлөбөйт дегендер да болгон. Ошол кезде ар түрдүү чоң жыйналыштарда, пленумдарда орустун өзүнөн ашыра сүйлөгөн чечендерди да көрдүк. Азыр да бар. Карап турсаң жаагын жанып сүйлөп жаткансыйт, иргеп келсең бир илинчек таппайсың. Төрөбай Кулатовдун ар бир сөзүнөн маани-маңыз куюлуп, коюлган маселени чечүүдөгү жол көрүнүп турчу. Бу киши бекер эле сүйлөп койчу эмес. Менимче СССР мамлекетинин дөө-шаалары Т. Кулатовду ушул көсөмдүгү үчүн сыйласа керек деп ойлоймун. Өзүндө, сөзүндө бир касиети болбосо узак убакыт бийлик башында кармалмак эмес да.
Зууракан менен Төрөбай
Зууракан апа Төрөбай Кулатовду катуу сыйлачу. Кулатовдон беш жаш улуу болгондуктанбы сен дечү. Төрөбай деп койчу. Кулатов болсо Зууракан апага “эже” деп кайрылчу. Зууракан Кайназарова айткан экөөнүн бир окуясын айтып берейин. 1937-жылы СССР Жогорку Советине депутат шайлоо туңгуч киргизилип Төрөбай Кулатов Кызыл-Кыядан шахтер катары, Зууракан Кайназарова Чүйдөн кызылчачы катары депутат болуп шайланышат. Зууракан апанын айтымында, ал кезде Москвага чейин поезд менен жолдогу станциянын баарына токтоп отуруп 7-8 суткада араң жетчү экен. Анда СССР Жогорку Советинин депутатынын кадыры абдан күчтүү болгон. Сталиндин тушунда депутат дегенде тикесинен тик турушчу. Эсимде, СССР Жогорку Советине Нарындан Казы Дыйканбаев, Шадыкан Иманалиевдер шайланганда элге алардын таржымалын жаттатып, биз мектеп окуучусу элек колубузга гүл алып, көчөгө тизилип, бүт эл менен тосуп алганбыз… Кийин мен деле депутат болуп жүрдүм СССР кезинде, кайсы жерге барба кадырлуу-сыйлуу болчусуң.
Анан СССРдин депутаттары баратат дешип дээрлик ар бир станциядан тосуп алышып, урмат-сый көрсөтүшчү го. Зууракан апаларды Луговойдон казактар тосуп алып, дасторконду кенен жайып, ар кандай оюн-зоокторун көрсөтүп, ырдап-чоордошуп жакшы сыйлашат. “Жанагы шубат деген төөнүн кымызын ошондо ичтим” дечү Зууракан апа. Бир маалда казактар күрөш уюштуруп, алардын балбаны кыргыз балбанын жыгып кетип, казак туугандар ойда, апыраңдашып, кайра-кайра айтышып мактана беришет. Төрөбай Кулатов баш болгон кыргыздар “күч атасын тааныбайт” жыгылса мейли эле, бирок, көтөрүлүп мактангандары эмнеси? Ушундан көрө атайы жасагансыбай тоспой эле коюшпайбы” дешип сынып калышыптыр. Буга намыстанган Зууракан апа Кулатовго айттым дейт: “Төрөбай, күрөшкө мен чыгамын. Жыкпай койбоймун. Бирок, кармашып жатканда чыт дамбалым көрүнүп калса сен эле уят болосуң. Күрөш кандай болорун көрсөтөйүн буларга. Мага бир бышык шым таптыр”.
Төрөбай Кулатов бышык тигилген шым таптырып келиптир. Казак балбаны да узун-туурасы келишкен, айтылуу чоң балбандардын бири экен. Атайы кандагай кийип, кайыш кур курчанып, шымдактай болуп турат дейт.
Зууракан апа: “Кармаша кеткенде эле байкадым, боюнда бош жерлери бар экен”, – деп койчу. Зууракан апаны көп эле көрдүм го, денеси уюган таштай эле. Кишинин колу батчу эмес. Өзү узун бойлуу, чоң сүйлөгөн, адамдын да, эмгектин да алпы болчу. Анан баягы казак жигитти буйдамга келтирбей, жамбашка салып туруп чаап алыптыр. Ал аз келгенсип, мактангандарына ызасы келип калганбы, Зууракан апа башынан да аттап кетиптир. Казактардын башы жерге кире эле түштү дейт. Үн да жок, сөз да жок тунжурап эле калышыптыр. Биз болсо “жыктык” деп казактарча бакылдабай, жымыйып отурабыз дейт. Бир маалда ар жакта ары-кетип бери кетип жатышып, келип кечирим сурашыптыр: “Бизден кетип калды. Зууракан эже, сиз чыкканда эле кол көтөрүп күрөшпөй койсок болмок экен. Бир жагынан аял кишиге теңелген бизди жыгып туура кылдыңыз…Кечирип коюңуз”, – дешиптир. Берки балбан да келип кечирим сураптыр…
“Төрөбай менен ошол кезден бери таанышмын. Экөөбүз баспаган Кремлдин төрү, экөөбүз ичпеген Маскөөнүн тамагы, көрбөгөн, жолукпаган кишибиз калган жок. Сталинди жыйналыштардан далай эле көрбөдүмбү”, – дээр эле Зууракан апа. Эки залкардын сый мамилеси тууралуу алдыда дагы сөз болот.
Кулатовдон жыйналышка билет алганда
1963-жылы күзүндө кыргыздардын Орусияга ыктыярдуу кошулушунун 100 жылдыгына карата Фрунзеде чоң салтанаттуу жыйналыш өтмөй болду. “Эл достугу” – дегенде ал кезде партия тим эле өлүп калчу эмес беле. Ага кошумча Кыргызстан Ленин ордени менен да сыйланып, аны СССРдин Министрлер Советинин Төрагасынын биринчи орун басары, Саясый бюронун мүчөсү Дмитрий Полянский келип тапшырат деп жатышты. Мен анда Сокулуктагы тажрыйба станциясында директор элем. Бир жагынан республиканын саясый турмушуна кызыгып жүргөн маалым. Келсем, опера-балет театры толуп калыптыр. Чакырчуларын мурда эле чакырып коюшуптур. Ушуга кантип эле кирбей калам деп турсам, ошерден бирөө “жанагы Кулатов иштеп аткан жерге барбайсыңарбы, билеттерди ошол жактан бөлүштүрөт” деп калды. Кулатов азыркы Жогорку сот жайгашкан имаратта отурчу. Барсам эшик тоскон бир эле милиция бар экен, жөнүмдү айтсам киргизип жиберди. Иш башкармалыгынын башчысы ак чач, салабаттуу киши экен, ага кайрылсам “эмнеге анчалык киргенге кызыгып жатасың?” – деп сурады. “Жакында ЦКдан чалып биздин станциянын иши тууралуу маалымат сурашып, ушундай жыйналыш болот, докладга кирет дешкен. Ошол кирдиби, жокпу кызыгып жатам”, – дедим.
– Каап, андай болсо менин колуман келбейт. Төрөбай Кулатовичте анча-мынча калгандай болду эле. Өзүң кирип сурап көрбөйсүңбү?
– Ал кишиге кантип кирем?
– Кирип көр, мен жардам берем, – деп киргизип жиберди.
Көз айнек тагынган сүрдүү киши экен Кулатов. Салам бердим, салам алды. – Аа, жигит кел…Келген себебимди айта баштасам:
– Билем… Билем… Мага айтышты…ЦК сурады беле маалыматты?
– Ооба… Андай болсо деп жанагы кишини чакыртып, “бу, балага бир билет таап бергилечи” деди.
Ошентип, ал күнү мындайча айтканда Төрөбай Кулатовдун өзүнөн бир билет таптырып алып бир сүйүндүм. Билет боюнча балкондун чет жагынан орун алып “жыргап” элди карап отурсам, Москвадан келген Полянский докладда менин аты-жөнүмдү, чарбамды, анын көрсөткүчтөрүн айтып жатат. Аябай сүйүндүм. Тааныгандар колумду кысып, ошол күнү дегеле “дердейе” түшпөдүмбү. Кийин ал доклад өзүнчө китеп болуп чыгып, элге таралды.
Кыдырдын колу жумшак болот
Экинчи жолу Төрөбай Кулатовдун колун 1967-жылы кармадым. Ал мындай болгон. Биринчи жолугуштан төрт жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине шайлоолор башталды. Сокулук району чоң район болгондуктан ага 12 депутаттык орун бөлүнүп, экөө сырттан, ону райондун өзүнөн шайланат деген кептер айтылып жатты. Ал кезде республика боюнча депутаттардын саны 350гө жетчү. Мен баягыдай эле тажрыйба станциясынын директорумун. Жашым отуздан отуз бирге карап, жалындап турган убагым. Эч нерсе оюмда жок жүргөн кезимде райкомдун биринчи секретары Анатолий Слюсарев чакыртыптыр. (Кийин ал кишинин ордуна мен баргамын). Бардым. Анан айтып жатат:
– Бизден он кишини көрсөтүп жатабыз. Арасында сенин да талапкерлигиң бар…
Мен деле сөз төркүнүн түшүнө алганым жок.
– Эмне талапкер? Каякка?
– Жогорку Советтин депутаттыгына… Оозум ачылып эле калды. Мындайды күткөн эмес элем. Мен ага чейин Жогорку эмес, айылдык советке да депутат болуп көргөн эмесмин. Болом деген оюмда да жок болчу. Слюсарев:
– Сен муну оозуңдан чыгарба. Аялыңа да, деле жан кишиге айтпа. Кокус оозуңдан чыгып кетсе, бирди жарымы “мен болом деп жүгүрүп жүрөт” – деп тиякка жеткирип койсо, тизмеден чийип коюшат. Биз берген тизмени жогорку жак бекитип, гезитке жарыялангандан кийин гана айта берсең болот. Андыктан азырынча сен уккан жоксуң, мен айткан жокмун…
– Макул…
Чынымды айтсам ошондо аябай толкунданып, бир топко өзүмө келалбай жүрдүм. Көп өтпөй гезитке да депутаттыкка талапкер катары чыгып калдым. Мени тажрыйба станциясынын жамаатынан көрсөтүштү. Бирок, шайлоочулардын саны жетпей Сокулуктагы Ново-Троицк кант заводунун жумушчулары да кошулуптур. Агитациянын арааны жүрүп, эл менен жолугуша баштадым. Ал кезде бир орунга бирден гана талапкер көрсөтүлчү. Кыскасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине депутат болуп шайландым. Ошондон бери туптуура 33 жыл жалаң гана Жогорку Кеңешке депутат болуптурмун.
Баса, жакшылык бир келсе куюшкандашып келет дегендей, ошол жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйландым. Бул сыйлык Маскөөдөн берилчү. Ага чейин орден түгүл мактоо баракчасын алган жан эмес элем. Дагы бир нерсе, ал кезде депутаттарга күбөлүктү Жогорку Кеңештин Президиумунун Төрагасы Төрөбай Кулатов кол коюп, аны өз колу менен бизге тапшырчу. Жогорку Кеңешке барсам “Т.Кулатов азыр жок эле, шашылыш болсоңор орун басары Бусстан алып кетсеңер болот” дешти.
Мен “Кулатовдун өзүнөн алайынчы кийин келип” – деп болбодум. Кийин чакыртканынан барсам, Төрөбай Кулатов келиптир. “Ии, жигит кут болсун” деп күбөлүктү мага тапшырды. Колун алып жатып “баягы сизден келип билет алып кеткен мен элем, төрт жылдан кийин бүгүн да келип колуңузду кармап жатам. Сиздин колуңуз жумшак экен. Ата-энем Кыдырдын колу жумшак болот деп айтышчу”, – деп чын дилимден айттым.
– Кой жигит, мен коммунист эмесминби, антип айтпа деп жатат… Мен болбойм:
– Коммунист болсоңуз деле мага Кыдыр даарыгандай болду окшойт. Мен ошондой сезем сизди” дедим…Ушуга аябай ыраазы болгон. Чыны менен баарыбыз үчүн ал кишинин кадыры өтө зор эле.
Өз киши…
Сокулукта райкомдун биринчи секретары болуп иштеп жаткан кезим. Жай мезгили. Төрөбай Кулатов барат деп калышты. Өзү эле жалгыз келди. Ал кезде өлкө жетекчилери азыркыдай убашып-чубашып, алды-артында МАИ коштоп, “түкүнчө жерде болду, минтип сүйлөдү” дедиртип дүңкүлдөтпөй эле келип калышчу. Кулатовду райондун талаачылыгы менен тааныштыра баштадым. Сокулук районунда орустар, украиндер, немистер дегендей түрдүү улуттун өкүлдөрү көп болчу. Баары саатка ченеп иштеп, закүнчүл келишчү. Бир жерге барсак түшкү тамакка чогулуп жатышкан экен, ошол учурга туш болуп калыптырбыз. “Аа, кара “Волга” минип кайкалап чоңдор келген турбайбы” дешип тегеректеп калышты. Ичимден “ай, эмне деп жиберишер экен?” деп турам. Мен Т.Кулатовду тааныштырып сүйлөй баштадым эле сөзүмдү угуп-укпай башташты анан: “Суу жетишпейт…Бала бакча жетишпейт… Дүкөн жакшы иштебейт… Айлык өз убагында тийбейт…”
(Уландысы бар)