Акыркы жылдардагы инвентаризациялоо боюнча Кыргызстанда 406 таштандылар жайы болсо, анын 107си гана санкцияланган. Мындай жайлар жалпысынан 600 гектар аянтты ээлейт. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча турмуш-тиричилик калдыктарын кайра иштетүүгө багытталган долбоорлор аз эмес. Ошентсе да өлкөбүздүн бардык аймактарында таштанды көйгөйү курч бойдон калууда. Таштандыларды башкаруу, иштетүү, ылгоо боюнча мыйзамдар учур талабына шайкеш келбегендиктен 2021-жылдын 19-мартында калдыктарды башкаруу натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Президент Садыр Жапаровдун “Экологиялык коопсуздукту жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан. Аталган документте өлкөдө “калдыктарды кирешеге” принцибин кеңири ишке ашыруу, калдыктарды кайра иштетүү, утилизация кылуучу ишканаларды ачууну колдоо, аз калдыктуу жана калдыксыз технологияларды киргизүү, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын өз өзүнчө бөлүп чогултуу системасын жайылтуу, өндүрүш калдыктарын чарбалык иштетүүгө колдонуу пландалып жатканы баса белгиленген. Албетте, бул жарлыкка ылайык бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Бирок, азырынча таштандыларды кайра иштетүү боюнча мактануу да эртелик кылат.
Аракет кылсак арты жаман болбойт
Эксперттердин айтымында, таштандыларды ылгоо менен калдыктардын 90 пайызын кайра иштетип, экологияны жакшыртууга зор салым кошууга болот. Тилекке каршы, муну кыргыз коомчулугу азырынча али жакшы аңдап түшүнбөй келебиз. Түшүнсөк дагы ашыкча түйшүк тартып таштандыны ылгап отургубуз келбейт. Анын үстүнө өлкөбүздөгү ири шаарлардын айрым жерлеринде гана болбосо көп айыл, район, жаңы конуштарда темир, айнек, картон, желим таштандылар үчүн өз өзүнчө челектер жасалган эмес. Ошондой эле темирди сыртка чыгарбоого тыюу салынгандыктан учурда өлкө ичинде темир гана дээрлик кайра иштетилип жатат. Мындан сырткары азыр желим бөтөлкөлөрдөн күн коллекторлору, мүшөктөр, суу түтүктөрү, таштек, чака жана башка тиричилик буюмдары чыгарылууда. Ошондой эле алардын басымдуу бөлүгүнөн флекс даярдалып Өзбекстан, Казакстан, Россияга экспорттолуп жатат. Бирок, мындай кайра иштетүүчү ишканалар бардык аймактарда болбогондуктан алыскы райондордо желим, айнек бөтөлкөлөр таштандыларга тынымсыз ыргытылып келет. Ошентсе да картон, кагаз калдыктарын башка катуу калдыктарга салыштырмалуу республиканын көп аймактарында кайра иштете башташканы кубандырат. Ал эми айнек калдыктарга келсек, азырынча аларды кайра иштетүүчү мекемелер бизде саналуу. Алардын алдында элге кеңири таанымал “Интергласс” ишканасы турат. Ошондой эле айнектен курулушка керектүү стеклосетка, стеклоровинг, фиброволокно чыгарган жеке менчик ишканалар да бар. Демек, бизде калдыктарды кайра иштетүү тармагында аздыр-көптүр жылыш бар. Андыктан айыл жерлеринде да таштандыларды ылгоо канчалык пайдалуу экенин элге жеткире түшүндүрүп, аны менен катар таштандыларды кайра иштетүүчү чакан цех, заводдорду ачууга айыл өкмөт башчылары, райондук администрация жетекчилери батыл киришүүлөрү керек.
Ыргыткандан мурун ылгаганды үйрөнсөк
Таштанды демекчи, экологдордун эсеби боюнча Кыргызстанда 2 млрд. 383 млн. тонна тиричилик калдыктары ачык асман астында жатат. Ар жылы таштандыга 1 млн. тонна катуу тиричилик калдыктары ыргытылса, Бишкектин таштанды полигонуна эле суткасына 600 тонннага жакын ар түрдүү таштанды төгүлөт. Техникалык эксперт Азамат Канатовдун ЖМКларга берген маалыматы боюнча ыргытылган таштандылардын көбү ар түрдүү буюмдардын картон, желим, айнек, кагаз таңгактары жана темирлер. “Аларды кайра иштетүү үчүн сөзсүз түрдө ылгоо керек. Себеби, алар ар кандай ыкмалар, технологиялар менен кайра иштетилет” дейт ал. Азамат Канатов айткандай, чынында таштандылардын басымдуу бөлүгү катуу, кайра иштетүүгө жарактуу. Алар тамак-аш калдыктары менен аралаш ыргытылбас үчүн ириде ар бир региондо таштанды ылгоочу, кайра иштетүүчү заводдорду ачуубуз керек эле. Өкүнүчкө карай бул маселе көп жылдардан бери жергиликтүү бийлик органдары, облус жетекчилери, айыл өкмөттөрү тарабынан колдоого алынбай келет.
Билишимче азыр Бишкекте картондун килограммы 7 сомдон, желим бөтөлкөлөрдүн килограммы 20 сомдон алынат. Айыл жерлеринде деле туруктуу бир баа менен кагаз, айнек, картон, пластик калдыктары кабыл алына баштаса саналуу жылдарда натыйжа болмок. Себеби, өзүнүн акча муктаждыгы үчүн деле адамдар, балдар, окуучулар ыргытылган кагаз, желим, айнек калдыктарды чогултуп, айлана-чөйрөнү кыйла тазартып коймок. Ал эми шаарлардагы таштандыларга келсек, элдин экологиялык аң-сезимдүүлүгүн жогорулатуу менен эле баары оң жагына чечиле калбайт. Ар түрдүү урналарды орнотуу менен бирге шаардыктарга таштандыларды ылгоого
стимул беришибиз керек же урнага туура эмес калдык таштаганга атайын айып пул салынышы керек. Себеби, биздин коом качан чыгаша болгондо же киреше таба баштаганда гана бир нерсеге маани берери баарыбызга маалым.
Импорттук товарды да иликтеп алалы
Болжолдуу маалыматтар боюнча азыр Кыргызстанда пластик, металл, кагаз, текстилден, өнөр жай жана органикалык калдыктардан экинчи сырьё иштеп чыккан 80дей завод бар. “Калдыктар – жаңы кирешелер” иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын 9 айында эле Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана Россияга 44 млн. долларлык пластикти кайра иштетүүдөн чыккан сырьё экспорттогон. Адистердин айтымында, Кыргызстандын кайра иштетүү потенциалы жогору, бирок, иш жүзүндө анын көп нюанстары бар. Алсак, пластикти кайра иштетүүчүлөр бардык эле пластик калдыктарды ала беришпейт. Алар калың, кайра иштетүүгө жеңил пластик буюмдарды, бөтөлкөлөрдү гана алышат. Ал эми жука, орунду көп ээлей турган желим, алюминий, калай, темир, кагаз тиричилик калдыктары иштетилбей таштанды жайларында кала берет.
Катуу тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетилбей калышынын дагы бир себеби – сырттан келген товарлардын сыртында кайра иштетүү маркировкасынын көрсөтүлбөгөндүгү. Эске салсак, Кыргызстан курамына кирген ЕАЭБ Бажы биримдигинин “Таңгак коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине ылайык өндүрүүчүлөр өз товарларына кайра иштетүү маркировкасын коюуга милдеттүү. Ал документте “Таңгактарды чогултуу жана кайра колдонууну жеңилдетүү үчүн маркировка таңгак материалы эмнеден жасалгандыгын көрсөткөн маалыматтарды камтышы керек” деп жазылган. Бирок, импорттук товарлардын айрымдарында мындай маркировканын ордуна түшүнүксүз үч бурчтук тартылганын көрсөк болот.
Дагы бир эске алуучу жагдай, импорттук товарлардын дээрлик жарымы кайра иштетүүгө жараксыз таңгактар менен келет. Сырткы көрүнүшүнөн картон, кагаз же желимге окшогон, курамында ар кандай металл кошулмалары бар мындай таңгактарды Кыргызстан эмес, өнүккөн өлкөлөр да кайра иштете алышпайт. Андыктан КРнын Бажы кызматы, Экономика министрлиги бул маселе боюнча да ойлонуулары керек.
Жаш экологдорго колдоо керек
Жогоруда айтканыбыздай, азыр тиричилик калдыктарын кайра иштеткен жеке ишкерлер, уюмдар бизде аз эмес. Алардын бири төрт жылдан бери калдыктарды башкаруу боюнча иш жүргүзүп келе жаткан Tazar коомдук уюму. Аталган уюм шаар тургундарына, компанияларга, мекемелерге кайра иштетилүүчү материалдарды бөлүп чогултуу, аларды кайра иштетүү боюнча тренингдерди өткөрүп, экологиялык билим берүү аркылуу жарандардын керектөө маданиятын өзгөртүүгө далалат кылып келет. Аталган уюм жетекчиси Айнура Сагындын айтымында, Кыргызстанда кайра иштетүү тармагы жакшы өнүкпөгөндүктөн таштанды полигондорунда тиричилик калдыктары абдан көп. “Эгер туура бөлүп чогултууну колго алсак таштандылар кыйла азаймак. Алсак, коңшу Өзбекстанда электр өткөргүчтөрү кайра иштетилсе, Россияда сүттүн картон идиштери кайра иштетилет. А бизде ушул сыяктуу көп материалдар иштетилбей жатат. Ошол себептен биз колдонуучуларга, кайра иштетүүчүлөргө тренингдерди өткөрүп, атайын Tazar App мобилдик тиркемеси аркылуу да иш жүргүзүп жатабыз. Жакында бир долбоор аркылуу экомобил сатып алганбыз. Азыр аны менен кайра иштетилүүчү материалдарды тийиштүү жерлерге жеткирип жатабыз. Негизи биздей болгон коомдук уюмдарга мамлекет да бир аз колдоо көрсөтсө, кайра иштетүүчү заводдорду көбөйтсө абдан жакшы болмок”, – дейт ал. Айнура Сагын айткандай, азыр мындай мекемелер акырындык менен өз ишин жакшыртып келе жатышат. Алсак, Begreen кайра иштетүүчүлөрү ушул тапта өлкө боюнча 530 РЭТ-пластик чогулта турган чоң тор бөтөлкөлөрдү орнотушканы маалым. Ал эми Kirpi экодолбоору Кыргызстандын региондорунда кайра иштетилүүчү калдыктарды чогултуу пнукттарын ачууга жардам берип, пластиктен көчө скамейкаларын чыгарып келе жатат. Кызыгы, ушундай экодолбоорлорду ишке ашырып, экологиялык уюмдарды түзүп жаткандар ири бизнеси бар ишкерлер эмес катардагы эле кыргыз жаштары.
Талаада калган таштанды реформасы
Бишкек шаарынын кайра иштетилбеген, иргелбеген тиричилик калдыктары көп жылдардан бери Алтын-Казык жаңы конушунун жанындагы шаардык таштанды полигонуна төгүлөт. 1978-жылы курулган бул полигон кеңейип отуруп акыркы жылдарда 30 гектардан ашык аянтка жайылып кеткен эле. Бул таштанды жайын толук рекультивациялап, заманбап таштанды полигонун жана таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу үчүн Кыргызстан ЕРӨБдөн 22 млн. евро алган. Анын жарымы грант болсо, жарымы кредит. Он жылдан бери ар бир жаңы мэр бул ишти аягына чыгарам убадасын айтып, бирок, ушул күнгө чейин бул иш аягына чыкпай турат. 2022-жылы экс-мэр Эмилбек Абдыкадыров таштанды полигону маселесин толук чечерин убада кылып, кийинки жылы таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна капсула салынарына элди ишендирген. Бүгүнкү күндө шаардык таштанды полигонунун 80 пайызы рекультивацияланып, калган пайызы сыздооктун оозундай дагы деле бүтөлбөй түтөп турат. Ал жерге азыр да жүздөгөн тонна кайра иштетүүгө жарактуу тиричилик калдыктары тамак-аш, ар кандай химиялык, органикалык калдыктар менен аралаш төгүлүп жатат. ЖМКларда болсо Эсептөө палатасы, Жогорку Кеңеш комиссиясы жана 22 млн. евро боюнча төрт кылмыш ишин козгогон прокуратура алынган кредит, гранттын акчасы кайда жумшалганын иликтеп жатканы айтылууда. Кыскасы, он жыл мурун башталган таштанды реформасы минтип арабөк жолдо турат.
Мелис Совет уулу, «Кыргыз Туусу»