whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыздар кыргыз болбой калабызбы...

Кыргыздар кыргыз болбой калабызбы…

31-август – Эгемендүүлүк күнүнө жана 14-октябрь Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата үн кошуу

Бүтүндөй Грециянын абийири, адамзатты акыл-эске багыттаган улуу ойчул Сократтан бери дүйнө канча өзгөрдү… Кыйла акылмандыгы үчүн аны көрө албаган замандаштары көзүн тазалап тынышкан. Бул дүйнөнүн айыкпас бир дартына айланган көралбастык азыркыга чейин өкүм сүрүп, канчалаган асылдардын башын жутту, аттиң…

Бул дүйнөдөн Сократ сындуу кыргыздын улуу ойчулдары да өткөн. Алардын акылына кулак салып, айтканын жасагандар алдын ала болуучу ар кандай кырсык-балээлерден оолак болушкан. Ал эми Калыгул, Арстанбек өңдүү даанышман, ойчул, олуя аталарыбыз ошол кезде эле бүгүнкү биз жашап жаткан заманды таасын көрө билген экен. Алардан берки замандашыбыз, залкар жазуучубуз, мүлдө кыргыздын сыймыгы Чыңгыз Айтматов “маңкурт” сөзүн киргизүү менен, маңкуртчулук бүткүл адамзатты каптап баратканын дүйнө элине жакшы эле коңгуроо кылып какпадыбы. Адам баласынын башына төөнүн жаңы сыйрылган терисин каптаганда ал  кургаган сайын башты кысып олтуруп эс-тутумду өчүрүп, адам баласы маңкуртка айланат эмеспи. Чыңгыз ага маңкурттар керек болсо жан бүткөндүн баарынан акыл-эси менен айырмаланган адам аттууга эң ыйык делген өз энесин да өлтүрүүгө барарын таасын сүрөттөп бербедиби…

Быйыл мына кыргыз тарыхында опол тоодой орду бар Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленүүдө. Тарыхка сереп салсак, журт аталарыбыздын өз алдынча мамлекет түптөөгө болгон аракеттерине ошол көралбастар, ошол маңкурттар бут тосушканы маалым. Андай саткындардын арам ойлоруна карабай акыры автономдуу облус түзүүгө жетишкен ата-бабаларыбыздан мурас калган Ата Мекенди, элди-жерди көздүн карегиндей сактап, алардын осуяттарын аткарышыбыз керек. Бул өңүттө бүгүнкү бийлик Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 100 ири өнөр жай объектисин жана 100 социалдык объектини курууну мерчемдеп, ата-бабалардын урматына четинен ишке киргизип келатканын, акыйкаттык үчүн айтып коёлу.

Ошону менен катар коомубузда бир топ өзгөрүүлөр болуп атканын айрыкча шаардыктар байкап, баамдап эле атышат. Эргулдар эсебин таап мыйзамдаштырып кеткен имараттардын баарын мамлекетке кайтарып, өкүмзордукка, бийлигине, байлыгына таянып, адам баса турган тротуарга чейин чыгып алган бизнес жайларын эч нерсеге карабай түрттүрүп, опсуз иштер жөнгө салынып жатканына баары күбө. Чынды чын, болгонду болгон деп эле айтышыбыз керек. Ошентсе да азыркы замандын адамдарынын түрү башка. Баары материалдык байлыкка басым жасап, руханий баалуулуктар экинчи, үчүнчү, төртүнчү планга сүрүлүп барат. Бул руханий коопсуздугубузга кагылган коңгуроо эмей эмне? Муну биз өңдүү чачы агарып, карыялык касиет келген аксакалдар айтпасак ким айтат да, ким сурайт…

Жумушка байланыштуу ар кыл кесип ээлери менен баарлашып, кечинде олтуруп ой калчап, талкууга түшкөн маселелерди бир сыйра чууртуп, талдоодон өткөрүү адатка айланат экен. Айрыкча, жаш өйдөлөгөн сайын. Жалпы жонунан өнүгүү жолуна  түшкөнүбүз менен кыргыздарбы же жалпы эле адам баласыбы, айтор, руханий жактан деградацияга чөмүлүп баратканыбызды байкап селт эте чочуй, эрдимди кырча тиштеген учурларым арбыды. Бул менин көөдөнүмдү эзип, көкүрөгүмө бук болуп толуп бараткандай…

Бир элдин рухий дөөлөттөрүн, баалуулуктарын жок кылуу менен ошол элди, эли менен кошо килейген бир мамлекетти тарых айдыңынан сүрүп чыгарып коюу мүмкүн экенине толук көзүм жетти. Кайда баратабыз, кантип баратабыз, максатыбыз эмне деген соболдор азыркы заманда көпчүлүк адамдарды дегеле ойлонтпой калган көрүнөт. Сөздүн кадыры, жүрүм-турум этикасы, улуу-кичүүнүн орду, үй-бүлө институтунун баалуулугу сыяктуу маселелер экинчи планга сүрүлүп, кантип баюу керек, колунда токочу бар бала сүймөнчүктүү дегендей акчасы менен бийлиги барлардын ичи-коюнуна кирүү, каяша пикир айткандарды каралоо, динге ашкере фанатизм, эне тилди чануу сыяктуу жийиркеничтүү көрүнүштөр кадыресе бир адатка айланып барат.  Илгери элди агартуу жаатында тармактык министрликтерден сырткары, жазуучулар, өнөр адамдары, маданий ишмерлер коом жашоосунда кандайдыр бир жат көрүнүштөр орун алып калса эле коңгуроо кагып чыга калышчу, бүгүнкү күндө алардын бары-жогу билинбейт…

Ооба, бул теманы жеке эле мен айгайлап көтөрүп чыга калганым жок. Буга чейин да далай айтылган. Ошентсе да, көзүм менен көрүп турган көрпенделикти, кайдыгерликти, карөзгөйлүктү көз жуумп өтө албай, коңгуроо болгой эле, элдин аң-сезимине жеткей эле, бийлик өкүлдөрү маани бергей эле деген үмүттө руханий коопсуздукту алдын-ала камсыздайлы деген максат менен айтып жаткандагы далалатым.

Шакем (акын Шайлообек Дүйшеев) какшаган кайдыгерлик тимеле дооранын сүрүп жаткандай. Болбосо, бар дөөлөтүбүз “Манас” эпосу улак тарткандай болуп, ар жак-бер жагынан өз пайдасына жыра тарта бурмаланып жатса, айрымдар “ширк” деп эле жакасын кармап, кыргыздын каада-салт, адат-нарктарын четинен чанып, жокко чыгарып жатса, ал арада ыйык жайларыбыз – мазарларыбыз эмнегедир башка бир өлкөлөр тарабынан каржылаган уюмдар аркылуу корукка алынып жатса, атүгүл мектептердеги окуу китептерибиз башка өлкөлөрдүн колдоосу менен басылып жатса (аларда ошол өлкөнүн кызыкчылыктары эске алынбаганына ким кепилдик берет), бул тармактарды тейлеген адистерибиз көп нерсени аңдабай жүргөндүгү, интеллигенция өкүлдөрүбүздүн билмексен-көрмөксөн болгону көөдөндү көзөп, калем алууга мажбурлап келет.

Ал ал болсун дейин десең, турмушубузга туурадан кирип эле жашообуздун бир бөлүгүнө айланып калган жаңы технологияларга: “Вотсап”, “Телеграмм”, “Инстаграм”, “Тик-ток” жана башка, азыркы тил менен айтканда, гаджеттерге эмчек сураган ымыркайлардан тарта бата берер кары-картаңдарыбызга чейин байландык да калдык. Ченин билип пайдалана албагандарга пайдасынан зыяны көп бул гаджет дегениң адамдын аң-сезимин кызылдай эле жууп жатканын деле баарыбыз айтып да, какшап да жатабыз. Анткен менен өзүбүз баш болуп, баңгизатка көз каранды болгон наркомандар сыяктуу эле бул гаджеттерге канча сааттаган убактыларыбызды коротуп баш-отубуз менен кирип кеттик. Жада калса, бир үй-бүлө болуп баарлашып-сүйлөшүп, жаңылык айтышып чай ичкенден калдык. “Алё” деп бир туугандын үнүн укканча телефон чалып сурагандан калдык. Мектеп окуучулары билим алуу үчүн маалыматты дал ушул жалгыз көздүү интернеттен издейм деген өзүн-өзү алдоо сезими менен алар да арбалып, зомбиге айланып бараткандай. Интернеттен маалымат алууга караганда, китеп окуп маалымат алуунун алда канча пайдалуу экенин окумуштуулар айтып да, жазып да, какшап да келатышат. Майнап жок… Жаңы технологиялардын атасы делген Цукерберг, Бил Гейтс жана башкалар балдарына телефонду саналуу саатка гана берерин окуп-билип эле жатабыз, бирок ошого маани берип, ошондон сабак алып, тыйылалы, тыялы деген адам жок. Бийлик башка өлкөлөргө абай салып, пайда-зыянын электен өткөрүп, гаджеттердин айрымдарын тыялы, чектейли десе, 30 жыл ээн ооз сүйлөп көнүп алган жаныбыз, ага да ээ-жаа бербей, билгенибиз-билбегенибиз деле “биздин укугубузду чектеп атат” деп кокуйлап чыктык. Бизди ушул түшүнүп-түшүнбөй эле укугубузду коргойбуз деп аңылдап чыккан бейжай ээн ооздугубуз акыры барып, аңга түртпөсө болду. Дал ушул осолдугубузду кызыкдар тараптар пайдаланып, оңкобуздан сайбаса болду…

Мына ушинтип жардын кырына келип турганда, башыбызды бир силкип, элибиздин, коомубуздун, жалпы эле мамлекетибиздин коопсуздугун талкуулап, эсибиз барда этегибизди жабууга кадам таштоо бүгүнкү күндө аба-суудай зарылчылык болуп турат!!!

Ооба, кээде олтуруп, залкарлар Түкөм (Т.Сыдыкбеков), Чыкем (Ч.Айтматов), Казакем (К.Акматов) өңдүү элди ээрчиткен, келечекти көрө билген улуттун каймактарынын көзү өтүп кетип, жардан ары кулаарыбызга аз калып, баары кеч болуп калгандан кийин, мага окшогон чабалдар жөн эле жиниккен аттай ары-бери беймаксат чуркап жүргөн жокпузбу деген дагы ойлор келет…

Мен “Кытай-Кыргызстан” биримдигинин төрагасы катары байкасам, бизден кытайлык кыргыздар кыргыз тилинде таза сүйлөйбү деген ойго келем. Англис тилдүүлөрдүн “окей”, орустардын “да” деген сөздөрүн төл сөзүбүздөй эле колдонуп калдык. Бул эми чети гана, тизмектеп санай берсең тилге күйгөн патриоттордун анча-мынчасынын башына кан куюлуп кетиши мүмкүн. Тилибизге ар тараптан коңгуроо кагылганы менен англис, француз, немис тилдерин жакшы өздөштүргөн кыргыздар эмнегедир өз эне тилинде чабал сүйлөгөн боюнча калып жатканы өкүндүрөт…Кытайлык кыргыз боордошубуз Айбулак Жумактын Өзбекстанды мисал келтирип, “кыргыздар кыргыз болбой калыптыр…” дегенине айла жок макул болосуң. “Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” дегендей, жогоруда айла жоктон айткан кептеримди менин атуулдук парзым, абийирим сүйлөтүп жатат.

Элдин мамлекетке, мамлекеттин элге болгон мамилесин, идеологияны, экономикалык коопсуздуктан баштап эс-тутумга чейин баарын чогуу кароо зарылдыгынан улам, жандүйнөмдө болуп жаткан бороон-чапкынды ортого салып олтурам. Татыктуу улуттун өкүлү болуу ар бир кыргыздын өзүнөн башталат. Ар бирибиз балдарыбыздын келечеги, эртеңи десек, алардын ата-бабаларындай эр жүрөк, акылман, ар кандай шартка даяр, тарых-таржымалын сыйлаган, ар нерсеге жөндөмдүү адам болуп чыгышын чындап кааласак, руханий коопсуздукту алдын алуу менен, улуттук баалуулуктарыбызды кийинки муунга эстафета кылып өткөрүп берүүбүз кажет! Анте албасак, ары жагын айтмак турсун, элестетүү да кыйын болуп калат…

Медет БУКУЕВ,
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар